Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:31

Шайлоо: Ошто чүчү кулак кармоо үзгүлтүккө учурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык кеңешине шайлоого аттанган партиялардын бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак кармоосу үзгүлтүккө учурады. Ошондой эле партиялар арасында КТРК менен ЭлТРдеги эфирдин убактысы дагы бөлүштүрүлбөй калды.

Буга "Улуу-Журт", "Улуттар Биримдиги", "Бир-Бол", "Бүтүн-Кыргызстан" жана "Келечек-Будущее" партияларынын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын акыркы токтомуна каршы чыкканы негиз болду. Бул тууралуу "Улуу-Журттун" төрагасы Мирлан Орозбаев "Азаттыкка" билдирди.

"Чүчү кулак тартууга кворум болбой башка күнгө жылды. Ага Ош аймактык шайлоо комиссиясынын отурумунда 18 талапкерди шайлоодон четтеттүү тууралуу токтомунун жокко чыгарылышы негиз болду. Ошол себептен биз БШКнын төрайымына кат жолдодук. Биз АШКнын токтомунун жокко чыгышына макул эмеспиз. Ошондуктан чүчү кулак кармоо болбой калды".

Ош АШКсынын төрагасы Кушубак Ныязбеков талапкерлерди четтеттүү токтомунун жокко чыгарылышын соттун чечиминин жоктугу менен байланыштырды

"Талапкерлерди шайлоодон четтетүү үчүн соттун чечими болушу керек экен. Ошондуктан биз аларды толук четтете албадык. Бул тууралуу укук коргоо органдарына кат менен кайрылдык. Эгер үгүт учурунда деле чечим чыкса кайсы талапкер болбосун шайлоодон четтетип коюуга мүмкүнчүлүк бар".

Кайрадан чүчү кулак кармоо күнү азырынча белгисиз. Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу үчүн тогуз партия - "Ынтымак", "Улуу Журт", "Бир бол", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата-Журт-Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Келечек-Будущее", "Нур" жана "Биздин Кыргызстан" документтерин тапшырган.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандын бир катар шаардык жана айылдык кеңештерине шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG