Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

"Лицензияны “Лалафодон” сатышкан". Курулуштагы башаламандык


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Кыргызстандагы 558 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду.

Мамкурулуш алар мыйзам бузганын жана лицензиясын кайтарып алуу жолу менен бул тармакты тартипке салууну көздөгөнүн айтууда. Курулуш тармагындагы бул аракеттен майнап чыгабы?

Кыргызстандагы 558 курулуш компаниясынын лицензиясы 90 күндүк мөөнөткө токтотулду. Бул чечим өкмөттүн былтыр декабрда “Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” жаңы жобонун негизинде чыгарылганын Мамлекеттик курулуш агенттиги маалымдады.


Аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары Талантбек Иманакун уулунун айтымында, 550дөн ашык компанияны атайын комиссия изилдеп чыгып, мыйзам бузуулар аныкталганы үчүн лицензиясын убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган.

"Лиценщзиялоо жана сертификациялоо” боюнча өкмөттүн жаңы токтому чыкты. Буга чейин мамкурулуштун жобосуна ылайык, 1,2 жана 3-деңгээлдеги лицензиялар болгону миң сомдон берилип келген. Ошентип отуруп соңку он жылда 8 миңге чукул лицензия берилген. Анын азыркы учурда 3,5 миңи гана иш алып барат. Калганы Lalafo.kg аркылуу 3-5 миң доллардан сатылып, кээси сандыктын түбүндө катылган бойдон жатат. Ошондуктан бул тармактагы көмүскө коррупцияны жоюп, мамлекеттин эсебине каражат түшүрүү үчүн жаңы жобо жазып чыктык. Ага ылайык, соңку үч жылдан бери салык төлөмдөрү жасалбай, иштетилбей турган лицензия болсо, кайтарып алабыз. Салык кызматына тиешелүү маалыматтарды алуу үчүн документтерди жөнөттүк. 558 лицензиядан сырткары дагы башкаларын текшерүү иштери улана берет".

Мамкурулуштун расмий сайтындагы маалыматка караганда, лицензиясы убактылуу токтотулган 558 компаниянын 268и Бишкек шаарында катталган.

Калганы Кыргызстандын аймактарында экени көрсөтүлгөн. Эми лицензиясы убактылуу жокко чыгарылганы менен курулуш компаниялары өз каталарын жойгону тууралуу документтерди даярдап, Курулуш агенттигине кайрылышы керек.

90 күн ичинде аталган агенттикке арыз түшпөсө, бул лицензиялар жокко чыгарылат.

Буга чейин Мамкурулуштун жетекчиси Орунтаев ушул эле лицензиялар убагында миң сомдон сатып алынып, кайра “Лалафо” өңдүү платформалар аркылуу 4-5 миң доллардан колдон колго сатылып келгенин айткан.

Орунтаев мындай көрүнүштү токтотуу үчүн иш-аракеттер көрүлүп жатканын да белгилеген.

“Иштеген компаниялар жабыркап калбашы керек”

Бишкектин бир нече жеринде турак жай куруп, эксплуатацияга берген “Аалам Строй” курулуш компаниясынын түптөөчүлөрүнүн бири Мелисбек Иманалиев курулушка лицензия берүү иши бир тартипке салынышы керек деп эсептейт.

Маселен, 2015-жылдардан бери көзөмөлсүз берилип келген бул документтин айынан калк арасында көптөгөн нааразылык жаралган.

“Сапатка жетүүнүн башка жолу жок. Мамлекет лицензияларды көзөмөлдөө аркылуу курулушту иреттей алат. Лицензияны алып коюп, андан пайда көрүп жүргөндөрдү буга чейин көп эле көрдүк. Эми бул тармакты өнүктүрүү үчүн өзгөрүүлөр болот деп турам. Бирок бул үчүн талап күч болгону жакшы. Бул жерде дагы бир маселе бар. Мисалы, лицензияларды кайтарып алууда комиссия ачык-айкын иштегени жакшы. Анан колу-бутун кайрып эле иштеп жаткан компаниянын лицензиясын кайтарып алса, анда болбой калат. Иштебей аткан компанияны аныктап, реалдуу иш алып барса, жыйынтык жакшы болот”, - дейт Иманалиев.


Бул тармакта бир топ жылдардан бери келаткан дагы бир “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын ээси Чолпонбек Акматов да лицензияларды убагында болбогон акчага алып, бирок аны бүгүнкү күнгө чейин иштетпей келгендер бар экенин четке какпайт.

Мамкурулуш агенттиги берилген мындай документтерди кайтарып алуу менен башка да компанияларга коңгуроо кагып, алардын сапаттуу иштөөсүнө түрткү болот дейт Акматов:

“Азыркы тапта колго берилген лицензиялардын саны жети миңден ашыптыр. Бул Кыргызстан үчүн абдан эле көп. Иштебей тура бергендерин иретке келтиргендин эмнеси жаман? Эми лицензиясы бар башка да компаниялар эртеңки күнү менин да документим кетип калбасын деп ойлонот, жакшы иштегенге, ишин сапаттуу аткарууга тырышат. Ошол эле салыкты убагында төлөгөнгө өтөт. Лицензия алуу - бул бизнес же алып-сатуу эмес, бул өмүр бою сенин мойнуңда турган жоопкерчилик. Сен курган үй, имарат үчүн жооп беришиң керек. Айрым лицензия ээлеринин кайдыгер мамилесинен улам баарыбыз жооп берип калып атабыз айрым учурларда. Мисалы, бир эле прораб улам бир жерге барып сертификатын көрсөтүп, лицензия алууда “ижарага кран” деп көрсөтө берет. Мына ушундайларды көзөмөлдөш керек. Андан сырткары үлүшчүлөрдү алдап кеткен айрым жоопкерчиликсиз курулушчулар үчүн баарыбыз жооп берип жатабыз, баарыбызга көлөкө түшүүдө. Мен, мисалы, бул курулуш тармагына кириш үчүн 10 жыл долбоор чийип жүрүп, миң ойлонуп атып киргем. Бул тармак оюнчук эмес”.

“Курулушта мыктылар калышы керек”

Курулуш боюнча адис, Кыргызстандагы куруучулар ассоциациясынын демилгелүү тобунун мурдагы мүчөсү Өмүрбек Мамбетибраев агенттиктин лицензияларды кайтарып алуу боюнча демилгесин колдоп жатат. Маселен, калк арасында айрым курулуш компанияларга болгон ишеним азайып, анын айынан көбү мүлк алам деп салган акчасынан кол жууп калууда. Лицензияларды кайтарып алуу менен агенттик бул тармактагы адистердин жоопкерчилигин күчөтүп, ишин натыйжалуу аткарууга түрткү берет дейт адис:

“Иштебеген лицензиялар кайтарып алынышы керек. Бул бизнеске айланып кеткени анык. Азыр иштеген чоң компаниялар токтобой эле, курулуштун сапатын ошолор көтөрүп атат. Бул тармакта мыктылар калышы керек. Мен муну илгерки Советтер Союзундагы абалга салыштырып айтам. Илгери бул тармактын абалы начар болчу, азыр дүркүрөп өнүгүүдө. Бирок дагы бир орчундуу маселе – курулушту банктык коштоо. Азыр көбү акчасын ала албай атканын айтууда. Ошонун шарттарын жеңилдетип берсе болмок”.


“Документ берүү онлайнга өтүшү зарыл”

Мамкурулуштун соңку аракети жакшы ниетте болгону менен, кезектеги коррупциялык схеманы пайда кылбайбы деген чочулоолор да бар.

Дал ушул маселени көтөргөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов документ берүүнү бүт бойдон санарип тартипте жүргүзүп, адамдык факторду жоюу керек экенин айтат:

“2020-жылдагы коронавируска байланыштуу көптөгөн компаниялар ишин токтотту. Бирок лицензияны кайтарып алуу менен эле коррупция жоюлуп кетет дегенден алысмын. Мисалы, “уруксат алуу” дегенди элибиз ар кимге жалдырап туруу деп билишет. Мыйзамдын негизинде, бир тартипте иш жүргүзүү ордуна эшик сагалап, суранып турганга көнүп калганбыз. Биз мындан алыстап, санарип документ берүүгө, онлайн иштегенге өтөлү. Эч кандай кезек күтүү, кабинеттин эшигин тыкылдатуу деген болбошу керек. Баары электрондук негизде жүрсө, курулушчулардын иши кыйла жеңилдейт. Мындай тажрыйба көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө бар. Чиновник ишкердин дайыма убара тартышын туура көрөт, ишкер болсо, тескерисинче, баары жеңил болсо дейт. Мунун баарын калыс кароо үчүн жакшы мыйзамдар болгону жакшы. Антпесе ошол эле уруксат кагаздарды ким берет? Адам берет да, демек адамга байланыштуу система түзбөй, онлайнга өткөнүбүз жакшы”.


Кыргызстанда соңку жылдары курулуш тармагы жанданып, Бишкек, Ош баштаган шаарларда курулуш активдүү жүрүп жатат. Бул тармак ишкердиктин кирешелүү тармагы болгондуктан, мында иштөөнү каалагандар көбөйгөн. Бирок алардын арасында үлүшчүлөрдү ара жолдо калтырып, алдап кеткендер маселеси өкмөттө бир нече жолу көтөрүлгөн.

Курулуш компанияларына берилип жаткан лицензияларга байланыштуу маселе 2023-жылдын соңунда да көтөрүлгөн. Анда өкмөт тармакты иретке салуу үчүн курулушка лицензия берүүнү токтотуп, жаңы жылдан тартып жаңыртылган ченем жана эрежелер киргизилерин айткан. Ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган курулуш компаниялардын “кара тизмеси” түзүлүп, өлкөдө алардын ишмердигин улантууга мүмкүнчүлүк берилбей турганы да баса белгиленген эле.

Маселен, соңку жылдары бир нече көп кабаттуу үйлөрдөн үлүшчү болуп батир алган жарандар өкмөткө кайрылып, курулушту бүтүрбөй качып кеткен компания ээлерин жоопко тартууну суранып келген.

XS
SM
MD
LG