Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:07

Минск эл аралык спорттон да четтетилүүдө


Футболчу аялдардын клубдары коронавирус кырдаалында таймашууга чыгууда. Минск, Беларус. 2020-жылдын 30-апрели.
Футболчу аялдардын клубдары коронавирус кырдаалында таймашууга чыгууда. Минск, Беларус. 2020-жылдын 30-апрели.

Эл аралык олимпиадалык комитет Лукашенкого жана Беларустун бир катар спорт төбөлдөрүнө өлкөдөгү спортчуларга жана башка жарандарга карата кысымдары үчүн Олимпия оюндарына катышууга тыюу салды.

ЭОКтун чечими

Эл аралык олимпиадалык комитет (ЭОК) Александр Лукашенкого жана Беларустун Улуттук олимпиадалык комитетинин төбөлдөрүнө ЭОКтун желеги астында өтө турган бардык иш-чараларга катышууга тыюу салды. Андан тышкары Беларустун Улуттук олимпиадалык комитетине ар кандай каржылык төлөмдөрдү да токтотту. ЭОК өз чечими убактылуу чара экенин билдирди.

Саал мурдараак ЭОК Беларустун бийлиги спортчуларды саясий жүйө менен куугунтукка алып жатат деген доолорду иликтей баштаган.

Спортчулардын нааразылык акцияларына катышуусу

2020-жылы августта бир жарым миңден ашуун беларус спортчусу ачык билдирүүгө кол коюп, 9-августтагы президенттик шайлоонун ачык, бурмалоосуз өткөрүлүшүн жана оппозицияга каршы кууунтукту токтотууну талап кылган болчу.

Талаш-тартыштуу шайлоодон соң бир катар спортчулар кызматынан кетирилген, камакка алынган, айрымдары кесилип кеткен. Куугунтукка кабылгандардын арасында фристайл боюнча дүйнө чемпиону Александра Романовская, жеңил атлет Светлана Куделич, баскетболчу Елена Левченко жана көп түрдүү оюндар боюнча чебер Андрей Кравченко да бар.

Дүйнө чемпиону Александра Романовская.
Дүйнө чемпиону Александра Романовская.

Лыжа акробатикасы боюнча дүйнө чемпиону Александра Романовская 2019-жылы өз өлкөсүндө «Жылдын спортчусу» деп жарыяланган. Ал Беларустагы спортчуларды куугунтуктоону токтотууга чакырган катка кол коюп, андан тышкары Беларус спортчуларынын эркин биримдигине мүчөлүккө өткөн.

Романовская видео кайрылуу аркылуу спорт төбөлдөрүнө кайрылып, спортчуларды өз жарандык көз карашын ачык билдиргендиги үчүн кысмакка албоого чакырган болчу. 6-октябрда ал инсультка кабылган атасын ооруканага жеткириш үчүн шашылыш жөнөп кеткенде «ордунда болгон жок» деген шылтоо менен кызматтан кетирилгени айкын болду.

Расмий бийлик 9-августтагы шайлоодо Александр Лукашенко катары менен алтынчы ирет өз кызматын сактап калганын жарыялаганына карабастан, Беларуста калайыктын оодук бөлүгү бул натыйжаны «одоно бурмаланган натыйжа» катары четке какты. Дээрлик күн сайын, кээде күн алыс нааразылык жыйындары, жүрүштөр жана башка иш-чаралар өткөрүлө баштады.

Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып келишти. Бери дегенде беш киши нааразылык акцияларын күчтөп басуу маалында өмүрүнөн айрылды, алты киши дайынсыз кала берүүдө.

Спорт төбөлдөрү Лукашенко тарапта

Беларустагы спорт төбөлдөрү дагы эле Лукашенкону колдоп келатышат. Маселен, Беларус футбол федерациясынын (АБФФ) башчысы Владимир Базанов 28-сентябрда Лукашенкону колдогон митингде чыгып сүйлөп, БШКнын «Лукашенко 80% добушка ээ болду» деген жыйынтыгын колдоого алды жана «азчылыктын жыйындары акырындап азайып, тынчый баштады» деди.

Ноябрдын соңунда спорт министринин орун басары Александр Барауля «Лукашенкону жактаган билдирүүгө 2500дөй спортчу кол койду» деп жарыя кылган. Бирок тизмеде тегаты бар спортчулардын бир далайы өздөрү ага эч кол койбогонун айтып чыгышты.

Лукашенкону колдоду дегендердин арасында азыркы аракеттеги спортко тиешеси жок кишилердин, спорттук комплекстерде иштеген жөнөкөй кызматкерлердин аты-жөнү да чыкты.

Жогорудагы Базанов тизмеде карапайым спортчу, жеңил атлетика боюнча чебердикке талапкер катары эскерилген.

Президент А.Лукашенко жана аны сындаган В.Жириновский. Фотомонтаж. 29-март, 2020-жыл.
Президент А.Лукашенко жана аны сындаган В.Жириновский. Фотомонтаж. 29-март, 2020-жыл.

Футболчулар

Бирок Беларустагы бир катар футболчулар нааразылык билдирип жаткандардын катарына кошулушту.

Мисалы, ЦСКАнын чабуулчусу Илья Шкурин өз өлкөсүндө бийлик алмашмайынча Беларустун курама командасы үчүн ойноодон баш тартарын айтты.

Айрым футболчулар гол киргизгенде же оюнда жеңген учурларда оюн талаасында оппозициячыл лидер Светлана Тихановскаянын ишаратын жаңсап көрсөтүп жатышты. Алардын арасында, маселен, көп гол киргизген бомбардир Николай Януш жана аялдар курама командасынын дарбазачысы Наталья Воскобович болду.

Тасма. Николай Януштун ишараты.

Өлкөдөгү коосуздук күчтөрүнүн зомбулук аракеттерине каршы видео кайрылуу менен чыккан 93 футболчунун арасында Беларустун футбол курама командасынын мүчөлөрү (Павел Нехайчик, Егор Филипенко, Денис Щербицкий, Дмитрий Бага, Антон Чичкан, Андрей Хачатурян, Станислав Драгун, Александр Сачивко, Максим Бордачев) да болду.

Тасма. Беларус футболчуларынын видео кайрылуусу.

Хоккей боюнча чемпионат Минскиде өтпөйбү?

Келээрки жылы хоккей боюнча дүйнө чемпиондугун Минскиде өткөрүүгө каршы чакырыктар да жасалууда.

2021-жылдын 21-майынан 6-июнуна чейин хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Рига менен Минск шаарларында өткөрүлмөк.

ЭОКтун президенти Томас Бах эми бул оюндун мелдештеринин жайларынын бири катары Минск шаарынын макамын жокко чыгаруу тууралуу маселе каралып жатканын маалымдады.

Беларус хоккей федерациясынын башчысы Дмитрий Басковго Латвияга кирүүгө тыюу салынды. Эми Бах Басков тууралуу соңку чечим Муз хоккейи боюнча эл аралык федерациянын (International Ice Hockey Federation, IIHF) жетекчилиги тарабынан жакын арада чыгарылышы керек экенин билдирди.

Ал эми шведдердин «Хоккей Свериге» (Hockey Sverige) порталынын баяндамачысы Монс Карлссон: «Лукашенко үчүн хоккей – өзү үчүн жана өлкө үчүн жагымсыз бейнеден качуунун эң мыкты дарысы. «Спорт аркылуу кир кетирүү» – бул эски ыкма, спорт иш-чарасы аркылуу дүйнө жүзүндө өз беделин чыңдоо далалаты жасалып келет. Адольф Гитлер 84 жыл мурда Берлин Олимпиадасында дал ушундай ыкманы колдонгон болчу. Беларуста 2021-жылы дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү – ошол сыяктуу эле жарабаган нерсе», деп жазды.

Чынында да Лукашенко хоккейге күйөрман болуп чектелбестен, таажы вирусу араанын ачкан маалда да өз тобу менен өлкөдөгү хоккей мелдештерине оюнчу катары ырааттуу катышып келди.

Айтмакчы, жаш активист Роман Игоревич Бондаренко (Раман Ігаравіч Бандарэнка; 1.8.1989, Минск — 12.11.2020, Минск) өлкөнүн борбор шаарында нааразылык жыйынына катышкан чагындагы ур-токмоктон соң ооруканада өлгөн.

Анын өлүмүнө байланыштуу спорт чөйрөсүндө белгилүү эки инсан шек саналууда. Алардын бири – кикбоксинг боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Дмитрий Шакута. Экинчиси – Беларус хоккей федерациясынын башчысы, Минск «Динамо» хоккей клубунун башкы деректири Дмитрий Басков.

Маалыматтарга караганда, Д.Басков саал мурдараак Лукашенконун уулунун хоккей боюнча машыктыруучусу болгон. Президенттин уулу ойногон топто Шакута да ойноп жүрчү.

Азырынча Беларус бийлиги бул эки шектүүнү тең кармай элек.

Эл аралык сын. Орусиянын колдоосу

Укук коргоочулардын айтымында, жалпысынан дээрлик 30 миңдей беларус жараны ар кыл куугунтукка, ур-токмок менен коркутуунун түрлөрүнө кириптер болду.

Евробиримдикке кирген өлкөлөр жана АКШ бул шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Евробиримдиктин чечимине Украина сыяктуу дагы жети өлкө кошулду.

Европарламент демонстрант Роман Бондаренконун өлүмүнө жана башка укук бузууга байланыштуу Беларус бийлигин айыптаган резолюция кабыл алды. Айрым беларус аткаминерлерине каршы Батышта чектөөлөр киргизилди.

Расмий Кремль Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын маалымдап, Лукашенкого ар тараптуу, анын ичинде күч колдонуу жаатында да жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG