Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:38

ХАМАС барымтадагылар тууралуу жаңы видеону көрсөттү


2025-жылы 15-февралдагы туткундарды алмашуу учуру. Газа.
2025-жылы 15-февралдагы туткундарды алмашуу учуру. Газа.

АКШ жана Европада террордук уюм деп таанылган ХАМАС израилдик туткундардын жаңы видеосун жарыялады.

Барымтадагылар оор шартта кармалып турганын жакында тамак жана суу тартыш болушу мүмкүн экенин айтышкан.

Израилдик медиалардын билдиришинче, туткундардын бири Донбасстын тургуну Максим Харкин. Анын энеси, иниси жана кызынын орус жарандыгы бар. Экинчи туткундун ысымы Бар Куперштейн.

Харкиндин үй-бүлөсү туткунду тааныганын израилдик Ynet маалымат агенттиги билдирген. Бул палестиндик топ аны кармап кеткен 2023-жылдын 7-октябрынан берки алгачкы видео.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кырдаал тууралуу кабардар.

Март айында Израилдин коргонуу армиясы Газа тилкесинде 59 адамды ушу кезге чейин барымтада кармап отурган ХАМАСка каршы аскердик операциясын кайра жанданткан. Айрым маалыматтарда туткундардын бир даары каза болгон.

Израил 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын кол салуусунан 1200дөй адамдын өмүрү кыйылып, согушкерлер 250дөй кишини барымтага алгандан кийин тилкеде ири операцияны баштаган.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Израилдин аскердик операциясынан тилкеде 50 миңден ашык адам набыт болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG