Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетти
Социал-демократтар партиясы боюнча маселени кароого Бишкек шаардык милициясынын добуш сатып алуу боюнча козгогон кылмыш иши негиз болгон. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конуров аталган партияга буга чейин эки ирет эскертүү берилгенин билдирген. 13-ноябрдын кечинде социал-демократтардан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милицияга суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген. Андан кийин Кадыр Атамбаев Султанбековду атасы менен кошо кайрадан кармап кетишкенин билдирген. Атасы кийинчерээк бошотулган. Атамбаев Султанбековго адвокаты кире албай жатканын, ага талапкерлигин алуу боюнча сунуш болгонун журналисттерге айтты. Бишкек шаардык милициясы Социал-демократтар партиясынын дооматтарына жооп бере элек. Ошол эле маалда Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалганын ырастаган.
MBANK "санкцияларды кыйгап өткөн" деген маалыматка жооп берди
АКШда жайгашкан “Тышкы саясатты изилдөө институту” (Foreign Policy Research Institute) аналитикалык борбору “Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов MBANK аркылуу Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатат” деген орус тилиндеги маалымат жарыялады. Макалада Кыргызстандын MBANK банкы АКШ жана Ервопа Биримдигинде санкцияга туш болгон орусиялык банктар, каржы мекемелери менен кызматташканы айтылат. Буга MBANK (“КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банк”) 14-ноябрда өзүнүн расмий сайты аркылуу жооп кайтарып, атаандаштардын жалган маалыматы деп сыпаттады. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) арыз жазылганын билдирди. Банк Кыргызстандын мыйзамдарын сактап, эл аралык беделдүү финансы институттар менен кызматташып, санкцияларга каршы саясаттын негизинде иш алып барарын кошумчалады. Аталган банк 16-августтан тартып, Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотконун билдирген. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар. MBANK Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы, белгилүү ишкер Өмүрбек Бабановго таандык. Саясатчы банк жөнүндө айтылган сөздөргө комментарий бере элек.
Ишкер Нуржамал Байболова "Оберон" боюнча Жогорку сотко кайрылды
Байболова Конституциялык сотко жана эл аралык сотторго дагы кайрыларын айтты. Мэриянын кызматкерлери 28-октябрда “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларынын “Оберон” ишканасына караган бөлүгүнүн администрациясына барып, Бишкек шаардык сотунун чечими менен аталган базар мэрияга өткөнүн билдирген. “Оберондун” ээси Байболова Бишкек мэриясы менен соттошуп, эки инстанцияда тең утулуп калганын айткан, соттун чечимдерин "адилетсиз" деп атап, мэриянын аракетин "менчик укугуна кол салуу" деп баалаган. Ал күйөөсү, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов ишкер Аскар Салымбеков менен бирге эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында “Дордой” базарын түптөп, кийин 1997-жылдары алар өз үлүшүн бөлүп кеткенин айткан. УКМК 29-октябрда маалымат берип, “Оберон” компаниясы “Дордойдон” 6,42 гектар жана “Орто-Сайдан” 1,68 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталганын билдирген.
ТИМ Сахалинден Кыргызстандын 11 жараны чыгарылганын билдирди
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 11 жараны миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Түштүк-Сахалин шаардык сотунун чечиминин негизинде чыгарылган. Аларга 2000 рубль өлчөмүндө административдик айып салынып, 5 жылдык мөөнөткө Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Министрлик бул өлкөдө жүргөн жарандарды миграциялык мыйзамдарды сактоого жана керектүү документтерди өз убагында тариздөөгө чакырды.
Мунун алдында sakh.online сайты Сахалин облусунда Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары "мыйзамсыз миграцияга" айыпталып, сот чечими менен аралдан чыгарылганын Федералдык сот аткаруучулар кызматына шилтеме кылып жазган. Мигранттарды аэропорттон чыгарып жатышканы тартылган сүрөттү да жарыялаган.
Израил Ливандагы жана Газадагы соккуларын улантты, HRW аны "согуш кылмышына" айыптады
Израил Ливандын борбор калаасы Бейруттун "Хезболла" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) көзөмөлдөгөн райондорун үч күндөн бери бомбалап жатат. Reuters 14-ноябрда кабарлагандай, бейшембиге караган түнү жана эртең менен да шаардын түштүк чек жакасына авиа сокку урулду, артиллериялык аткылоо болду. Кеминде беш кишинин өмүрү кыйылганы, үйлөр жана башка имараттар талкаланганы маалымдалды. Ушуну менен Ливанда Израилдин соңку бир жылдан берки чабуулдарынан кеминде 3365 адам каза тапты, 14 344 киши жараат алды. "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар. Ал эми Газа секторунда соңку бир суткада Израилдин соккуларынан дагы үч палестин каза болгонун, мындан тышкары 10 киши жараат алганын Reuters ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн бул анклавдын саламаттык сактоо мекемесине таянып кабарлады.
Иранда саясий камоолорго каршы чыккан активист жана мурдагы саясий туткун Киануш Санжари өз жанын кыйды
Маркумдун жакындары, достору ал каза болгонун тастыкташты. Мындай кадамга ал мекениндеги саясий активисттердин улам бири кайрадан кайра суракка чакырылып, камакка алынып жатканына нааразылыгын билдирүү үчүн барганы белгиленди. 2015-жылы улгайган апасына каралашуу үчүн Тегеранга кайтып баргандан бери Санжарини Ирандын чалгын мекемесинин кызматкерлери бир нече жолу суракка алып, кармап кетип, камакта кармашкан. Жанын кыярдан бир нече саат мурда ал X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) эгер Иран өкмөтү төрт активистти жана журналистти тез арада абактан бошотпосо өз өмүрүнө кол саларын эскертип жазган. "Менин жашоом ушул твиттен кийин бүтөт. Бирок өлүмгө эмес, жашоого болгон сүйүү үчүн өлөрүбүздү унутпагыла. Бир күнү ирандыктар ойгонуп, кулчулукту жеңип чыгышын каалайм", - деп жазган эле ал. Санжари 2000-жылы 17 жаш кезинде бийликке каршы нааразылык акциясына катышканы үчүн бир нече ай жалгыз камерада отуруп чыккан. Андан кийин да кеминде тогуз жолу кармалган. 2008-жылы өлкөдөн чыгып кетип, сегиз жылдан кийин АКШдан мекенине кайтып барган.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Мамлекеттик департамент башчылыгына республикачы сенатор Марко Рубиону сунуш кылды
Трамптын 13-ноябрдагы билдирүүсүндө: "Ал биздин өлкөнүн күчтүү коргоочусу, биздин союздаштардын чыныгы досу жана биздин каршылаштар алдында эч качан чегинбей турган тайманбас жоокер болот", - деп айтылды. Европа аймагында жана Жакынкы Чыгышта согуш болуп, Азия-Тынч океан аймагында Кытай менен атаандаштыгы күчөп турган шартта АКШнын башкы дипломаты кызматына, ошентип, Сенаттын чалгын, эл аралык иштер комитеттеринде эмгектенип, тышкы саясат боюнча бай тажрыйбага ээ боло алган адис келе жатат. Сенат талапкерлигин жактырса, 53 жаштагы Рубио Кошмо Штаттардын алгачкы латынамерикалык мамлекеттик катчысы болот.
МАГАТЭ Иранга сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү кыскарышы ыктымал экенин эскертти
БУУнун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси Иранды жана анын ири өнөктөштөрүн Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө "конкреттүү, сезилерлик жана көрүнөлүк жыйынтыкка" жетишүүгө чакырды. АКШда бийликке кайрадан Дональд Трамп келе жатышы менен бул маселедеги дипломатиялык мүмкүнчүлүктөр азайышы ыктымал деген кооптонуу жаралып жаткан чакта ал: "Эл аралык жана аймактык чыңалуу чынында эле бар деген фактынын өзү сүйлөшүү жана дипломатия үчүн мейкиндик кеңейип эмес, кыскарып жатканынан кабар берет", - деди 14-ноябрда Тегеранда журналисттердин алдындагы сөзүндө. Бул күнү Гросси Ирандын өзөктүк маселелер боюнча мекемесинин башчысы Мохаммад Эслами менен жолугушуу өткөрдү. МАГАТЭ башчысы Иранга 2015-жылдагы келишимден үч жылдан кийин бир тараптуу чыгып кеткен Дональд Трамп эки айдан кийин АКШда президенттик кызматка расмий киришкени жаткан маалда барды.
Тажикстанда "төңкөрүш аракети" үчүн кармалгандардын иши Жогорку сотто карала баштады
Тажикстанда бир катар белгилүү адам айыпталып жаткан "мамлекеттик төңкөрүш аракети" тууралуу иш Жогорку сотто карала баштады. "Азаттыктын" тажик кызматы жазгандай, соттун көчмө жыйыны борбор калаа Дүйшөмбүдө жабык өтүүдө. Ага соттолуучулардын адвокаттарын гана киргизишти, жакындарына кирүүгө уруксат берилген жок. Бүгүнкү отурумда кайсы маселе каралганы тууралуу Жогорку сот эч кандай маалымат берген жок, жактоочулар да эч нерсе айткан жок. "Азаттыктын" жеке булактары маалымдагандай, сегиз соттолуучу катышты. Кийинки отурум 18-ноябрга белгиленди.
Шерине