Орусиянын бир катар маалымат каражаттары Санкт-Петербург шаарынын түштүгүндө эки күндүк рейд маалында полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган жүздөй чет өлкөлүктү аныктаганын жазды. Шаардык милиция башкармалыгынын маалыматына караганда, алардын баары Фрунзе райондук аскер комиссариатына жеткирилген. Орусиянын бир катар шаарларында текшерүүлөр күчөгөнүн кыргызстандык мигранттар дагы "Азаттыкка" ырасташты.
ТАСС маалымат агенттигинин жазганына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында 400дөй чет элдик жаран аныкталды. Алардын 55и Орусияда миграциялык мыйзамды бузуп жүргөн.
"Орусиянын жарандыгын алган, бирок аскердик каттоодо турбаган жүздөй чет элдик аныкталды", - деп жазды ТАСС милициянын маалыматына таянып.
Кармалгандар кайсы өлкөдө туулуп-өскөнү такталган эмес.
Санкт-Петербург шаарында эмгектенген Жамалбек текшерүү күчөгөнүн ырастап, каттоо мигранттарды кыйнап жатканын "Азаттыкка" айтып берди.
"Текшерүү болуп эле атат. Кимде документи туура эмес болсо эле алып кетип жатат. Мурдагыдан текшерүүлөр күчөгөн. Каттоо боюнча мурда эч маселе жаралчу эмес. Азыр мигранттарды кыйнап койду. Өзүбүздүн кыргыздар эле кыргыздарды алдап кетип атат. Барса базадан чыкпай, анын айынан депортация болуп же айып пул төлөгөндөр, "кара тизмеге" түшкөндөр көп. Кечээги рейдде тажик, өзбектер иштеген жерлерди көбүрөөк басты".
Бардык шаарларды камтыган текшерүү
Орусиянын дээрлик бардык шаарларында рейд жүрүп, мигранттарды текшерүү күчөгөндөн тартып документин текшерткен борбор азиялыктар арбын болууда.
Алтынай дагы ошолордун катарында бир-эки күн мурда каттоосун узартып, документтеринин базадан чыгып-чыкпаганын текшертүү үчүн Москвадагы миграциялык кызматка барган.
"Документтин мөөнөтү бүткөнчө деп эртерээк барып узартып келдим. Ал жерде каттоосун узартканы андан көп, жарандык алып жатканы дале көп. Документтерин текшерткендер мындан көп. Миграциялык кызматта кыргыз, өзбек, тажиктер өтө көп жүрөт..."
Ал ортодо Москвадагы участкалык полициядан мигранттардын айрымдарына рейд тууралуу эскертүүлөр келе баштады.
"Салам, Абдулло! Бизде дүйшөмбү күндөн тартып Орусия боюнча чоң иш-чара башталат. Анда мигранттар иштеген ишканалардын бардыгы, курулуштар, машина жуучу жайлар, үйлөр аңтарылып текшерилет. Атайын топ түзүлдү, алар жыйынтык үчүн иштегени жатышат. Ошондуктан өзүңдүн адамдарыңды дем алышка жөнөтүп тур. Бир апта, алгачкы күндөрү катуу болот. Ошого чейин документтерин иретке келтирип, оңдоп алышсын".
Мындай алдын ала эскертүү бардыгына эле айтыла бербейт. Жергиликтүү аймактык полиция менен жакшы мамиледе болуп же кошо иштешип жүргөндөргө гана жөнөтүлөт.
Сабиранын бир нече тууганы Орусиянын ар кайсы шаарларында миграцияда жүрөт. Өзүнүн да Кыргызстанга кайтып келгенине аз эле убакыт болгон.
"Текшерүүлөр күчөп жатат дейт. Орусия мурдагыдай болбой калды деп жатышат. Жашаган жерде гана каттоого турушуң керек. Ал дагы кымбат. Таксисттерди аябай кысымга алып жатыптыр. Менин күйөө балам да таксист. Орус паспортун алып алгандарды мейли текшерсин, бирок башка мигранттарды деле жаман кылып жатат. Эки ай мурда биз менен иштеген бирөө келди Кыргызстанга. Тажик, өзбек, кыргыздарды укмуш тазалап жатканын, бир учурда эле миңден ашуун адам депортация болгонун айтып келди", - деди Сабира.
Рейддин максаты - согушка жөнөтүүбү?
Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү “Нелегал-2023” рейди өткөнү маалымдалган. Интернетте Орусияда полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тараган. Анын алкагында миңдеген мигрант депортацияланган.
Талдоочулардын айтымында, рейддердин башкы максаттарынын бири - мигранттарды депортация менен коркутуп, Украинадагы согушка жөнөтүү.
Бул текшерүүлөрдүн аягы тыйыла электигин Орусияда ишкерлик кылып жүргөн Толкунбек Акматов айтып берди:
"Ошондо текшерүүлөр катуу болуп, кийин деле токтогон жок. Мен өз көзүм менен көрдүм. Чайканада балдар менен отурсам, бир автобус кылып, паспортуң барбы-жокпу бардыгын тыгып кетип, кийин орус жарандыгы барларды кое берип, көбү базадан чыкпай калгандарды, каттоосу жок жүргөндөрдү алып калып, текшерүү катуу жүрүп жатат. Ал эми орус жарандыгы барларды аскер комиссариатына алып барып жатканын деле туура түшүнүш керек. Анткени ушул өлкөнүн жараны. Булар өздөрүнүн жарандарын мыйзам боюнча аскерге жөнөтүш керек болсо, жөнөтөт. Барбайм деген орустардын өзү качып кетип атат. Качып кетсең мыйзамды бузган болосуң, качпасаң согушка барып өлөсүң же каласың. Ошого жараша аракет кылыш керек".
Буга чейин Москвада иштеген кыргыз келин өзүн жана күйөөсүн согушка келишимдик негизде барууга чакырып жатканын айткан. Алар 10 жылдан ашуун убактан бери Орусияда миграцияда жүрөт жана орус паспортун алышкан.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги соңку аптадагы рейдде кармалган же депортация болгон кыргызстандыктар тууралуу маалымат бере элек.
Расмий маалыматтарга караганда учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган.
Буга чейин Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Матвеев Орусия Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү менен кош жарандык системасынан баш тартууга же кош жарандыгы бар адамдарды согушка мобилизациялоо эрежесин өзгөртүүгө тийиш деп билдирип чыккан.
"Ортоазиялыктардын армиясы, биринчи кезекте тажиктер орус жарандыгын алат, бирок майданга жапырт барбайт. Мекен үчүн түпкүлүктүү эл, биринчи кезекте орус улутундагылар жанын берүүдө. Алар эмне үчүн мобилизация болбойт? Тажик батальондору кайда? Орто азиялыктардын армиясы куралдуу күчтөрдү эмес, такси айдоочулардын полкторун, короо шыпыргандардын жана куруучулардын дивизияларын толуктап жатат. Жок дегенде окоп жана блиндаж казууга барышпайт", - деп жазган эле телеграм-каналына.
Саясатчы мыйзамга ылайык орус жарандыгын алгандар аскер комиссариатында катталууга тийиш экенин эске салган.
Матвеев борбор азиялыктардын согушка тартылбаган себебин иликтөөнү сунуш кылып, мындай кырдаал кош жарандуулук институтунан улам түзүлгөн деп эсептейт.
Москва Украинага кол салгандан кийин Орусияда эмгектенген кыргызстандык айрым мигранттар паспорт алуу үчүн келишимдик негизде согушка кеткени белгилүү болгон. "Азаттык" абакта жаткан бир канча кыргыз жарандары "Вагнер" аскердик тобу менен келишим түзүп, согушка кеткенин, алардын 10дон ашууну каза болгонун аныктаган.
Урушта каза тапкандардын жакындары маркумдардын чоочун жерге өзү барганына ишенбей, мажбурлоо болушу мүмкүн деп шек санашууда.