Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:16

Н.Карыпбай уулу: Назарбаев Кыргызстанга жардам берүүгө чакырды


Түркиянын Стамбул шаарында Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча саммит өттү. Анда талкууланган маселелер тууралуу Түркиядагы кыргыз журналист Нурланбек Карыпбай уулу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- 8-июнда Түркиянын Стамбул шаарында Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча саммит жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев катышты. Сиз да саммитке байкоо салган экенсиз. Кыргызстанга байланыштуу кандай маселелер көтөрүлдү?

Нурланбек Карыпбай уулу: Бул саммитке дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн өкүлдөр келди. Кыргызстандан Руслан Казакбаев жардамчылары менен катышты. Бул саммитте көбүнчө Израилдин айланасында сөз болду. Себеби Түркиянын кемесине кол салышып, колго өткөрүп алган боюнча аябай оор суроолор болду. Ошондой эле Түркия менен Орусиянын, Азербайжандын газ маселеси талкууланды.

8-июнда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөп, азыр Кыргызстанда акыбал өтө оор болгонун, кандай жардам көрсөтө ала турганын айтып, бардык өлкөлөрдү Кыргызстанга эсеп ачып жардам көрсөтүп, жаңы өкмөттү таанууга чакырды.

- Саммиттин катышуучуларынын реакциясы кандай болду?

Нурланбек Карыпбай уулу: Башка катышуучулардын көп реакциясы болбоду. Себеби көбүнчө Израиль окуясын талкуулашты. Түркиянын болсо Азербайжан менен боло турган көгүлтүр от деген долбоору бар, ошол боюнча Түркия газ кетирип Европага сатуу жана ошондой эле газдын баасы боюнча көбүнчө тартышуулар болду.

- Кыргыз тарап Азиядагы карым-катышты жакшыртуу боюнча кандай сунуштарды берди? Чыгып сүйлөй алдыбы?

Нурланбек Карыпбай уулу: Азиядагы карым-катышты жакшыртуу боюнча көп эле маселелер козголду. Экономикалык иште бири-бирине жардам көрсөтүү, экономикалык жактан начар өлкөлөрдүн коопсуздугу боюнча суроолор берилди. Бирок сүйлөшүүлөр көбүнчө жабык эшик артында болду. Иран маселеси, энергетика боюнча аябай талкуулар болду.

- Түркияда Кыргызстандагы соңку окуяларды кандай баалап жатышат?

Нурланбек Карыпбай уулу: Биз көп жылдан бери Түркияда жашап жүрөбүз. Бирок быйыл Кыргызстанда болгон окуяларды сыналгыдан түз көрсөтүп жатышты, дүкөндөрдү талкалап, шейит болгон жигиттерди көрсөтүп атты. Кыргызстанда кандай болуп калды, өзгөрүүлөр болдубу деп талкуулашты. Мен да чет өлкөлөрдөн келген кишилер менен сүйлөштүм, алар да сурап атышты, өкмөтүңөр бир аз жаңылыштык кылды, парламентти таратпай биринчи өздөрүн шайлап алса болмок дешти.

- Алмазбек Атамбаев Түркияда болуп келди. Түрк бийлигинин азыркы убактылуу өкмөттү колдоо ниети канчалык?

Нурланбек Карыпбай уулу: Алмазбек Атамбаев келген убакта Түркияда бир окуя болуп аткан, Түркиядагы гезит, радио, же сыналгыда эч кандай кабарларда кенен берилген жок. Себеби ошол убакта Түркиянын “Мармара” деген кемесин Израилдин аскерлери кармап алып, катуу чатактар болуп аткан кезде келип калды. Ошондуктан Кыргызстандын жаңы өкмөтүнөн өкүл келген боюнча кабарларды Түркияда ММКлары берген жок десе болот. Түркия айтып жатат, кудай буйруса, экономикалык жактан Кыргызстанга чоң жардам беребиз деп. Кечээ да Путин менен маалымат жыйын өтүп, ошондо Путинден да сурадым, Кыргызстанга “Ганси” базасын чыгарганга жардам бере аласыздарбы десем, Путин “бул өлкөнүн ичиндеги саясат, кайсы өлкөнүн ичиндеги өкмөт башчылары кааласа чет өлкөлүк аскерлерди ичине алалат, каалабаса чыгарып ийет” деди.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG