Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Париж Олимп оюндары: Петрашов 23-орунду алды


Денис Петрашов. Архивдик сүрөт.
Денис Петрашов. Архивдик сүрөт.

Париж Олимп оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов 27-июлда жарышка чыгып, 23-орунду ээледи. Ал эркектер арасында 100 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыгып, өзүнүн тобундагы сегиз суучулдун акыркысы болуп келди (1 мүнөт 0,42 секунд). Бул жыйынтык менен жарым финалга чыкпай калды. Бул аралыктагы жарышка 36 спортчу чыгып, алардын 16сы жарым финалга өттү. Петрашов эми 30-июлда 200 метрге брасс стилинде жарышка чыгат.

Жайкы Олимпиада оюндарындагы эң популярдуу спорттун бул түрү боюнча Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барды. World Aquatics уюмунун билдиришинче, 463чү эркек, 391и аял. Жалпысынан 35 категорияда мелдештер өтүп, 35 комплект медал ойнотулат.

Петрашов Олимпиада оюндарына үчүнчү жолу катышты. Ал Токио Олимпиадасында 200 метрге жана 100 метрге брасс стилинде жарыштарга катышкан. Париж Олимпиадасына 100 метрге жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө жолдомо уткан.

Токиодогу Олимп оюндарында Петрашов 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө мара сызыгына 1 мүнөт 00.23 секундда келип, 27-орунду ээлеген.

Дагы бир кыргызстандык суучул Елизавета Печерских 3-августа аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мелдешке катышат.

Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат. Бул шаарда Олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.

Кыргызстандан бул олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат.

XS
SM
MD
LG