Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

ОПЕК Алжирде кеңешти


26-сентябрда Алжирде эл аралык энергетикалык форум башталган. Анын алкагында ОПЕК мүчөлөрү менен ага кирбеген мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусу белгиленди. 28-сентябрда ал жолугушууда мунайдын баасы көңүл борборунда болмокчу.

Мунай өндүргөн өлкөлөр ага баанын төмөндөшүнөн жапа чегип, бирок бааны көтөрүү максатында бирдиктүү чара көрүүгө жетише албай келатат. Ал чаранын эң негизгиси катары дүйнөлүк базарга чыгарылган мунайдын көлөмүн азайтуу жана өндүрүш көлөмүн бир калыпта кармоо аталып келет.

Бирок атаандашкан жана дүйнөлүк базардан үлүшүн жоготуп алуудан чочулаган мунай өндүрүүчү өлкөлөр андай кадамга барбай жатат. Андай өлкөлөрдүн башында Сауд Аравиясы жана Орусия турары да кабарланган. Бул эки өлкөнүн энергетика министрлери өзүнчө жолугушуп, бирок мунасага жете алышкан эмес.

28-сентябрда Алжирде ОПЕК жана ага кирбеген, бирок ири көлөмдө мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн өкүлдөрү бейформал шартта жолугушуп, мунайга баа маселесин сүйлөшмөкчү.

Азыркы мезгилде бир баррель мунай баасы 46-47 доллардын тегеринде. Бул баа көпчүлүк өндүрүшчүлөрдү канааттандырбайт. Орусиянын энергетика министри Александр Новак мунайга баанын 40-60 доллардын тегерегинде болушу Орусия бюджети үчүн дурус деп эсептейт.

Ал эми Кытайдын Sinopec компаниясынын жетекчилеринин бири Чжун Фулян мунай тармагы үчүн бир баррель мунайдын баасы 60-80 доллар болушу максатка ылайыктуу дейт. ОПЕКтин мүчөлөрү 70-80 доллардын тегерегиндеги бааны адилеттүү деп келет.

Санкциялар алынгандан кийин дүйнөлүк мунай базарында өзүнүн ордун калыбына келтирип жаткан Иран дагы мына ушул бааны алгылыктуу деп эсептейт. Ирандын мунай министри Намдар Занган "Рейтерге" курган маегинде Алжирдеги жолугушууда расмий чечим кабыл алынбасын, бирок сунуштар иштелип чыгышы мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, Алжирде макулдашылган сунуштар ОПЕКтин ноябрь айында Венада боло турган жыйынында колдонулушу мүмкүн.

"Рейтердин" маалыматы боюнча, Алжирдин энергетика министри Нуреддин Бутерфа анын өлкөсү мунай өндүрүшүн төмөндөтүү же бир калыпта калтыруу боюнча чечим кабыл алынарына үмүт бар экенин 25-сентябрда билдирди. Министрдин сөзү боюнча, дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчү Сауд Аравиясы күн сайын өндүрүшүн 500 миң баррелге кыскартууга даяр. Белгилүү болгондой, бул өлкө күнүнө 10 миллион баррелден ашуун мунай өндүрөт.

Сауд Аравиясы Иран да мунай өндүрүшүн бери дегенде азыркы калыбынан көбөйтпөсүн деген талапты коюп жатат. Иран өз кезегинде санкциялар киргизилгенге чейинки көлөмгө жетип, андан кийин токторун билдирген. Блумбергдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Иран күнүнө 3.6 млн. баррель өндүрөт. Ал эми санкция киргизилгенге чейин анын көлөмү 4,17 млн. баррелге жетип турган.

Мунайга баанын арзандоосунан ОПЕК жана башка өлкөлөрдүн баары азап тартууда. Өзгөчө “жону жука” Венесуэла, Нигерия, Эквадор жана Алжир сыяктуу өлкөлөр жабыркоодо.

Венесуэла президенти Николас Мадуро мунайга бааны турукташтыруу максатында дүйнө өлкөлөрүн атайын кыдырууга чыкканы да белгилүү. Мадуро өткөн жумаларда эч кандай блокторго кошулбаган өлкө президенттеринин саммитинде мунайга бааны турукташтыруу келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирген эле:

- Бул жерде ОПЕКке мүчө өлкөлөр менен жакшы сүйлөшүү болду. Биз Ирандын президенти Роухани менен эки тараптуу кеңири сүйлөшүү өткөрдүк. Ошондой эле Эквадордун президенти Рафаэл Корреа менен сүйлөштүк. ОПЕК жана ага кирбеген өлкөлөр базарды жана мунайга бааны турукташтыруу боюнча келишимге келгенибизди ушул сентябрь айында жарыялап калышыбыз мүмкүн.

Белгилүү болгондой, 2014-жылдан тарта мунайга баа арзандай баштаган. 100 доллардын тегереги болуп турган бир баррель мунайдын баасы 30 долларга чейин төмөндөп, бирок акыркы айларда 40-50 доллардын тегерегинде кармалууда. Мунайга баанын төмөндөөсү Орусиянын экономикасынын кризиске кириптер болушунун да бир себепкери катары аталып келет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG