Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Парламент комитети уран калдыктарын рекультивациялоого уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду


"Туюк-Суу" уран калдыгы сакталган жер. Миң-Куш. Иллюстрациялык сүрөт.
"Туюк-Суу" уран калдыгы сакталган жер. Миң-Куш. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 18-июндагы жыйынында уран калдыктарын рекультивациялоо маселеси боюнча мыйзам долбоорун карады.

Анда Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосунда быйыл 26-мартта Сочи шаарында кол коюлган "Кыргызстандагы уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоодо кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо" документи үч окууда кабыл алынды.

Депутаттарга өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, Орусия бул үчүн 2 млрд 141 млн рубль бөлүп берет. Уран калдыктарын реабилитациялоону Орусиянын "Росатом" ишканасы жүргүзөт.

"Орус өкмөтүнүн 2023-жылдын 24-июлундагы буйругу менен Кыргызстандагы уран калдыктарын реабилитациялоо үчүн "Росатом" мамлекеттик корпорациясына 2 млрд 141 млн 420 миң рубль бөлүнүп берилген. Эки тараптуу макулдашууга ылайык, Кыргызстан "Росатом" ишканасын салыктан бошотууга милдеттендирилген. Салыкка кетчү акчаны толугу менен рекультивация иштерине жумшайлы деген сунуштарын беришкен. Бул акча Кажы-Сай, Сумсар, Кан, Төө-Моюн жана Кызыл-Жар уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоого сарпталат", - деди Азамат Мамбетов.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында 60 уран калдыктары сакталган жай бар. Аларды реабилитациялоо иши Европа биримдигинин жана Орусиянын гранттык акча каражатына жасалууда.

1-июнда Орусиянын "Росатом" ишканасы рекультвациялап жаткан Миң-Куштагы “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) алгач автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган. Бул окуяны иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны 2013-жылы Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы жүргүзүүдө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG