Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Түркия Кара деңизде орусиялык дагы бир танкерге сокку урулганын билдирди


Кара деңизде чабуулдан кийин өрт чалган танкер. Түркия. 29-ноябрь, 2025-жыл
Кара деңизде чабуулдан кийин өрт чалган танкер. Түркия. 29-ноябрь, 2025-жыл

Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министрлиги Орусиядан Грузияга өсүмдүк майын ташып бараткан Midvolga 2 танкери чабуулга туш болгонун 2-декабрда билдирди. Бортто экипаждын 13 мүчөсү бар болчу. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Кемелердин эки жакка каттаганын көрсөтүп турган VesselFinder порталынын маалыматына караганда, 2014-жылы чыккан танкер Орусиянын желеги астында сүзүп жүрөт. Анын ээси катары Москвада катталган компания көргөзүлгөн. Ал Украинанын "кара тизмесине" киргизилген.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, Росморречфлот агенттиги Midvolga 2 учкучсуз учактардын чабуулуна кабылып, зыян тартканын билдирди.

28-ноябрда Кара деңизде Гамбиянын желеги астында сүзгөн Kairos жана Virat танкерлери чабуулга туш болгон. Биринчиси Новороссийск шаарына барткан жеринен бортто өрт чыкканын кабарлаган. Кийин Virat танкеринде да өрт тутанганы белгилүү болгон. Орусиялык бийликчил блогерлер анын тумшук тарабына беш дрон сокку урганын жазышкан. Анын эртеси Түркиянын Транспорт министрлиги ага экинчи ирет чабуул коюлганын, оң капталы зыян тартканын билдирген.

Маалымат каражаттары Украинанын Коопсуздук кызматына шилтеме менен чалгынчылар менен деңиз аскерлери биргелешкен операция жүргүзгөнүн кабарлашкан.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кара деңиздеги кемелерге болгон соккуларды айыптады.

Рейтер агенттиги Kairos жана Virat Орусиянын “көмүскө флотуна” кирерин жана Батыш аларга санкция салганын билдирди.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG