Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Кыргызстандын санарип экономикасы канткенде өнүгөт?


Уюлдук телефон аркылуу баарлашуу (иллюстрациялык сүрөт).
Уюлдук телефон аркылуу баарлашуу (иллюстрациялык сүрөт).

Өкмөт экономиканы санариптештирүү, жогорку технологияларды жайылтуу боюнча атайын программаларды кабыл алган. Алардын айрымдарын ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылы аяктады.

Арийне, расмий маалыматтар санарип экономиканын ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү өтө жай өсүп жатканын көрсөтөт. Санарип экономиканын өнүгүшүн тездетүү үчүн кандай чаралар талап кылынат?

Бишкек шаарынын тургуну Сүйүнбек соңку кездери онлайн соода көбөйүп, санарип технологиялар калк арасына кеңири жайылып баратканын айтат. Бирок өзү орто муундун өкүлү катары санарип кызматтарды көп колдонбойт.

“Менин жеке мисалымдан алсам, банктарда кезек мурункудан бир кыйла азайып калганын байкадым. Азыр МБанк сыяктуу мобилдик банкингди көп колдонуп калышты да. Балдарым азыр онлайн буйрутмага өтүп алыптыр. Тамак-аш буйрутма бере коюп, “мен буйрутма берип койдум, жеткирүүчү келди, төлөп коюңуз” дегенсип. Аялым МБанк тиркемени көп колдонуп, акчаны накталай эмес кармайт, ошого көнүп алган. Мен бул жагынан бир аз консервативдүүмүн. Бирок, байкасаң, азыр жаштар бүт эле ошого өтүп алган. Эгемендик жаштарынын санариптештирүүгө ыңгайланышы оңой болуп жатат. Мен 2015-жылы Германияда жүрдүм, алар ошол кезде эле санарипке жапырт өтүп калган болчу. Менин кошуна балдарым (немистер) дүкөнгө барып бир нерсе сатып алайын десем, күлүшчү. “Мына, мындай эле кылат” деп уюлдук телефонуна кирип, товарга буйрутма берет, анысын DHL алып келип берип коёт. Жаңы муун дүкөнгө басып барбай, ошондойго көнүп алган. Бизде дагы азыр жаштар ошондой. Байкап көрсөң, көбүнчө онлайн буйрутма беришет. Инстаграмдын популярдуулугунун себеби да ошондон да. Кыздар деле көйнөк алам десе, инстаграмдан карап туруп эле акчасын которот, жеткирүүчү алып келип берет. Ошон үчүн жеткирүү кызматы өнүгүп жатат. Байкадыңбы, жеткирүүдө пакистандыктар көп иштей баштады. Себеби рынок чоңоюп жатат”, - дейт Сүйүнбек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 19-январь күнү социалдык тармактагы баракчасында кайда жүрбөсүн санарип кол тамга аркылуу мамлекеттик чечимдерди кабыл алып жатканын, мында жаңы технологиялардын кудурети күчтүү экенин жазды:

"Мен мына азыр 12191 метр бийиктикучуп баратып, кабминдин жыйырма чакты документине, кирген, чыккан каттарына, бир канча жетекчиликке маалымат-сунуш катка, министрликтерге жана администрация жооптуу кызматкерлерине бериле турган тапшырмаларга кол койдум. Бул булуттун үстүндө. Бирок азыр мамлекеттик жумуш, сыртка иш сапарга чыгабызбы, мекен ичиндеби - бир саатка да документтер токтобойт. Мамлекеттик машина иштейт. Ушул электрондук документ жүгүртүү системасын мурунку бир канча жетекчилер аракет кылганда, ишке ашпай калган. Азыркы президентибиз Садыр Жапаров өзү техникага, технологияга жакын болгон үчүн, бизди кагаздан санарипке өткөзө алды. Катуу көзөмөлгө алган баш вазири Акылбек Жапаровго мен өзүм "коюңузчу, али эрте го" деп айтканым да эсимде. Мына эми үзүрүн көрүп жатамын".

Кыргыз өкмөтү 2019-жылы “Санарип Кыргызстан 2019-2023” деп аталган концепция кабыл алган. Документте санарип трансформация өлкөдө технологиялык өзгөрүүлөрдү жаратары жана экономиканын атаандашуу жөндөмүн, жарандардын жашоо деңгээлин жана мамлекеттин натыйжалуулугун арттырары белгиленген.

2021-жылы “Кыргызстандын санарип экономикасы 2021-2023” деген концепция кабыл алынган. Концепция өзүнө санарип билим берүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында адам ресурстарын өнүктүрүү, туруктуу санарип инфратүзүм иштеп чыгуу, “E-Gov электрондук өкмөт” куруу жана санарип экономиканы өнүктүрүүгө шарттарды түзүү сыяктуу иш-чараларды камтыйт.

Эки документтин тең аткаруу мөөнөтү 2023-жыл менен аяктады. Бул документтердин аткарылышы жана алынган натыйжалары тууралуу бирдиктүү расмий маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Экономика жана коммерция министрлиги концепциянын аткарылыш жана санарип экономиканын абалы тууралуу маалымат берген жок. Министрликтин өкүлдөрү бул Санарип өнүгүү министрлигинин компетенциясына кирерин билдиришти. Ошол эле маалда Санарип өнүгүү министрлиги да концепциянын аткарылышы тууралуу жыйынтык маалымат жок экенин жана аны даярдоого убакыт керектигин айтып, расмий маалымат берүүдөн тайсалдады.

Санарип экономика жаатындагы расмий иштер

Санарип экономика деген эмне жана анын өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Маселен, заманбап ишкерлер өзүнүн бизнесин смартфондун же компьютердин жардамы менен аралыктан туруп башкарышат. Телемедицина аркылуу интернет тарткан кайсы жерде болбосун күнү-түнү жогорку деңгээлдеги медициналык кеңештерди алабыз. Өндүрүштө дагы бюрократияны азайтып, айрым бизнес-процесстерди ылдамдаткан көптөгөн опциялар пайда болду. Компаниялар электрондук санарип кол жазма аркылуу документтерге кол коюшат, эсепчилер эшик жыртпай, финансылык отчётторун санарип форматта бүтүрө алышат. Логистикада дагы керектүү товарды ыкчам тандап, анын жеткирилишин онлайн көзөмөлдөп турабыз. Мунун баары санарип экономиканын элементтери болуп саналат.

Расмий маалыматтарга таянсак, кыргыз өкмөтү санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн бюджеттен жылына 500 млн сом каражат бөлөт.

Өкмөт соңку жылдары салык жана бажы кызматтарын санариптештирүү ишин активдүү жүргүзүп келет. Соода жаатында көзөмөл-кассалык машиналарды, электрондук эсеп фактураларды жана электрондук товардык-транспорттук коштомолорду жайылтуу, бажыда электрондук сканер, маркировкалоо, пломбалоо сыяктуу санарип технологиялар киргизилип жатат. Мындан тышкары, саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарбасы жана финансы тармактарында да санарип технологиялар жайылтылууда.

“Санарип Кыргызстан 2019-2023” программасын ишке ашыруу мөөнөтү аяктагандыктан, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана санарип экономикага түрткү берүүнүн заман талабына жооп берген жаңы концепциясы иштелип чыгары жарыяланган.

Эксперттердин арасында санарип бизнес өнүгүшү үчүн мамлекеттик санарип кызматтар жакшы жолго коюлушу керек деген пикир үстөмдүк кылат.

Санарип кол тамгага ээ ар бир жаран мамлекеттик кызматтарды уюлдук телефону же компьютери аркылуу эле ала алат. Унаа, үй-жай жана башка мүлктөрдү сатууда же сатып алууда, банктардан эсеп ачууда, акча которууда, маалымкаттарды алууда, жумушка орношууда, салык төлөөдө жана товарга буйрутма онлайн тиркемелер аркылуу берилет.

Салыктык администрациялоону санариптештирүү дагы мамлекетке бир кыйла жеңилдиктерди берет. Төлөнгөн салыктын дагы көлөмү өсөт.

Санарип экономика жаатындагы эксперт Аман Тентиев санариптештирүү экономиканын структурасын өзгөртүп жатат деп эсептейт:

“Санарип экономика өнүгүшү үчүн төлөм системасы, төлөм уюмдары жана төлөм чечимдери болушу керек. Бул биринчи бөлүгү – мунун баары бар бизде. Экинчиси, санарип чечимдер аркылуу маркетплейстерди жана ар түркүн онлайн сервистерди өнүктүрүү зарыл. Азыр бардык компаниялар менен банктар онлайн кызмат көрсөтүүгө аракет кылышат. Анүчүн Санарип министрлиги онлайн сатып алууга, онлайн кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек. Алар азыр ушундай чечимдерди акырындан, этап-этабы менен ишке ашырып жатышат. Үчүнчүсү, логистикалык тейлөө – бул кампаларды, бондулук кампаларды куруу. Мамлекет бул жаатта жакшы аракеттерди кылып жатат. Ушул үч жагдай санарип экономиканын өнүгүшүнө жакшы түрткү берет”.

Санарип экономиканын инфратүзүмдөрү

Санариптештирүү жана жаңы технологияларды жайылтуу экономикадагы өндүрүштүк чыгымдарды кыскартат, өндүрүмдүүлүктү жогорулатат, ишканалардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн арттырат жана бизнестин жүрүшүн тездетет. Адистер белгилегендей, ал үчүн санарип инфратүзүмдөрдү иштеп чыгып, сапатын арттыруу зарыл.

Санарип экономиканын инфратүзүмү негизинен мыйзамдардан, институттардан, интернет байланыштан жана онлайн платформалардан турат.

Соңку эки жылда санарип экономиканы алдыга жылдыруу жаатында Кыргызстанда бир катар мыйзамдык документтер дагы кабыл алынды. 2022-жылы “Электрондук соода жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Салык кодексинде да электрондук соода жаатында атайын бөлүм камтылган. 2022-жылы август айында “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Мыйзам боюнча креативдүү индустрия деп чыгармачылыкка (жаратмандыкка) жана талантты, инновацияларды, технологияларды, маданий мурастарды колдонуу менен интеллектуалдык өнүмдү жасоого негизделген экономикалык ишмердиктин түрү аталат. Ал жылы санарип экономиканы өнүктүрүү жаатында Бишкекте бир катар эл аралык фестивалдар жана форумдар болуп өттү.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров 2023-жылы февраль айында Дубай шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин панелдик сессиясында сүйлөгөндө, Кыргызстан креативдүү экономиканы активдүү өнүктүрүп, креативдүү индустриялар паркын түзгөнү жатканын билдирген. Анын айтымында, креативдүү индустриялар паркы жаратман экономикалык ишмердиктин 100 түрү боюнча эң ыңгайлуу салык төлөө шартын түзөт.

“Соңку эки кылым бою үстөмдүк кылып келген ресурстук экономика планетаны жабыркатып, анын натыйжасында биз дүйнөнүн чар тарабында ар кандай кырсыктар менен коштолгон климаттын өзгөрүшүн баштан кечирип жатабыз. Мындан улам 21-кылымдын өкмөттөрү негизги өзөгү “жашыл”, креативдүү жана санарип экономикадан турган неоэкономикага өтүп жатышат. Бул айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт. Кыргызстанда соңку жарым кылымда 20-30% мөңгүлөр эрип кетти, окумуштуулардын божомолуна караганда, ушул жүз жылдыктын аягына карай 80%га чейин мөңгүдөн ажырап калуу тобокелдиги бар. Ошондуктан биздин 21-кылымдагы артыкчылыктуу максатыбыз – энергиянын жаңырып туруучу булактарынын заманбап технологияларын жайылтуу, электр транспортун өнүктүрүү, органикалык дыйканчылыкка өтүү жана интенсивдүү малчылыкка өтүү”, - деген эле А. Жапаров.

“Креативдүү индустриялар паркынын” резиденттери үчүн 2023-2024-жылдары 0,5%, 2025-2026-жылдары 1%, ал эми 2027-жылдан тарта 2% бирдиктүү салык ченеми бекитилген.

Мыйзамга ылайык, Креативдүү индустриялар паркы коомдук фонд катары катталат, ага катталган резиденттердин кирешесинин 1% мүчөлүк акы катары төлөнөт. Алгач бардык административдик чыгымдарды жаап, андан арткан каражат уюмдун финансылык портфелин түзөт. Ал акча-каражаттары креативдүү индустриялардын экосистемасын өнүктүрүүгө багытталат. Маселен, резиденттердин арасында иш-чараларды өткөрүү, алардын өнүмдөрүн сырткы чөйрөгө таанытуу жана жаратмандардын экономикага кошуп жаткан салымын эсептөө иштери жүрүп турат.

Айрым эксперттер өкмөттүн бир нече тармакты атайын салык режими менен колдоого алуусу Борбор Азияда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча алгачкы тажрыйба деп эсептешет. Бирок “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алынганы менен, аны ишке ашыруу боюнча механизмдерди (ченемдик актылар, жоболор) түзүү иштери бир топ создукканын белгилешет. Мындан улам парктын байкоочу кеңеши куралбай турат жана директору шайлана элек. Ошол себептен парктын өзү дагы юридикалык каттоодон өтө элек.

Санарип технологиялар соода-сатык, кызмат көрсөтүү жана финансы жаатында өзгөчө кеңири жайылган.

Кыргызстандын креативдүү (жаратман) индустриялар ассоциациясынын директору Назгүл Кубакаева ресурстук экономикада чийки зат, техника, курулуш өңдүү чыгымдар көп сарпталарын, ал эми санарип экономикада чыгармачылык менен инсандык капиталдын ролу чоң болорун айтат:

“Бизде азыр жаратман экономика эмне себептен өнүкпөй келет? Себеби бизде чөйрөбүз таштак жердей же болбосо суу акпаган, бак-дарактар жок чөл сыяктуу. Демек, экосистема керек. Ошол экосистеманын пайда болушуна креативдүү индустриялар паркы жана ассоциация сыяктуу бирикмелер чоң өбөлгө түзөт. Себеби ал жерде, биринчиден, суроо-талап, экинчиден, сунуш пайда болушу керек. А биз сунуш жарата алгыдай мамлекетке айланышыбыз керек. Ошондуктан биз ассоциация катары биринчи күндөн баштап “Жаратман Кыргызстан” деген теманы өнүктүрүп атабыз. Негизи креативдүүлүк жоктон бар кылып, эски өңүттөгү нерсеге инновациялык ыкмалар аркылуу жаңы көз карашты тартуулоо дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн “Жаратман Кыргызстандын” ичинде адам капиталы пайда болуп, ал экономикага пайда алып келе тургандай, чек араны тааныбаган креативдүү өнүмдөрдү өнүктүрө баштаса, бул экономикага кыйла эле жакшы таасир этет. Жаратман экономиканын дагы бир артыкчылыктуу мүнөздөмөсү – бул мультипликативдүү эффекти. Мисалы, кино тармагын же музыканы алалы. Эгерде бизден ошондой кыйын, чыгармачыл өнүмдөрдү сунуштаган инсандар же топтор пайда болсо, демек, Кыргызстанга кызыкчылык артат. Кыргызстанга келип жашагысы, көрүп кеткиси келген туристтер көбөйөт. Туристтер келсе, демек, бизде мейманканалар, транспорт системасы, кызмат көрсөтүү жагы, дүкөндөрдүн деңгээли, тамак-аш жагы жакшырат, медициналык кызматтарды көрсөтө билгидей мыкты экосистема түзүлөт. Мультипликативдүү эффектиси ошол”.

“Гарвард Бизнес Ревью” басылмасынын маалыматтарына ылайык, дүйнөдөгү эң санариптешкен экономика катары АКШ, Улуу Британия, Нидерланд, Норвегия жана Жапония өлкөлөрү эсептелет.

Санарип экономикасы өнүккөн өлкөлөрдү төмөнкү артыкчылыктуу багыттар айырмалап турат:

- санарип керектөө инструменттерин жайылтуу (интернет соода, санарип төлөмдөр, оюн-зоок ж.б.);

- IT-адистерди тартуу, окутуу жана кармап калуу;

- санарип стартаптарды өстүрүү;

- ылдам жана жеткиликтүү интернет менен камсыздоо;

- санарип товарларды, кызматтарды жана медиаларды экспорттоого адистешүү;

- уюшулган инновациялык процесс: университеттер, бизнес жана санарип өнүгүүгө жоопкер министрлик.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов Digital Fest 2022 деп аталган эл аралык форумга катышканда, санарип технологиялар экономиканын тармактарынын натыйжалуулугун арттырарын билдирген. Анын айтымында, 2022-жылы Кыргызстандагы санарип экономиканын ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү 0,7% түзгөн. Евразия өнүктүрүү банкынын баалоосу боюнча, 2017-жылы бул көрсөткүч 0,4% болчу.

Салыштыруу үчүн карап көрсөк, Казакстандын көрсөткүчү 3,9%, Орусияныкы 3% деп эсептелет.

Интернет – санарип экономиканын кан тамыры

Кыргызстан санарип экономиканын кыймылдаткычы болгон интернеттин ылдамдыгы жана жеткиликтүүлүгү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы саптардын биринде баратат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын соңуна карай уюлдук байланышка кошулгандардын саны 7 млн 437 миң абонент болгон. Интернетти активдүү колдонуучулардын саны 6 млн 469 миң кишиден турган.

Талантбек Иманов 2023-жылы июнь айында Санарип өнүгүү министрлигин жетектеп турганда, АКИпресс маалымат агенттигине маек курган. Анда министр Кыргызстандын 2000 ашуун калктуу конуштары интернет менен камсыздалганын, бул 97% ашарын билдирген. Интернет байланышы жете элек 20 ашуун айыл калган, алардын көбүндө электр жарыгы да жок.

2022-жылы Кыргызстанда 5G муунундагы интернетти жайылтуу боюнча иш-аракеттер башталган. Бишкек менен Ош шаарларында атайын жабдыктар орнотулуп, сыноо иштери жүргүзүлгөн. Иманов интернеттин 5G муунун жайылтуу үчүн өлкөдө ошол стандартка шайкеш келген уюлдук телефондор көбөйүшү зарыл экенин айткан. Учурда Кыргызстанда 5G стандартындагы интернетти кармаган телефондор болгону 5% түзөт.

Британиялык Cable.co.uk порталынын 2023-жылдагы изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда уюлдук интернеттин 1 гигабайты 17 цент же 15,5 сом турат. Бул 237 өлкөнүн ичинде эң арзан баалардын бири болуп саналат. Мындай тариф менен Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 8-сапта, ал эми Борбор Азияда эң алдыда турат.

Speedtest Global Index сервиси интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнөдөгү 180ге чукул өлкөнүн ар айлык рейтингин жасап турат. 2023-жылдын декабрь айында Кыргызстан кең тилкелүү интернеттин ылдамдыгы боюнча 178 өлкөнүн ичинен 91-орунду ээледи. Ал эми мобилдик интернеттин ылдамдыгында мурунку айга караганда 8 орунга артка кетип, 100-орунга түштү.

Кыргызстан кең тилкелүү интернеттин ылдамдыгы боюнча Борбор Азия аймагында Өзбекстандан кийинки орунда турат. Андан кийин 98-орунда Казакстан, 130-орунда Тажикстан жана 172-орунда Түркмөнстан турат.

Ал эми мобилдик интернеттин ылдамдыгы соңку 7-8 айдан бери төмөндөп кеткен. Борбор Азияда алдыда Казакстан (72-орун), экинчиде Өзбекстан (95-орун), үчүнчү орунда Кыргызстан (100-орун) жана төртүнчүдө Тажикстан (141-орун) турат. Түркмөнстан рейтингге кирбей калган.

Уюлдук интернеттин ылдамдыгы боюнча Cable.co.uk порталынын изилдөөсүндө Кыргызстан дүйнөдөгү 220 өлкөнүн ичинен 142-орунду ээлеген. Борбор Азия аймагында Өзбекстандан (131-орун) кийинки орунда турат.

Кыргызстандын жаратман (креативдүү) индустриялар ассоциациясынын директору Назгүл Кубакаева Кыргызстанда интернеттин мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла жогору экенин айтат:

“Биз башынан эле тоолуу мамлекетпиз, деңизге чыгуу жолубуз жок, темир жол системабыз өнүккөн эмес деп айтып келебиз да. Бирок азыркы технологиялар доорунда биздин океан жана темир жолубуз – бул интернет. Интернет мындан да жакшы болсо болмок. Бирок, менин билишимче, бизде Борбор Азия боюнча эң арзан мобилдүү интернет Кыргызстанда. Сапаты, ылдамдыгы боюнча да кыйла жогору, жакшы иштейт. Мисалы, мен былтыр Ташкентке бардым. Ал жерде интернеттен кыйналдык. Сапаты жана ылдамдыгы биздикине караганда кыйла төмөндөй сезилди. Биздин калкыбыз дагы интернетти ачык колдоно алат жана ошого жараша акча-каражаты көп деле сарптабайт, баасы чөнтөккө жараша. Ошолорду эске алганда, бизде салыштырмалуу жакшы эле. Бирок, албетте, интернетти дагы жакшыртуу керек. Ал боюнча стратегиялык дагы мамиле түзүү абдан маанилүү”.

Кыргызстанда аралыктан иштөөгө түзүлгөн шарттар начар

Соңку жылдардагы экономикалык тенденциялар жана Covid-19 пандемиясы жаратман адистердин дүйнөнүн булуң-бурчунда отуруп аралыктан иштөө зарылдыгын бир кыйла күчөттү. Мындан улам кыргыз өкмөтү 2022-жылдан бери электрондук соода, жаратман индустрия, жогорку технологиялар жаатында бир катар мыйзамдар менен ченемдик документтерди кабыл алды. Анын ичинде “Санарип көчмөн” боюнча жобо дагы бар.

“Дүйнөлүк экономикалык форум” эл аралык уюмунун 2023-жылдагы “Аралыктан иштөөнүн дүйнөлүк индексинде” Кыргызстан 108 өлкөнүн ичинен 88-орунга ээ болду. Санарип форматта аралыктан иштөө үчүн эң ыңгайлуу шарттар Дания, Нидерланд, Германия, Испания жана Швецияда түзүлгөн. Тизменин эң артында Гватемала, Гондурас, Мозамбик, Зимбабве жана Ангола турат.

Уюмдун талдоочулары индексти түзүүдө киберкоопсуздук, экономикалык коопсуздук, санарип жана физикалык инфратүзүм жана социалдык коопсуздук өңдүү төрт критерий менен баалаган. Мында өлкөлөрдүн адистер үчүн аралыктан иштөөгө ыңгайлуу жана сапаттуу шарттарды түзүшүнө көңүл бурулат.

Киберкоопсуздук аралыктан иштөө үчүн зарыл болгон коопсуз санарип чөйрөнү камсыздайт. Бул инфратүзүмдүн бүтүндүгүн, санарип коркунучтарга реакция кылуу жана киберкоопсуздукка тийиштүү мыйзамдарды камтыйт.

Санарип жана физикалык инфратүзүмдү өлчөөдө мамлекеттин туруктуу, ылдам жана жеткиликтүү интернет кызматын берүүдөгү санарип мүмкүнчүлүктөрү эске алынат.

Жогорку технологиялар паркынын президенти Азис Абакиров санарип экономика жаатында Жогорку технологиялар паркы ишенимдүү темп менен алдыга баратканын айтып берди:

“Жогорку технологиялар паркынын 2020-жылдагы соода жүгүртүүсү 25 млн доллар (2,5 млрд сом) болгон. 2021-жылы 4 млрд сомго жеттик, соода жүгүртүү эки эсеге жогорулап баратат. Жогорку технологиялар паркынын ичинде 350 компания иштеп жатат. Мурда 35 өлкөгө экспорт жасаганбыз, азыр парктын резиденттери 58 мамлекетке экспорт кылып атат. Экспорттун 35-40% АКШга кетип атат. Биздин компаниялар Германиядан, Европадан, Жапониядан келип иш орундарын ачып жатышат. Биздин программачылардын репутациясы абдан жакшы”.

Кыргызстандагы санарип экономиканы өнүктүрүүгө эл аралык коомчулук дагы каражат жумшап келет. Евробиримдик 8-январда Кыргызстандын санарип өнүктүрүү тармагын колдоо үчүн Министрлер кабинетине 3 миллион евро (295 миллион сом) бөлдү. Гранттык жардам менен министрликтердин жана өлкө аймагында санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн маалымат базаларын түзүп, аны тейлөөгө да жумшалат.

XS
SM
MD
LG