Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

ӨКМ кырсыктарды алдын алууда жасалма интеллекттин жардамын колдонот


Зындан көлү жырылгандан кийин Темир айылында жүргөн сел. Ысык-Көл району. 2024-жыл.
Зындан көлү жырылгандан кийин Темир айылында жүргөн сел. Ысык-Көл району. 2024-жыл.

Кыргызстан табигый кырсыктарды алдын алууда жаңы технологияларга, жасалма интеллекттин жардамына таянат. Коркунучту эскерткен бирдиктүү системаны Борбор Азиядагы өлкөлөр менен чогуу өнүктүрүүгө басым жасайт.

Бул тууралуу 11-апрелде ӨКМдин Бишкекте өткөн "Климаттын туруктуулугу жана табигый кырсыктарды алдын алуу" аттуу илимий жыйынында айтылды. Аны уюштурууга БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы көмөктөшкөн.

Иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдөн келген жүздөй окумуштуу жана адис катышууда. Алар табигый кырсыктарга мониторинг кылуу жана болжолдоо жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүштү.

Климат өзгөргөн шартта Борбор Азия өлкөлөрү кызматташып, апааттардын кесепетин мониторинг, болжолдоо, бири-бирине эрте кабар берүү менен азайтса болору айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов алдыдагы жылдары кырсыкты алдын алууда заманбап ыкмалар жана технологиялар зарыл экенин айтты.

“Тоолуу аймактагы мөңгүлөрдүн эриши, жаан-чачындын өзгөрүшү, тынымсыз селдердин жүрүшү кечиктирилгис жана ырааттуу аракетти талап кылат”, - деди Мамбетов.

Аталган министрликтин кызматкерлери белгилегендей, 2024-жылы Жапониянын өкмөтү жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен мөңгүлөрдөгү көлдөргө байкоо салган инновациялык система ишке кирген. Анын жардамы менен ӨКМ август айында Тоң районундагы Зындан көлү жырылганда 490 адамды эвакуация кылууга үлгүргөн.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева ӨКМдин табигый кырсыктарды алдын алууда бир катар ийгилигине токтолду. Аларды жүзөгө ашырууда ар тараптуу колдогон Жапонияга, Түштүк Кореяга, Европа Биримдигине ыраазычылык билдирди.

БУУнун Өнүктүрүү программасы 2026-жылга чейин Кыргызстанда гидрометеорологиялык кызматтарды модернизациялоо, алдын алуу ишинде санарип технологияларды киргизүү жана жеринде чукул жардам берүү дараметин колдоп келет.

Кыргызстанда өткөн жылы аймактарда жүргөн 300дөй селде 20дан ашуун адам каза тапты.

Окумуштуулар табият кырсыктарынын көбөйүшүнө климаттык өзгөрүүнү, мөңгүлөрдүн эришин, жер кыртышынын бузулушун ж.б. бир топ көйгөйлөр себеп экенин айтышат. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG