Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:41

Бишкек: Шайлоого 18 партия катышууда


11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоо.
11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоо.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого 18 партия ат салышат. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Шайлоого катышуу үчүн 17 партия арыз берген. Маматовдун айтуусунда, "Айкөл Кыргызстан" партиясы 11-апрелде өткөн шайлоодогу тизмени кайра каттоону суранган. Комиссия атайын отурумунда "Айкөл Кыргызстанды" дагы шайлоого катыштырууга уруксат берүүнү чечкен.

Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңешке шайлоонун үгүт иштери расмий башталды.

Бишкек шаарында 18, Ош шаарында тогуз, Токмок шаарында алты партия ат салышууда. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG