Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:28

Ош: АШКнын чечими талкуу жаратты


Ош шаарындагы шайлоо участокторунун бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош шаарындагы шайлоо участокторунун бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Ошто мурдагы шайлоодо мыйзам бузганы айтылган төрт, жаңы катышып жаткан партиялардын эки талапкери тизмеге киргизилген жок. Андан сырткары Ош шаардык кеңешине шайлоого аттанган партиялардын бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак кармоо үзгүлтүккө учурады.

20-июнда Ош шаардык шайлоо комиссиясы шайлоого катыша турган тогуз партиянын 76 талапкерин шайлоодон четтетүү чечимин чыгарган. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушубак Ныязбеков чечимдин себебин минтип түшүндүрдү:

"763 талапкер тогуз партиядан катталган. Анын ичинен 76 талапкердин документтери толук болбой жана башка ар кандай себептер менен шайлоодон четтетилди. 76 талапкердин ичинен мурунку шайлоодо мыйзам бузганы үчүн 14 талапкер тизмеден чыгарылды".

АШКнын өзгөргөн чечими

Ныязбеков жогорудагы 14 талапкердин аты-жөнү расмий жарыяланарын билдирген. Төрага 21-июнда бир күн мурун берген маалыматын оңдоп, шайлоодон четтетилгендердин саны өзгөргөнүн айтты.

Анын билдиришинче, 76 талапкердин алтоо кайра катышууга мүмкүнчүлүк алып, мурдагы шайлоодо мыйзам бузганы айтылган 14 талапкердин ичинен 10 кишиге кайра шайлоого катышууга уруксат берилген. Башкача айтканда, төрт адамга шайлоого катышууга тыюу салынган. Ал эми жаңы партиялардан катталган эки талапкер да мыйзамсыз аракеттери үчүн тизмеден чыгарылган.

"Бул жерде биз биринчи 14 деп жазган элек. Ага соттон "соттолду, же иш козголду" деп чечим чыгышы керек экен. Андай жок болгондуктан 10 талапкерди кайра тизмеге коштук. Төртөө тизмеден чыгарылган боюнча калды. Калганы боюнча укук коргоо органдарына кат жөнөттүк", — деди Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушубак Ныязбеков.

Шайлоодон кийинки нааразычылык акциясы.
Шайлоодон кийинки нааразычылык акциясы.

Үзгүлтүккө учураган чүчү кулак

Ош шаардык кеңешине шайлоого бараткан партиялардын бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак кармоо үзгүлтүккө учурады. Андан сырткары партиялар арасында КТРК менен ЭлТРдеги эфирдин убактысы дагы бөлүштүрүлбөй калды.

Буга "Улуу-Журт", "Улуттар Биримдиги", "Бир-Бол", "Бүтүн-Кыргызстан" жана "Келечек-Будущее" партияларынын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын акыркы токтомуна каршы чыкканы негиз болду.

"Улуу-Журттун" төрагасы Мирлан Орозбаев окуя боюнча мындай деди:

"Чүчү кулак тартууга кворум болбой башка күнгө жылды. Ага Ош аймактык шайлоо комиссиясынын отурумунда 18 талапкерди шайлоодон четтеттүү тууралуу токтомунун жокко чыгарылышы негиз болду. Ошол себептен биз БШКнын төрайымына кат жолдодук. Биз АШКнын токтомунун жокко чыгышына макул эмеспиз. Ошондуктан чүчү кулак кармоо болбой калды".

Мурунку шайлоодо мыйзам бузгандар

АШК шайлоо мыйзамдарын бузуп, бир дарекке бир нече кишини каттоого алганы үчүн деп тизмеден алып салган талапкерлер жөнүндө Боршайкомдун сайтынан төмөндөгү маалыматтарды таптык:

Бактыяр Турсунбаев — "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясында №9 катарда катталып, акыркы төрт жылда Сулайман-Тоо аймактык муниципалдык башкармалыгында иштеген.

Айчүрөк Карабаева — "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясында №42 катарда катталып, 2019-жылдан бери "Полипласт" жоопкерчилиги чектелген коомунун эсепчиси деп көрсөтүлгөн.

Жазгүл Нурмаилова — "Улуттар Биримдиги" партиясында №57 катарда катталып, Ош мамлекеттик университетинин География жана жаратылышты пайдалануу факультетинде 2016-жылдан бери методист болуп иштери жазылган.

Кубанычбек Жээнбаев — "Улуттар Биримдиги" партиясында №64 катарда катталып, "Балдар Келечеги" жоопкерчилиги чектелген коомунда иштегени көрсөтүлгөн.

Ал эми "Келечек-Будущее" партиясынан деп берилген Гүлай Осмонова менен Минайым Асылбекова талапкердин тизмесинде жок. Партиянын өкүлү да булар тизмеде жок экенин билдиришти.

Добуш берүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Добуш берүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Боршайком добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларын аныктап, 11-майда Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Мурунку шайлоодо мыйзам бузууга жол берген "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы АШКнын чечимине комментарий бере элек. Партиянын өкүлү "Азаттыкка" бул боюнча маалыматы жок экенин айтты.

Ал эми "Улуттар Биримдиги" партиясынын басма сөз катчысы Камил Сыдыков Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин кубаттай турганын билдирди:

"Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомунда "жоопкерчиликке тартылыш керек жана кайрадан шайлоо өтсүн" деп жазылган. Учурда АШК Боршайкомдун гана токтомун ишке ашырып жатат".

"Улуттар Биримдиги" партиясынын жолугушуусу. 4-март, 2021-жыл.
"Улуттар Биримдиги" партиясынын жолугушуусу. 4-март, 2021-жыл.

"Улуттар Биримдиги" саясий партиясын — Ош шаарынын мурунку мэри Мелисбек Мырзакматов жетектейт. Ал жаздагы шайлоо өнөктүгүндө бир нече жолу шаардык кеңешке депутаттарды тандоо таза өтпөй турганын билдирген.

"Партиялар ыплас иштерге аралашкан талапкерлерди өткөрүүгө кызыкдар"

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам боюнча шайлоонун жокко чыгарылышына алып келген талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт.

Бирок саясий партиялар Боршайком аттарын атаган талапкерди кайра тизмеге кошуп жатканын "Интербилим" коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева сынга алды.

"Бул партиялардын, талапкерлердин бетбактыгы. Муну партиялардын ыплас иштерди жасап көнүп калган, кандай жол менен болсо да бийликке келүү аракети деп эсептейм. Азыр партиялар өзүнүн принциптери жок адамдарды өткөрүп жатат. Алар аркылуу шаардык кеңештен мыйзамсыз токтомдорду токутушат".

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу үчүн тогуз партия документтерин тапшырган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алардын ичинен "Келечек-Будущее", "Нур", "Биздин Кыргызстан" саясий партиялары шаардык кеңешке жаңы катышып жатат. Калган алтоо 11-апрелдеги жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо ат салышкан.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Өлкөдөгү үч чоң шаарга кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG