Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Улуттук кардиологиялык кызматтын жетекчилери иштен алынды


Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту.

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун (УКТБ) директору Талантбек Сооронбаев жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун (ЖХОТИИИ) директору Самидин Шабыралиев кызматтарынан алынды. Бул тууралуу 12-январда Саламаттык сактоо министрлиги Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, эки жетекчи тең саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов жүргүзгөн көчмө текшерүүнүн жыйынтыгында иштен кетишти.

Министрлик тараткан билдирүүдө Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөк-кан тамыр оорулары менен кайрылган бейтаптарга шашылыш жардам көрсөтүүдө бир катар кемчиликтер аныкталган. Атап айтканда, ангиографтардын иштебей турушу, коронароангиографиянын убагында жасалбашы, реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографиянын жоктугу белгиленген.

Ошондой көп тармактуу дарыгерлер консилиумунун жоктугу айрым учурларда дарылоонун жыйынтыгына терс таасир тийгизип жатканы белгиленген.

Мындан тышкары, сатып алуулардагы коррупциялык тобокелдиктер, Талантбек Сооронбаевдин чет өлкөлөргө тез-тез чыгышына байланыштуу суроолор көтөрүлгөнү жазылат.

Министрликтин билдирүүсүндө Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жабдууларды жана материалдарын сактоо эрежелеринин бузулганы аныкталганы жазылат.

Талантбек Сооронбаев менен Самидин Шабыралиев министрлик тараткан билдирүү боюнча азырынча кооментарий берише элек.

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, 63 жаштагы Сооронбаев бир топ жыл Кыргызстандын башкы пульмонологу катары эмгектенип, 2022-жылдан тарта Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетектеп келген.

Шабыралиев - кардиохирург-педиатр. Медицина илимдеринин кандидаты. Тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга операция жасоо боюнча долбоорлорду жетектеген.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG