Ички иштер министри Владимир Колокольцев иштебеген же окубаган, бекер жүргөн кишилер Орусиядан кетиши керек деп эсептейт. Ал эми элдик кошуундар мигранттарды кармоого киришти.
Орусиянын бийлиги «Крокус Сити Холлдогу» теракттан кийин башталган мигранттарга каршы ири кампаниясын улантууда. Мамлекеттик Дума караганы жаткан мыйзам долбооруна ылайык, регионалдык жана муниципалдык органдар мигранттардын балдары тууралуу жеке маалыматты жана анын орус тили сынагынын жыйынтыгын Ички иштер министрлигине берип турууга тийиш.
Ал арада Подмосковьедеги Немчиновка станциясында "элдик кошуундун" ыктыярчысы мигранттарды текшерүү деген шылтоо менен бир аялды күч менен кармаганы тартылган видео тарады. Күбөлөр айтып бергендей, станциянын кызматкерлери аялдын «мен Орусиянын жаранымын» деп кыйкырганына кымындай көңүл бурган эмес.
Бул гана эмес Сеченов атындагы университеттин Коомдук саламаттык институтунун эпидемиология кафедрасынын башчысы Николай Брико кызамыктын орус жергесинде жайылып жатышына мигранттар менен айрым диний топтор арасындагы эмделбеген адамдар күнөөлүү экенин айткан. Ошондой топтордун катарында ортодокс жөөттөр да аталган.
«Свобода» радиосу Орусиядагы ксенофобия темасын социолог Игорь Эйдман жана саясат таануучу Михаил Лобанов менен талкуулады.
- Орусияда «атайын аскердик операция» деп аталган уруштун идеологиялык максаттары «денацификация» жана мигранттарга каршы маанай менен кандайча айкалышат?
Игорь Эйдман: Согуштун максаттары делген билдирүүлөр болбогон кеп, анча билимдүү эмес орус калкынын фашизмге каршы күрөшкө байланышкан эс тутумун козгоону көздөгөн пиар аракеттер. Жакпаган нерселердин бардыгын фашизм деп атаса жетиштүү. Бул Европа үчүн да жасалган аракет. Украинада ашынган оңчулдардын режими орногон, атүгүл Путин коммунист деген ой германиялык айрым солчул адамдар арасында тараганын өз көзүм менен көрүп жүрөм. Иш жүзүндө путиндик идеология фашизмдин бир түрү, азыркы доордогу реинкарнациясы. Путиндин режими дайыма ксенофобиялык, улутчул, башка расадагы, этностогу, башка дин туткан адамдарга каршы маанайдагы болчу. Кадыровчулар ат топко кирбейт. Бирок Москвадагы славян эмес улуттар кадимкидей сегрегацияга туш болот. Мындай көрүнүш күч түзүмдөрүнүн деңгээлинде өзгөчө сезилет. Алар мигранттарды гана эмес, башка региондордон, анын ичинде мусулмандар үстөмдүк кылган аймактардан чыккан кишилерди экинчи сорттогу адам деп эсептешет.
Путиндин олигархтары жана аткаминерлери курулуш, соода жана башка тармактарда мигранттардын жумуш күчүнө муктаж. Алар мыйзамдуу түрдө акча табышат жана мыйзамсыз мигранттарды тартканы үчүн легалдуу эмес киреше да табышат. Аткаминерлер, тартип коргоочулар үчүн мигранттар жакшы акчанын булагына айланган. Москванын жана башка чоң шаарлардын бийликтерине, бизнес өкүлдөрүнө мигранттар керек. Бирок Борбордук Орусиянын түпкүлүктүү эли өзүнүн артыкчылыгын сезсин деп кезектеги душманга сөөмөй кезөөнү туура көрүшөт. Муну улуттук терс сезимдер, ксенофобия менен ойноо деп атаса болот.
- Путин Кремлде Украинадагы согушта өлгөндөрдүн ысымы түбөлүктө каларын айтып жаткан кезде, көптөгөн орусиялык аткаминерлер, полиция жана ыктыярчылар мыйзамсыз миграция менен жигердүү күрөшүп келатат. Айрым учурларда аша чаап, кармалган киши орус жараны болуп калган учурлар да жолушат. Ыктыярчыларды "мигранттарга каршы майданда" активдүү күрөшүүгө эмне түртөт?
Михаил Лобанов: Согуштун максаттары, эскалация үчүн жек көрүүнү, зомбулукту күчөтүүнү көздөшөт. Муну бийлик билип туруп жасайт, кээ бирлер, өзгөчө кимдир бирөөнү жек көрүүгө муктаж болгон адамдар алардын кылтагына илинет. Пропаганда ошондой муктаждыкты көбөйтөт, жол ачат. Күч органдарында иштегендер, элдик кошуундарга киргендердин көбү согушту колдошот, бирок өздөрү майданга барууну каалабайт. Көбүнчө алар чакан шаар, кыштактардан чыккандар. Кээ бирлеринин классташтары согуштан кайтпай калган, ал жакта эмне болушарын жакшы билишет. Урушка эмне үчүн барбайбыз деп актануу үчүн биз болбосок, ислам динин туткандар басыпалмак, алардан коргоп жатабыз, биз бул жерде керекпиз деп айтышат.
Мындан 15-20 жыл мурун көчөлөрдө ашынган оңчулдардын зомбулугу гүлдөп жаткан маалда солчулдардын антифашисттик топтору туруштук берип келген. Азыр болсо эмгек мигранттарынын билим алуусуна оурс бийлиги түзгөн тоскоолдуктарга жооп катары ыктыярчылардын демилгелери пайда болуп, балдарды орус тилине үйрөтүп жатышат. Биз орус коому туруштук берип жатканын да айта жүрүшүбүз керек.
Шерине