Камерундун президенти, 92 жаштагы Поль Бийя дүйнөдөгү эң улгайган мамлекет башчы болуп калды. Африкадагы өлкөнүн Конституциялык соту тараткан маалыматка караганда, ал добуштардын 53,66% алып дагы жети жылга президент болуп кайра шайланды.
Бийя Камерунду 1982-жылдан бери башкарып келатат. Бул анын сегизинчи президенттик мөөнөтү болуп калмакчы. Шайлоо комиссиясы 12-октябрдагы добуш берүү тынч өткөнүн билдирди. Өнөктүктүн жыйынтыгын чыгаруу үчүн комиссияга 15 күн берилген.
Үгүт кампаниясында президент бир гана жолу митинг өткөргөн. Он күн ал жеке сапар менен Европада жүрдү.
Бийядан тышкары жогорку кызмат үчүн дагы 9 талапкер ат салышты, экөө мамлекет башчынын тарапташы.
Ошол эле маалда күчтүү атаандашы, оппозиция лидери, 71 жаштагы Морис Камтону быйыл жайында шайлоодон четтетип салышкан.
Камерундуктардын көбү Бийядан башка президентти билбейт. Эмне дегенде 30 миллион калктын 60% 25 жашка чейнки жаштар түзөт. Өлкөдө инфляция, жумушсуздук, коррупция, коопсуздук өңдүү маселелер курч турат.
Эксперттер президент ал маселелерди чечпестен, бийликте калуунун амалын гана көрөрүн белгилешет.
Шерине