Эпидемиологиялык кырдаал кескин күчөгөнүнө байланыштуу өзгөчө абал киргизүү демилгеси көтөрүлдү.
Ошол эле кезде башкалар да карантин киргизилсе, экономика чоң жоготууларга кабыларын эскертүүдө. Жыл башындагы өзгөчө абал режиминен бюджеттин бештен бир бөлүгү кемиген.
Жаңы талаптар
Коронавируска кабылгандардын саны күн алыс жаңы рекорддорду чапчып жатканда өкмөттөн чечкиндүү аракеттерди талап кылгандар арбыды.
Саясий жана коомдук ишмерлердин, анын ичинде социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында Кыргызстанда кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүүнү талап кылгандар болду.
Алардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев коменданттык саатсыз өзгөчө абал киргизүү керектигин билдирди.
«Өзгөчө абал киргизүүнүн максаты – алдыда боло турган парламенттик шайлоону кырдаал тынчыганга чейин, бир-эки айга жылдыра туруу. «Өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» мыйзамында комендатурасыз, коменданттык саатсыз да өзгөчө абал режимин киргизсе болот деп жазылып турат. Бизнес иштей берет, экономика токтобойт. Блокпост койбой деле карантин кылса болот. Бирок элди чогултуу аракеттери толук буулат. Августтун башында партиялар курултай өткөрүп, үгүт өнөктүгүнө кирише баштайт. Элди чогултуу кайра чоң кесепеттерге алып келет», - деди эл өкүлү.
Өзгөчө абал режими аркылуу парламенттик шайлоону жылдыра турууну башка депутаттар Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Мирлан Жээнчороев да кубатташты.
Алар Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакыруу талабын коюшту. Парламенттин басма сөз кызматы бул үчүн депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн кайрылуусу зарыл болорун билдирди.
13-июлда Бишкекте «Жарандык активисттер альянсы» деген кыймыл «Шайлоого жол жок!» аттуу акция өткөрүп, «эл согуш учурундагыдай өлүп жатканын, өзгөчө абал киргизип, шайлоону кийинкиге жылдырууну» талап кылышты. Митинг милициянын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учурады.
Өзгөчө абал киргизүүнү экс-депутат Исхак Масалиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, активист Нурбек Муктар жана башкалар да жактап жатышат.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тарта токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.
Айрымдар жазда киргизилген өзгөчө абал режими деле өзүн актабаганын айтып, аны кайра жандантуу зарылдыгы болсо конкреттүү план иштеп чыгыш керек деп эсептешет.
«Евразия» стратегиялык демилгелер агенттигинин президенти Алибек Мукамбаев буларга токтолду.
«Биринчи жолу өзгөчө абал киргизишкенде эч ким эч нерсеге даярдык көргөн жок. Комендатура шаарларды, жолду, имараттарды жапканы эле болбосо Саламаттык сактоо министрлиги кошумча бейтапканаларды куруу, дары-дармектерди даярдаган жок. Жыйынтыгында эки ай жөн эле камалып жатканыбызды түшүндүк.
Режимди кайра киргизсек да ушундай болуп калбаш үчүн атайын план болуш керек. Өкмөт демилгени колго алса ал планды ачык жарыялап, анын аткарылышы боюнча отчет кылышы зарыл. Анда биринчи кезекте ошол эле кошумча орундарды даярдоо, дары-дармектерди чет жактан сатып алып келүү, баары ачылган учурда калкка финансылык жана азык-түлүктөн кандай жардам болот ушуга окшогон маселелерди тактап жазыш керек. Ошонун баарын аткара алабы? Мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетеби? Ал да өзүнчө маселе», - деди Мукамбаев.
«Экономикага дагы бир сокку болот»
Ошол эле кезде кайрадан карантин киргизүүгө караманча каршы чыккандар да арбын. Бул топтун ичинде да саясий жана экономикалык ишмерлер, эксперттер бар.
Маселен «Фейсбук» социалдык түйүндө активист Максат Чакиев «элге азыр өзгөчө абал эмес, оорукана, дарыгер жана дары-дармек керек экенин» жазса, адвокат Канат Хасанов «жалпы карантин ооругандардын санын кайрадан көбөйтүп жибериши мүмкүн» деген пикирин калтырды.
Өзгөчө абалды жандандыруу идеясын саламаттык сактоо боюнча эксперт Бурул Макенбаева, активист Нурсултан Алтыбаев жана башкалар сындап жатышат.
Каршылыктарда да негиз бар. Жазда чек аралардын жабылышынан жана өзгөчө абалдын киргизилишинен улам кыргыз экономикасы чоң соккуга кабылган. Маселен беш айдын жыйынтыгында Кыргызстандын ички дүң өнүмү 5,3% артка кетсе, тышкы соода жүгүртүү 22,7% кыскарды. Бюджетте кеминде 30 млрд. сомдук дефицит пайда болду.
Март, апрель, май айларында жабык отургандын кесепети али жыл жыйынтыгына да таасир этчүдөй болуп турат. Эгер дагы өзгөчө абал режими киргизилсе, ал залака дагы көбөйүшү ыктымал.
«Өзгөчө абалды эми эмне максатта киргизишет? Сырттан дагы 600 миллион доллар карыз алуу үчүнбү? Азыр жалпы карантин киргизүүнүн мааниси жок. Өзгөчө абал киргизилсе, экономика эми таптакыр кыйрап калат. Азыр 5% артка кетүү болсо, эми 20% чейин төмөндөп кетиши мүмкүн. Ишкерлер жабылат, эл өзүн бага албай калат. Калкка мамлекет да жардам бере албай калат, анткени бюджет топтолбойт.
Коронавирус эки-үч жылга созулушу мүмкүн, калктын 60% чейин оорушу ыктымал деген болжол болуп жатат. Анда эмне эки-үч жыл өзгөчө абалда жата бермек белек? Андан көрө экономиканы тыйбай, медицинаны жакшы уюштуруп, дарылоону жолго коюш керек, аярлуу катмардагы жарандарга жардам берип, дары-дармекти жетиштүү камсыздоо зарыл. Башка мамлекеттер ошондой кылып жатышпайбы», - деди экономист Мейманбек Абдылдаев.
Башка өлкөлөр демекчи, коңшу Казакстанда 15-мартта киргизилген өзгөчө абал 11-майда кайра алынган. Кырдаал курчуп кеткенден улам июнь айынын башында кайрадан карантин киргизилип, июль айынын соңуна чейин узартылды. Өзбекстан да мурдатан кармап келаткан карантин режимин июлдун башында катаалдатты.
Коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөрдү киргизүүнү демилгелегендер да ушул эки коңшунун мисалын көбүрөөк тартып жатышат.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 6-июлда өлкөдө өзгөчө абал киргизүү карала электигин билдирген. Ушундай эле позицияны жаңы өкмөт башчы Кубатбек Боронов да брифингдерде бир нече жолу айткандай болду. Премьер-министр өз сөзүндө «өзгөчө абал жагдай өтө начарлап кеткен учурдагы акыркы чара болорун» маалымдаган.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов маселе тууралуу министрлер кабинетинин позициясын мындайча билдирди.
«Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө катуу чара киргизүүгө байланыштуу өз пикирин билдирген. Бул маселе азыр күн тартипте жок. Менимче ал жакын арада каралбайт», - деди ал.
Коңшулардын ичинен Тажикстанда жалпы карантин киргизилген жок. Бул өлкө ал тургай ооругандар катталып жатканына карабай коронавирус илдети бар экенин апрелдин аягында гана мойнуна алган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.