Ташкентте немис тилин окуп жаткандар тилди үйрөнүү оңой эместигин айтышат.
"Немис тили мен күткөндөн татаал болуп чыкты. Кээде "Wegen des Unterrichts habe ich keine Zeit, oder?" - "Сабактан улам окууга такыр убактым жок" деп тамашалайм. Сабак аябай көп убакытты алууда, үй-бүлөгө да, тириликке да, балдарга да көңүл бурууга дарман калган жок", - дейт Умиджон Алиджонов.
Адистиги боюнча ал фельдшер. Бул топто жалаң медициналык билими барлар отурат. Алар Германияда өз кесиби менен иштөөнү пландап жатышат. Ошон үчүн курстарда медициналык терминдерди үйрөнүүгө артыкчылык берилет".
"Башында коркуп, сабакка жетишпей калам деп тынчсыздандым. Дагы деле окуп жатам, эң кызыгы тилди жеңил өздөштүрдүм. Ошого карабай маданияты жана дини башка бөтөн эл, бөтөн жерге баратканда санааркайт экенсиң", - дейт ташкенттик медайым Малика Махкамова.
Бул адамдардын баарын Германияга алгачкы жолу аттана турган квалификациясы жогору өзбекстандыктардын карлыгачтары десек болот.
"Чындап айтканда, мени биринчи кезекте айлыгы кызыктырды, - дейт медайымдын жардамчысы Шахноза Гулмуротова. - Бала кезден саякаттап, жер көргүм келчү. Бул кыялым орундала элек. Бул долбоор жаңы мүмкүнчүлүк болуп жатат, кыялды орундатууга акча да болот", - дейт ал.
Өзбекстандыктарды Европага жөнөтүү акыркы кезде өкмөттүн башкы максаты болуп калды. Орусиядагы мигранттарга каршы маанай, миграциялык саясаттын катаалдашы, орусиялык күч түзүмдөрүнүн өзбекстандыктардын укугун бузганы Ташкентти эмгек миграциясы үчүн башка багыттарды издөөгө аргасыз кылууда.
"Эгер диверсификация тууралуу айта турган болсок, мурда эмгек миграциясы КМШ менен тыгыз байланышта болуп келсе, азыр ал Европага багыт алды. Башкы себеби - Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саясаты", - дейт Өзбекстандын Миграция боюнча агенттигинин эл аралык өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы Бобур Валиев.
Бир жыл мурда кол коюлган макулдашууга ылайык, Германия Өзбекстандын жарандарын немис компанияларына ишке орноштуруу жол-жоболорун жеңилдеткен.
Өзбекстандыктар эми транспорт, логистика, саламаттык сактоо, курулуш жана өнөр жай тармактарында ишке орношо алат.
Германиянын бийликтери Өзбекстандын жарандары үчүн виза алуу процедураларын жеңилдеткен, бирок жумушка баруудан мурда атайын программаларды окушу керек. Берлин биринчи кезекте Ташкентке 50 миң жумушчу орунун сунуштаган.
Шерине