Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

АКШ Пакистанга жардамын токтотту


АКШга каршы Пешавар шаарында өткөн митинг. 5-январь, 2018-жыл
АКШга каршы Пешавар шаарында өткөн митинг. 5-январь, 2018-жыл

Ортодогу кайым айтышуу кайра күчөгөн учурда АКШ Пакистанга убада кылган жүз миллиондогон доллар жардамын токтотту. Муну АКШ Исламабад террорчуларга колдоо көрсөтүп жатат деп негиздеп, аларга каршы күрөштү күчөтмөйүн тыйын бөлбөсүн баса белгиледи.

Карачи шаарында 2-январда митинг өтүп, андагылар “Американын достору, Трамптын достору саткындар” деп кыйкырып, Кошмо Штаттарынын желегин өрттөшкөн. Анда ондогон элди көчөгө “Жамаат уд-Дава” тобу чогулткан. Мурда “Лашкаре-Тайба” деп аталган бул топ Орусия, Евробиримдик, АКШ жана Пакистандын өзүндө террордук деп табылып, тыюу салынганы белгилүү. Бирок алар Карачиде, Лахордо ээн-эркин эле митинг өткөрүп, АКШ президентинин билдирүүсүнө кескин каршылык билдиришкен.

АКШ террорчу деп табылган башка “Талибан”, “Хаккани түйүнү” топтору менен күрөшүүгө да Пакистан көмөктөшпөй жатат деп эсептейт.

Бул митингден бир күн мурда, жаңы жылдагы биринчи билдирүүсүндө Дональд Трамп АКШ Ооганстанда сары изине түшкөн террорчуларга коңшусу Пакистан башкалка берүүдө деп айыптаган. Алар кайра Ооганстанга кирип келип, теракттарды уюштурууда дейт Америка бийлиги.

Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

Ушундан улам Трамп акыркы 15 жылда Пакистанга беришкен 33 млрд долларынын калптан башка кайрымы болбоду деп кейиген.

Президентинин билдирүүсүн улай АКШнын Улуттар Уюмундагы өкүлү Никки Хейли да курал сатып алуу үчүн убада кылынган 255 млн доллар да берилбесин билдирген. Ага улай эле Пакистанга 48 саат ичинде "өзгөчө чара” көрүлөрүн эскерткен.

4-январда болсо Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт мындай кабар таратты:

- Ооган талиптери жана “Хаккани түйүнү” аймакка башаламандык салып, америкалыктарды бутага алып жатат. Аларга каршы Пакистан өкмөтү чечкиндүү чара көрмөйүнчө Кошмо Штаттары Пакистанга коопсуздук жаатындагы жардамын токтотот.

АКШ өкмөтү мунусу кеминде 900 млн доллар экенин билдирүүдө.

Ошол эле маалда Ак үй коопсуздуктан башка жардамы, маселен, гуманитардык көмөгү улана берерин кошумчалады. Бул чечим дагы Пакистанда нааразылык митингдери менен коштолду.

Намыс үчүн көз карандылыктан арылуу талабы

Пакистан болсо эки жээкке ойноп жатат деген Американын сынын четке кагат. Өкмөт башчынын кеңсеси сынды “жөнсүз” дейт. Улуттук коопсуздук комитети АКШ Ооганстандагы талиптерди 16 жылдан бери жеңе албагандыктан Пакистанга асылып жатат деп каяша кылган. Коргоо министрлиги болсо терроризм менен күрөштө көмөк көрсөтүп келе жатканын тизмектеген.

Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы, азыр да өлкөдө таасири күч Наваз Шариф да үн катып, аймакта терроризмдин “бели сынганын”, буга Исламабаддын да салымы болгонун эске алды. Ал өзүнөн кийинки жетекчиге да кайрылды:

- Премьер-министр Шахид Хакан Аббасиге айтар элем, намысыбызга ушинтип шек жаралбашы үчүн америкалыктардын жардамы керек болбогондой саясат иштеп чыгыңыз.

Наваз Шариф.
Наваз Шариф.

АКШ баштаган коалициянын Ооганстандагы террор топторуна каршы күрөшү 2001-жылы башталган. 2014-жылдан тарта ооган өкмөттүк күчтөрү өз коопсуздугун өзү көзөмөлдөмөй болуп, коалициянын аскерлери кескин азайтылган. Калган бөлүктөр жергиликтүү аскерлерди машыктыруу менен алектенет. Бирок соңку эки жылда талиптер ооган өкмөтүнө каршы чабуулдарын күчөтүп, өлкөнүн дээрлик 40 пайызын өз көзөмөлүнө алганы кабарланган.

Талиптердин чабуулдарынан, жардырууларынан былтыр ондогон жоокер, карапайым адамдар мерт болушту. Ошондон соң президент Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегияны жарыялап, андагы аскеринин санын дагы үч миңге көбөйткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG