Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Алматы-Ысык-Көл: Астанада жолду кыскартуу долбоору боюнча жумушчу топ түзүлдү


Аламаты-Бишкек жолу
Аламаты-Бишкек жолу

Казакстанда Алматыдан Ысык-Көлгө баруучу жолду кыскартууну көздөгөн долбоорду иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Казак маалымат каражаттары жазгандай, демилге эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртып, туристтик агымды көбөйтүүгө багытталган.

Казакстандын Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, сунушталып жаткан маршрут азыркы Кордай–Бишкек аркылуу өтүүчү 460 чакырымдык жолго альтернатива болот. Жаңы жолдун узундугу болжол менен 277 чакырымды түзүп, жол убактысы үч саатка чейин кыскарышы мүмкүн.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча жолдун 127 чакырымы Казакстандын, 150 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Казак тарап 80 чакырымдай жолду оңдоого тийиш, ал эми Кыргызстанда алты чакырым жолду кайра куруу керек.

Техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого гранттык каражат бөлүүнү Азия өнүктүрүү банкы өз мойнуна алган. Тиешелүү келишимге 2024-жылдын декабрында кол коюлган.

2025-жылдын жазында эки өлкө Алматы–Бишкек жана Алматы–Ысык-Көл экономикалык коридорлорунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүшкөн. Ошол эле жылдын жай айларында чек ара өткөрмө пункттарын жаңыртуу иштери башталган.

Казак тарап Eurasian Development Bank менен чогуу жүргүзүп жаткан изилдөөнү 2026-жылдын сентябрына чейин аяктоо пландалууда. Анда жолдун так багыты, техникалык классификациясы, болжолдуу трафик көлөмү, каржылоо модели жана төлөм системасы аныкталат. Алгачкы маалыматтарга караганда, жолго акы төлөнүшү ыктымал.

Эки өлкөнүн өкмөттөрү техникалык-экономикалык негиздемени жактыргандан кийин гана курулуш боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Алматыдан Ысык-Көлгө түз жол ачуу маселеси казак туристтери үчүн ондогон жылдардан бери талкууланып келет.

Былтыр сентябрь айында Ысык-Көлдүн Түп району менен Алматы облусунун Кеген айылынын байланыштырган жол ачылган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG