Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Түркия: шартка чыдабаган мигранттар ишсиз калды


Жумушсуз калган мигранттар
Жумушсуз калган мигранттар

Анталияга эмгек келишиминин негизинде барган 25 кыргызстандык иштен кол жууду. Буга алардын иш берүүчүдөн жумуш шарттарын жакшыртууну жана келишимде көрсөтүлгөндөн ашыкча иштеген убактысы үчүн акы берүүнү талап кылганы себеп болду.

27-июнда Анталиянын Текирова аймагындагы Queenspark resort мейманканасы 25ке чукул кыргызстандыкты жумуштан бошотуп, жашаган жеринен чыгарып койгон. Бул окуяга жумуш берүүчү тарап комментарий бере элек.

Аларды ишке орноштурган түркиялык жана кыргызстандык ортомчу компаниялар иш териштирилип жатканын айтууда.

"Күнүнө 12 саат иштейм"

Жайкы сезондо иштегени барып, жумушсуз калган кыргызстандыктардын колунда эмгек визасы жана келишими бар. Алардын бул документтерин кыргызстандык жана түркиялык үч ортомчу фирма - "АСА груп", "Олимп КG", Sayakat Consulting агенттиктери даярдап, Анталияга май айында жумушка орноштурган.

Queenpark resort мейманканасынын бардык шарттарына макулмун деп кол коюп берип, анын негизинде эки айдан бери иштеп жаткан Акжол келишимдеги жоболордун бири да аткарылбаганын айтты:

- Негизи өзүбүз 350 долларга макул болуп келгенбиз. Бирок Кыргызстандан бизге эч ким кошумча саат иштейсиңер деп айткан эмес. Азыр мен күнүнө 12 саат иштейм, аптасына эки күн эс алам. Кошумча саат иштесек дагы түрк жарандары алып жаткандай акча беришкен жок. Ошол биздин жинибизди келтирди.

Акжолдун айтымында, өзү менен кошо келген кыргызстандык мигранттардын жашаган жерлери дагы начар:

- Биздин эркектер ложмандын (иштегендер үчүн ижарага алынган турак жайлар, жатакана сыяктуу - авт.) жертөлөсүндө, ал эми кыздар биринчи кабатында жашайт. Жертөлө ным, жашоого ыңгайсыз. Аларга чыдасак деле бизге мал катары мамиле кылып жатышат. Кетебиз десек полицияга беребиз деп коркутупжатышат.

Акжол менен WhatsApp аркылуу байланышкан учурда отелдин кызматкерлери кыздарды чыгарып жаткан үндөр угулуп жатты:

- Ушул Айт майрамында иштегенибиз үчүн кошумча акча сураганыбызда бизди полиция келет деп коркутуп жатышат. Мына, уксаңыз, өзү деле 15 мүнөттө чыгып кеткиле деп кыйкырып жатат.

Агенттиктер чатакты териштире баштады

Нурсултан Кубанычбеков да "Олимп" фирмасы аркылуу келип жумушсуз калган кыргызстандык. Чыр-чатак чыкканда фирманын Түркиядагы өкүлү келип маселени чече албаганын айтты.

- Агенттиктин өкүлү келип, бизге бир күнгө жатакана издегени кетти. Биз өзүбүз таап, бирок акчасын силер төлөйсүңөр десек макул болушту. Бүгүн ошол жерде түнөдүк. Эми мындан кийин башка жумуш издейбиз го.

Queenspark resort отелинин жетекчилиги менен телефон аркылуу байланыш түзгөнүбүздө алар бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Кыргызстандыктарды Түркияда жумушка орноштурууда ортомчулук милдетин кыргызстандык агенттиктер менен Анталиядагы "АСА груп" агенттиги биргелешип аткарат. Ага жараша Queenspark resort отели да чет өлкөлүк эмгек мигранттарын "АСА груп" менен келишим түзүү аркылуу ишке алат.

Бул ишти териштирүү үчүн Анталияга келатканын кыргызстандык ортомчу ишканалардын бири "Олимп КG Travel" агенттигинин жетекчиси Канат Адылбаев билдирди:

- Биздин агенттик менен Quensspark resort отелинде 11 кыргызстандык иштейт. Акжол алардын бири. Мурун мындай маселе менен эч ким кайрылган эмес. Мaселе кечээ гана чыккан. Мен билет тапсам бүгүн, болбосо эртең Анталияга учам. Биздин жарандардын укугун тебелегенге эч кимдин акысы жок. Мен өзүм жиберген 11 жаранды Кыргызстанга алып келериме кепилдик бере алам.

Түрк өнөктөштөрү жумушсуз калтырган кыргызстандыктардын абалынан кабар алып жатканын Sayakat Consulting агенттигинин жетекчиси Асел Чингилбаева да билдирди:

- "Болду, иштебейбиз, Кыргызстанга кетебиз" дегендерге учак билетин түрк өнөктөштөр алып беребиз деп жатышат. Иштейм дегендерге башка жумуш караштырганга аракет кылабыз.

"Майрам күнү 100% төлөнүш керек"

Ал эми Түркиядагы "АСА груп" фирмасынын өкүлү Себих Чайлак Queenspark resort мейманканасындагы кыргыз мигранттарына байланыштуу чыккан маселе тууралуу буларды айтты:

- Алар иштеп жаткан мейманкананын жетекчилиги "иштегиси келген иштесин, калгандарын кармабайбыз" дешти. Кошумча сааттарда иштеген маяналарын да беребиз деп убадалашты. Буга чейин чечилген, чечилбеген маселелер болуп келген, бирок шашпай отуруп мыйзамдын чегинде сүйлөшөлү дедим. Жети-сегиз киши макул болду, калгандары көнбөй коюшту.

Түркиянын Эмгек жана коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Гүлден мырзанын билдиргенине караганда, Түркиянын мыйзамдарына ылайык эмгек визасы болсо чет өлкөлүк жаран экенине карабай майрам күндөрү иштегени үчүн 100 пайыз кошумча төлөнүп берилет:

- Түркиянын 4758-эмгек мыйзамына ылайык расмий эс алуу күндөрүндө иштесе, түрк жаранындай эле кошумча айлык алганга укуктуу. Мисалы, кадимки иш күнүндө 50 лирага иштесе, расмий эс алуу күнүндө 100 лирага иштейт. Толугу менен 100 пайыз көтөрүлгөн айлык алышы керек.

Иштен чыгарылган Нурсултан Кубанычбековдун айтымында, алар Анталиядагы диаспоранын өкүлдөрү менен 28-июнда кайрадан Queenspark resort мейманканасына барышкан.

- Биз азыр айлыгыбызды алганы келдик. "Жумуштан өзүбүз чыктык" деп жазылган кагазга кол койгула дешти. Биз муну жазсак, учакка билет алып бербейт го деп корктук. Ойлонуп, кеңешип анан жазганга туура келди. Колубузга акча беребиз дешти. Бүгүн Анталия шаарына кетебиз.

Түркияда расмий маалыматтар боюнча 14 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт. Анталиядагы мигранттардын көбү мейманканаларда тейлөө кызматында, соода жаатында жана үй кызматтарында иштешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG