Узап бараткан жумада мындан сырткары Конституциялык палата депутаттык топтордун мыйзамсыздыгын тастыктады. Өкмөт парламент алдында чуулгандуу иштер боюнча маалымат берди.
Үзгүлтүккө учураган жыйындар
Азыркы кыргыз оппозициясы бараандуу күчкө айлана албай турат. Ага салмак кошо турган белдүү саясатчылар бириге албай, башка саясий партияларга кошулуп баратышы анын негизги себептеринин бири болуп калды. Мындай абалга карабай оппозициянын катарындагы кээ бир саясатчылар Кыргызстандын бийлик системасы, өнүгүүсү боюнча альтернативдүү концепциясын жарыялашып, аны калк ичинде жайылтуу аракетин жасашууда.
Концепциянын авторлорунан болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдырахманов 26-сентябрда Ошто китепканада жаштар менен жыйын куруп, концепцияны талкууга алмак. Бирок китепкана суу каптады деген шылтоо менен берилген эмес. Андан кийин депутаттар жыйынды менчик ресторанда өткөрүүгө аракет жасаганда, ал жерге спорттук дене түзүлүштөгү жигиттер жана аялдар келип чыр салып, иш-чараны үзгүлтүккө учураткан. Алар жумуртка, помидор менен жыйындын катышуучуларын ургулашкан.
Мына ушуга окшош эле окуя 23-сентябрда Чүйдө болду. Таласка 27-сентябрга белгиленген курултайды өткөрүүгө даярдык көрүүгө бараткан “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрүн Сосновка айылында милиция кызматкерлери, УКМК кызматкерлери токтотуп, гезит-журналдарын алып койгон. Өздөрүн беш саат бою кармаган.
Бирок жаш саясатчылардын ишемби күнү Талас шаарында өткөрмөкчү болгон жыйыны да үзгүлтүккө учуратты. “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун айтымында, тынч чогулуш башталарда спорттук түзүлүштөгү жүздөн ашык жигит жаш активисттерди кууп тараткан.
- Биз тынч чогулушубузду баштаганга да жетишкен жокпуз. Жергиликтүү бийлик тарабынан даярдалган балдар бизди жулмалап кубалашты.
Облустук милиция болсо тынч митингге эч ким уруксат сурабаганын айтууда.
Өңчөй жаш саясатчылардан турган “Жаңы муун” кыймылы Таластагы курултайда өлкөдөгү саясий абалды жана чек ара маселелерин талкуулоону мерчемдеген.
Сүрөтбаян: Оштогу болбой калган жыйын
Бийлик өз кезегинде кыргыз-казак чек арасы келишимдерге ылайык бекитилгенин, аны козгоо эки тараптын мамилесине доо кетирерин эскертүүдө.
Оппозициянын ишмердүүлүгүнө ар кандай тоскоолдуктарды уюштуруу мурунку бийликтердин жоруктарын эске салат деген “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулова бийликтин аракетин куугунтук катары бааларын билдирди:
-Муну биринчиден, көз карашы башка адамдарга түздөн-түз куугунтук катары баалаймын. Экинчиден, тынч жыйындар жөнүндө абдан жакшы мыйзам бар. Ошол мыйзам бийлик тарабынан түздөн-түз бузулууда. Мындай окуялар акыркы бир жылдын аралыгында өтө тез-тез катталууда. 31-августта Кыргызстандын желегин таркатып жүргөндөр кармалган. Ага чейин Бажы биримдигине кирүүгө каршы болгон укук коргоочулар кармалган. Мындай кысымдар эмнеге алып келерин кыргызстандыктар жакшы билет.
Азиза Абдырасулованын пикиринде, кысымдар 2005-жыл, 2010-жылдардагыдай толкундоорлого алып келиши мүмкүн.
Албетте бийлик чочулай турган жагдай бар. Биринчиден, энергетикалык кризис босогодо баш багып, өлкөнүн жарымы апрелден бери газсыз отурат. Социалдык-экономикалык абал турукташа албады. Алдыда болсо Бажы биримдигине кирүү жана парламенттик шайлоону өткөрүү сыяктуу маанилүү саясий өнөктүктөр турат.
Мына ушундай кырдаалда ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Мелис Турганбаев кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөндөргө катуу чаралар көрүлөрүн айтып, бирок тынч жыйындарга эч кандай тоскоолдуктар жасалбасын маалымат каражаттарына билдирүүдө.
Депутаттык топторду чектөө
Конституциялык палата 24-сентябрдагы чечими менен Жогорку Кенештеги депутаттык топтор Конституцияга каршы келерин аныктады. Конституциялык палата депутаттар фракцияларда гана боло алат деген чечимин чыгарды. Эми парламенттеги бир катар депутаттык топтор өз ишмердүүлүгүн токтотуп, фракцияларына кайтып барыш керек.
Эгерде депутаттар фракциядан чыгуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген болсо, анда алар мандатын да тапшырууга тийиш дейт Жогорку Кеңештин депутаты, кезинде өлкөнүн Жогорку Сотун жетектеген Курманбек Осмонов:
- Фракциядан кетем дегени бул партиядан да кетем дегени да. Мыйзамда жазылган, эгерде фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арызын берсе, анда мандатын да тапшырыш керек деп жазылган. Ошон үчүн топко бөлүнгөн депутаттар оозеки эле эркин депутат болгонун же депутаттык топ түзүшкөнүн жарыялап коюшууда.
Курманбек Осмоновдун айтымында, Конституциялык палатанын чечиминен кийин парламент депутаттык топторду түзүүгө уруксат берген “Регламент жөнүндөгү” мыйзамын Конституцияга кайрадан туура келтириш керек.
Азыркы кезде Жогорку Кеңеште “Ынтымак”, “Бир бол”, “Өнүгүү” жана “Демократтар” деген депутаттык топтор бар. Алардын ичинен “Бир бол” жана “Өнүгүү” топтору саясий партия катары да иш жүргүзүп жатышса, калгандары андай дымакты көрсөтүшө элек.
Баягы эле Батукаев маселеси...
Конституциялык палата Жогорку Кеңештин депутаттарын тартипке салган чечимин чыгарган жумада парламент өкмөттү тартипке чакырды. Бейшемби күнү Жогорку Кеңеште өкмөт парламент тарабынан кабыл алынган токтом, чечимдердин аткарылышы боюнча маалымат берди. Курч талкуу кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевдин бошотулушу жана ага байланыштуу парламент кабыл алган токтомдун аткарылбай жатышына барып такалды.
Батукаевдин бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер бийликте бул ишти иликтеген бир дагы орган жок деди:
- Баарыбыз сезип турабыз. Бирок билмексен болуп турабыз. Батукаев боюнча бир да орган иштегиси жок. Маселе ушул жерде турат. Биз Жогорку Кеңештин токтомунда юридикалык баа берилишин жазганбыз. Жөн эле жумуштан алып койбой, юридикалык баа берүүнү талап кылганбыз. Анан кандай юридикалык баа бересиңер, биринчи вице-премьер-министриңер минтип жазып жатса.
Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу Батукаевге байланыштуу кылмыш иши козголгонуна бир жыл болгонун, тергөө ишин Улуттук коопсуздук кызматы жүргүзүп, бирок ал азыр токтоп турганын билдирди:
- Мына өлүп атат деген корутундунун негизинде сот чыгарган. Депутаттык комиссияда ал туура эмес деген пикир айтылган. Ошону биз аныктоо үчүн ДНК экспертиза дайындасак, биздин эксперттер андай экспертиза жасай албайбыз деди. Биз ошон үчүн Минск конвенциясынын негизинде Орусиядан Батукаевдин ДНКнын үлгүсүн алуу үчүн иш козгодук. Ошол үлгүлөрдү алып, аны экспертиза өткөрмөйүн бул дарыгерлер туура кылдыбы, туура эмес кылдыбы деген тыянакка келе албайбыз.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев болсо Азиз Батукаевдин бошотулушуна юридикалык баа бериш үчүн юридикалык экспертиза уюштуруу жагы караларын кошумчалады.
Ошентип парламентте Батукаевдин бошотулушу боюнча чырга бул жолу да чекит коюлган жок. Депутаттар 15-декабрга чейин өкмөткө убакыт берип, мына ошол кезге чейин Батукаев, Кумтөр боюнча бир жактуу чечим чыгарууну тапшырды.
Жогорку Кеңеште кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн мамлекеттик кызматка келбеши үчүн да аракеттер жасалды. “Ата Мекен” фракциясы Грузия үлгүсүндөй кылмыштуу дүйнөгө тиешеси бар жана төбөлү болгондорду 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, ал мыйзамды фракция жактырды:
- Фракция жактырды. Биз кол коюп киргизип атабыз. Тийиштүү комитет азырынча карай элек. Ага бир-эки жуманын ичинде жетет.
Андан киийн мыйзам парламенттин кароосуна коюлушу күтүлөт.
Бирок депутаттар тарабынан кылмыштуулукка байланыштуу дагы бир мыйзам шаршемби күнү добуш берүүдө өтпөй калды. Ал мыйзамда соттолгону жоюла электерди, оор жана өтө оор кылмыш жасагандарды, кылмыш дүйнөсүнө тиешеси барларды жана жогорку билими жокторду саясий кызматтарга жолотпоо каралган болчу. Мыйзамдын демилгечилеринин бири, парламенттеги мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы Кенжебек Бөкөев долбоорду кайра добуш берүүгө сунуштаганын айтып, мыйзамдын маани-максаты тууралуу буларды билдирди:
- Оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен камалгандар, эртең соттуулугу алынып салынса дагы алар бийликке келбесин деп жатабыз. Жогорку Кеңешке да, жергиликтүү кеңешке да келбесин депутат болуп. Президенттикке да коё албасын, айыл өкмөттүн башчысы, мэр, аким болуп келбесин деп атабыз.
Бөкөевдин пикиринде, 26 депутат ага каршы добуш берди. Алардын ичинен бир нече депутат жаңылышканын билдирди. Бирок көпчүлүгү аң-сезимдүү түрдө мыйзамга каршы чыгышууда. Бул парламентке кылмыштуу дүйнөнүн таасиринен кабар берерин депутат четке каккан жок.
"Ширшовдун схемасынын" бир чынжыры үзүлдүбү?
Узап бараткан жумада көңүлгө ала турган жагдай - “Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун айланасында түзүлдү. Ишканада көмүр сатып алуу боюнча тендерлердин бузулушуна байланыштуу кылмыш иши козголуп, “Улуттук электр станциялардын” жетекчиси Абдылда Исраилов кызматынан бошоп, анын орун басары Кемел Иманов камакка алынды. Исраилов ооруканага жатып калганы да кабарланды.
Белгилүү болгондой “Улуттук электр станциялар” жаздан бери көмүр сатып алуу боюнча үч тендерди үзгүлтүккө учуратып, соңунда бир фирмадан көмүр сатып алууну өкмөткө сунуштаган. Бир булактан көмүр сатып алуу мыйзамга каршы келерин жана коррупциянын уюгу экенин эксперттер жана “Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун тендер өткөрүү боюнча комиссясынын мүчөлөрү Расул Үмбеталиев жана Качкын Булатов белгилеп келишкен.
Кыргызстанга көп жылдан бери бир булактан көмүр саткан “Прогресс компанинин” артында болсо айтылуу Машкевич жана Граф аттуу каймана аты бар миллиардер Алимжан Ибрагимов турарын аныктадык дейт Качкын Булатов:
-“Прогресс компанинин” артында миллиардер Ибрагимов Алимжан турат. Анын Граф деген каймана аты бар. Экинчиси Израилдин жараны Машкевич. Мурун ал Кыргызстандын жараны болгон. Булар Максим Бакиев менен биригип алып, Бишкектеги ТЭЦти, бүт электр тармактарын сатып алабыз дегенде, революция болуп токтоп калган. Бирок алардын Кыргызстандагы өкүлү бар Болот Арипов деген. Мына ошол Болот Арипов аркылуу механизм түзүп, алты жылдан бери жалаң гана “Прогресс компанинин” көмүрүн электр станциясы алчу дагы аябай чоң пайда көрүшүп, анан ошол акчаны кайра бөлүшчү.
“Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчилигине карата козголгон кылмыш иши энергетика тармагынын жетекчилигин жана андан аркы жогорку жактагыларды камтый алабы, аны эми мезгил көрсөтөт. Ал эми Качкын Булатовдун пикиринде, энергетика тармагындагы коррупциялык кирешелер үчүн бийлик башындагылардын ортосунда катуу кармаш күтүлүп жатат. Ал кирешени көзөмөлдөш үчүн "Улуттук электр станцияларга" өз кишини алып келиш керек...