Мэриянын бул демилгеси коомчулукта колдоого алынганы менен, анын аткарылышынан күмөн санагандар көбүрөөк. Бишкектеги парктардан мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкелерин кайтаруу боюнча дымактуу демилгелер буга чейинки мэрлердин тушунда да айтылып, бирок оңунан чыкпай келген.
"Демилгенин ишке ашаары күмөн"
Мэр Айбек Жунушалиев борбордун түштүк жагындагы аянты 107 гектарды түзгөн Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын 1992-жылдагы абалга келтирүү боюнча токтомго кол койгону 12-апрелде расмий кабарланды.
"Ошентип, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер сейил бакка кайра кайтарылышы керек", - деп айтылат маалыматта.
Документке ылайык, калаанын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине, Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына жана Октябрь райондук акимчилигине 107 гектарга кирген жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү, сейил бактын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктөрдү бузуу, зыянды күнөөлүү адамдардын эсебинен калыбына келтирүү жана сейил бактан жер тилкелерин бөлүп берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн прокуратурага кайрылуу милдети тапшырылган.
Ишкер Рысгүл Акимжанова бул демилгеден бир жыйынтык чыгарына ишенбей турат:
"Ар бир бийликтин тушунда, керектүү маалда бул тема көтөрүлөт. Муну маалыматтык манипуляция десек туура болобу, билбейм. Ошондуктан ишке ашаары күмөн. Экинчиден, жерлерди кайтарып алуу кандай процедура менен коштолот? Кайсы укуктук талаада ишке ашат?" - деп суроо салды Акимжанова.
"Үйлөрдүн баары бузулбайт"
Жогорку Кеңештин депутаты, Ататүрк паркындагы мыйзамсыз курулуштардын маселесин парламентте бир канча жолу көтөргөн Дастан Бекешев мэриянын токтомун коомчулук бир аз жаңылыш кабыл алып жатканын белгиледи:
"Баары ошол жерге курулган көп кабаттуу үйлөр, хансарайлар бузулат деп ойлоп калды. Андай болбойт. Мыйзамсыз курулуштар гана түртүлөт. Негизи, ал жактагы имараттардын көбүнүн жери мыйзамсыз берилип, кийин аны мыйзамдаштырган токтом жана соттун чечими чыккан. Алар ошол бойдон эле калат. Бул тарыхый чечим. Парктын чек арасы аныкталгандан кийин жаңы курулуштар болбошу керек".
Парктын аймагындагы курулуштардын мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин аныктоо механизми тууралуу "Азаттыкта" азырынча так маалыматтар жок.
Жер алган аткаминерлер
Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аймагы азайып, жер тилкеси кантип жеке колдорго өтүп кеткенин иликтешкен. Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, мурдагы мэрлер Медетбек Керимкулов, Данияр Үсөнов, Арстанбек Ногоев жана Нариман Түлеевдин тушунда эки жүзгө жакын адам жер тилкесин алышкан. Алардын катарында мурдагы министрлер: Болот Абилдаев, Ильяс Давыдов, Мустафа Кидибаев, Курманбек Осмонов, Калыкбек Султанов, Турсун Турдумамбетов, Абдылда Суранчиев, Өмүрбек Кутуев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Александр Костюк; мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин апасы Мария Нанаева, Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Нариман Түлеев менен Кубанычбек Кулматовдун аталары Ташполот Түлеев менен Кеңешбек Кулматов, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы депутаттар, соттор, прокурорлор жана башка аттуу-баштуу адамдар бар.
Жээнбеков парктын аймагынан алынганы айтылган тилке тууралуу 2019-жылы комментарий берип, жер 2003-жылы Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда депутаттарга берилгенин айткан. Ал кезде Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
"Коомчулук көзөмөлгө алышы керек"
Талдоочу жана журналист Адил Турдукулов да аталган парктагы мыйзамсыз жер бөлүштүрүүлөр тууралуу иликтөө жасаган. Ал азыркы демилгени кубаттап, муну аягына чыгаруу жагын коомчулук көзөмөлгө алышы керек деген ойдо:
"Мэр мындай кадамга өз каалоосу менен барбаса керек. Президенттик администрация менен кеңешип, мамлекет башчынын да макулдугун алгандыр деген божомолум бар. Анткени өзүнүн күчү жетмек эмес. Эгер президенттин каалоосу болсо, бул ишке ашат деген үмүт бар. Бирок ал жерлердеги үйлөр экинчи колдорго сатылып кеткен учурлар бар. Бул жагынан алып караганда, үйлөрдүн жаңы ээлеринин укуктары кандай сакталат деген маселе бар".
Турдукулов Ататүрк паркынын жерине турак жай салгандардын арасында саясий да, каржылык да таасири күчтүү адамдар бар экенин белгилеп, күрөш оңой болбой турганын кошумчалады.
Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов шаардагы парктардан мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкелерин кайтаруу боюнча демилге көтөргөн. Бирок ал аягына чыккан эмес. Ага чейинки калаа башчылары Кубанычбек Кулматов, Иса Өмүркулов да ушундай эле маселени көтөрүп, өтөсүнө чыга албай калган.
“Арча демилгелери” коомдук фонду Бишкекте 2014-2021-жылдар аралыгында 479 гектар жашыл аймак жоголгонун аныктаган. Адистер буга суунун жетишсиздиги, бак-дарактардын каралбай калганы эле эмес, мыйзамсыз курулуштар да себеп болгонун айтышат. Бул беш жүз гектарга жакын жашыл аймактын катарында Ататүрк сейил багынын 43 гектары да бар.
Ататүрк сейил багы 1957-жылы негизделип, анын аймагынан жерлер там-таш курууга 1994-жылдан тарта бериле баштаган. Мунун натыйжасында парктын аянтынын теңине жакыны азайган. Документтерге ылайык, паркта 40 түрдүү бак-дарак бар.
Бишкек шаарында азыркы учурда 250 миңдин тегерегинде гана бак-дарак калды. Бул шаардын жалпы аянтынын 10 пайызына да жетпейт.