Президент Нурсултан Назарбаев бейшемби күнү кечке маал маалымат жыйынын өткөрүп, саммитин жыйынтыктарын жарыяламак. Бирок ал мурда айтылган мөөнөттө журналисттер алдына чыккан жок.
Назарбаевдин өкүлдөрү кабарлашкандай, президент делегаттарга тарых сейрек бир мүмкүндүк берип отурат, муну колдон чыгаруу кечиримсиз болот, андыктан тараптар ийкемдигин көрөтүп, акыры Астана декларациясы кабыл алынат деп үмүттөнөт.
Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони да саммиттин катышуучуларын "чыныгы биримдик духун көрсөтүүгө жана уюмдун келечеги үчүн конкреттүү максаттарды аныктоого" чакырды.
Эксперттер документти дээрлик он сааттай талкуулап, таңашышты. Акыры түн жарымынан оогондо лидерлер жыйынга чогулуп, декларация бир добуштан кабыл алынганын жарыялашты.
Документте уюмдун ишиндеги негизги нормалар, принциптер жана милдеттенмелер кайра тастыкталган, азыркы учурдагы чалкеш проблемалар менен коркунучтар аңытында келечектеги аракеттердин планы аныкталган.
Дипломаттар корутунду документ түйүндүү бир катар маселелерден, алардын ичинде Молдованын, Грузиянын сепаратисттик аймактарынан, Карабах проблемасынан улам талашка түшкөнүн айтышты.
Жыйындын жүрүшүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон уюмдун Грузияда миссиясын түзүүгө кедерги болуп жатканы үчүн Москваны сынга алган эле.
Орус президенти Дмитрий Медведев өз кезегинде грузин жетекчилигин 2008-жылдагы урушта түштүк осетиндер менен абхаздарга каршы жол берилгис күч колдонгон деп айыптаган.
Карабах маселеси боюнча арачылардын Мински тобу азери жана армян президенттери ортодогу талашты жөнгө салуунун чечүүчү учуру келгенин ырасташты деп билдирген болчу.
Бирок арачылардан кийин армян президенти Серж Саркисян жаңжалды жөнгө салганга Бакунун кызыкдар эместигин айтып, Азербайжанды агрессивдүү кадамдарды жасап жатканы үчүн күнөөлөдү жана Ереван мындай шартта акыры барып Тоолуу Карабахтын көз карандысыздыгын тааныганга, өзүнүн коопсуздугун камсыз кылганга аргасыз болорун эскертти.
Саммиттин натыйжаларына позитивдүү түр бергени Казакстандын тышкы иштер министри, уюмдун ушу туштагы төрагасы Канат Саудабаев Клинтон менен Назарбаевдин сүйлөшүүлөрүн сөз кылды. Министрдин айтымында, "тараптар Казакстандын уюмга натыйжалуу төрагалык кылганы, 21-кылымда уюмдун Астанада жогорку деңгээлдеги биринчи жыйынын өткөргөнү анын ишин чыңдоого жаңы дем бергенин белгилешти".
Жыйын ачылган күнү президент Назарбаев уюмдагы төрагалык милдеттин эң чоң ийгилиги катары Кыргызстандагы кырдаалдын жөнгө салынганын атаган эле.
"Бул өлкөдөгү саясий курч жагдай жалпы аймактагы башка жаңжалдарга тамызгы болуп бериши мүмкүн эле, биз кризисти АКШнын, Россиянын жетекчилиги менен биргелешип, уюмдун бардык каражаттарын колдонуу аркылуу жөнгө салууга жетиштик", - деген болчу Назарбаев.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов буга тескери баа берди.
"Тилекке каршы, уюмдун өзү, анын структуралары Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуяларды алдын-алууда жана жоюуда позитивдүү эч кандай рол ойногон жок", - деп билдирди өзбек министри.
Уюмга кирген 56 өлкө буга чейин Стамбул саммитинде (1999-жыл) кабыл алынган документтерге негизденип келишкен. Астана декларациясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун азыркы талаптарга ылайыктап реформалоонун башталышын билдириши керек.
Уюмга төрагалык кылуу милдети алдыдагы жылда Литвага өтөт.