Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Индонезия, Шри-Ланка жана Таиландда суу ташкыны миңден ашуун өмүрдү алды


Индонезия, 27-ноябрь 2025-жыл
Индонезия, 27-ноябрь 2025-жыл

Индонезия, Шри-Ланка жана Таиландда суу ташкыны жана жер көчкүсү 1200дөн көп кишинин өмүрүн алды, 800дөн ашууну дайынсыз болууда.

Өткөн аптада башталган муссон жамгырынан дарыялар ташкындап, инфраструктура кыйрады жана шаарларды суу каптады.

Акыркы маалымат боюнча Индонезияда 659, Шри-Ланкада 390 жана Таиландда 181 киши каза тапты. Эң катуу жабыркаган Индонезияда куткаруучулар Суматра аралындагы айылдарга араң жетти. Ал жакта көпүрөлөрду жана жолдорду суу алып кетти. Бийлик аба ырайынын начарлашы куткаруу иштерин татаалдаштырганын билдирди. Өлкөдө жаратылыш кырсыгынан 3,2 миллион киши жабыркады, 2600ү жарадар болду, 470 тургундун дайыны табыла элек.

The Guardian басылмасынын жазганына караганда, жыл сайын болуп труучу сезондук нөшөрдөн тышкары быйыл абалды тропикалык бороон-чапкын да кыйындатты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аймакка өз тобун жөнөтүп жатканын жана эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөткөнүн билдирди.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG