Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:55

Маматов: Мыйзам бузган талапкерлер кайра шайлоого катышкан жок


Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири. 4-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири. 4-октябрь, 2020-жыл.

Бишкек шаардык кеңешине 11-апрелде өткөн шайлоонун жокко чыгарылышына себепчи болгон талапкерлер кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берген жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

“Күнөөлүү талапкерлер Бишкекте кайра шайлоого өздөрү эле катышкан жок. Соттун же укук коргоо органдарынын чечими болбогондон кийин биз алардын аттарын атаган жокпуз. Бирок алардын аттары жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып жүргөндүктөн, шайлоого катышууга арыз беришкен эмес”.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам боюнча шайлоонун жокко чыгарылышына алып келген талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бишкекте кайра шайлоого катышуу үчүн 18 партиядан 1371 талапкер арыз берди. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы алардын ичинен 113үн ар кандай себептер менен каттаган жок.

Ош шаардык шайлоо комиссиясы тогуз партиянын 76 талапкерин каттоодон баш тартты. Анын ичинен “Ата Журт-Кыргызстан” жана “Улуттар Биримдиги” партияларынын 14 талапкери мурунку шайлоодо мыйзам бузганы үчүн тизмеден чыгарылды.

Кайра шайлоого Ош шаарында тогуз, Токмок шаарында алты партия ат салышууда. 21-июнда шайлоонун үгүт иштери расмий башталды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын үч чоң шаарына кайра шайлоону 11-июлга дайындаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG