Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Пакистанда диниятчылар жанкечтиликти айыптаган фатва чыгарды


Кветта шаары террордук чабуулдан кийин. 09.1.2018.
Кветта шаары террордук чабуулдан кийин. 09.1.2018.

Пакистандагы эки миңдей диниятчы жанкечтилик исламга жатпайт деген фатва чыгарды. Өлкөдө соңку жылдары талип жоочулары жана "Ислам мамлекети" экстремист уюмунун согушкерлери ишке ашырган жанкечтилердин кол салуулары кескин көбөйгөн. Мындай фатва теракттарды азайтууга канчалык таасир эте алат?

Пакистанда исламдын түрдүү агымдарынын өкүлдөрү, бардыгы болуп 1800дөн ашуун диниятчы, жанкечтилердин жардырууларын “арам”, ислам принциптерине төп келбеген көрүнүш деп жарыялашты.

Сөз болгон фатва мамлекеттик Эл аралык Ислам университети чыгарган китепке жарыяланды. Пакистандын президенти Мамнун Хусайин китепке “бул фатва - байистүү ислам коомунун туруктуулугуна бекем пайдубал болуп бере алат” деп жазды.

Пакистандык журналист Дауд Хаттак фатва кайсы бир деңгээлде исламдын атынан жасалган террорчул үгүттү токтотууга салым кошот деп ишенет:

- Куралдуу жаңжалдарга катышып жаткан жоочуларга бул фатва анча таасир этпейт деп ойлойм. Бирок талип согушкерлерине жан тартышы же алар тарабынан жалданышы мүмкүн деген адамдар, мисалы университет студенттери “бул жаман турбайбы, андайга барбаш керек экен” деп ойлонуп калышаар. Же айталы, ата-энелер 1800 диниятчы жанкечтиликти "арам" деп атса, балам эмне үчүн талиптердин катарында согушуусу керек деп күмөн санап калышы бардыр. Кыскасы, шаар-кыштактарда жашаган, мечитке намазга барган кишилерге фатва таасири болушу ыктымал.

Пакистандагы исламчыл делген жоочулар жылдар бою жанкечтилерди шариятты орнотууну максат кылган ыйык согуштагы “шейиттер” деп атап келишет.

Расмий маалыматтарга караганда, 2013-2017-жылдар аралыгында ар кыл теракттар Пакистанда 70 миңдей бейкүнөө кишинин өмүрүн алып кетти.

Пакистан.
Пакистан.

Жанкечти кол салган акыркы мисалды ала турган болсок, бир нече күн мурун Кветта шаарында болгон жардыруудан жети киши набыт кетти, 23 киши жарадар болду.

Жанкечти өзүн полиция унаасынын жанында жардырып жиберген. Окуя Балучистан чөлкөмүнүн парламенти жана башка өкмөттүк имараттар жайгашкан райондо болгон. Өлгөндөрдүн бешөө полиция кызматкерлери.

Өткөн айда болсо Пакистандын түштүк чыгышында христиандардын чиркөөсүндө жанкечтинин жардыруусунан тогуз киши өлгөн. Ал теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өзүнө алган.

Чет өлкөлүк жана ички сынчылар Пакистандын өкмөтү жана коопсуздук күчтөрү Ооганстан жана Индиядагы аскерий макстаттарына жетүү үчүн жоочулар менен тымызын кызматташат деп күнөөлөшөт. Асыресе, мечиттердеги айрым радикал молдолор көпкө чейин көз жаздымда калып келгенин алар жүйө катары келтиришет.

Жакында эле Вашингтон Исламабад кошуна Ооганстандагы согушкерлерге өз аймагында башпаанек берип жатат жана террорчуларга каршы жетиштүү чара көрбөй келет деп сындап, аскерий тармактагы миллиарддаган доллардык жардамын кыскартты.

Пакистан бийликтери мындай айыптоолорду четке кагып, жанкечтилердин кол салууларын айыпташканы менен, козголоңчулар бул жанкечтилик тактиканы эң натыйжалуу курал деп эсептешет.

Журналист Хаттак өзгөчө элет жериндеги билимсиз калк молдолордун айткандарына кулак салып, катуу ишенишет, бирок ошол диниятчыларын арасында талиптик кыймылды колдогондор да жок эмес деп белгилейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG