Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Түркия: алдамчыга "жем" болгон мекендештер


Түркия. (Иллюстрация
Түркия. (Иллюстрация

Кыргызстандан Түркияга жумуш издеп келген мекендештердин саны күн санап көбөйүүдө. Атайын ортомчу фирмалар жана жеке тааныш-билиш аркылуу келгендер да кездешет. Ошол эле маалда өз мекендештерине алданып, арабөк калгандар жок эмес.

"Дилянын тузагынан чыгуу кыйын"

26 жаштагы Айжан Түркияга былтыр 25-октябрда эжеси менен чогуу келген. Кыргызстандык Диля аттуу аял эже-сиңдиге жумуш таап берүүнү убада кылган экен.

- Эжемди Дилянын Бишкектеги жардамчысы Майрам аттуу аял бал тилге салган экен. Анкарада жумуш бар деп алдаган. "Бир ай иштейсиң, биринчи айлыгынды Диля алат, үч жолу жумуш таап берет" деген экен. Эжем биздин айтканыбызды укпай ээлигип кетип калды. Анкарага келгенде эч кимди тааныбай иштөөгө аргасыз болот. Кыргызстандан келген кыздар Дилянын үйүндө жашап, жардам берип турушу керек экен. Эжем да биринчи иштеп тапкан 700 долларын ага карматкан. Эже акчанын берер замат жумуштан чыгарып алышат. Анын ордуна 800 доллар төлөгөн жумуш таап берем деп ынандырат. Эжем ага ишенип бир ай иштебей үйдө жатат. Анын телефонунан менин сүрөтүмдү көрүп калышып, чакыр дешет. Эжем баш тартса экөөңдү тең виллага орноштурам, 700 доллардан табасыңар дейт. Көрсө менин сүрөтүмдү алып ар кимге тараткан экен. Мен Анкарага келгенге чейин эле түрктөр мага жаза баштады.

- Эмне деп жазышты?

- Таанышалы, сүйлөшөлү дешти. Эгер келбесең анда эжеңе зыяны тиет деп коркутушту. Келатканда кийим ордуна тамеки ташып келүүгө мажбурлашты. Бишкектен ошол аялдын кызы чемоданыбыздын баарына тамеки салып берди.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

- Силер ошондо бир чемодан тамеки алып келесиңерби?

- Негизи аэропорттон үч куту (блок) сигарет алып өткөнгө уруксат берет да. Алар болсо эркиңе койбой кеминде он блоктон тамеки салдырат. Мага онду, мени менен чогуу келген эки байкеге да ондон блок беришти. Бажыдан өткөзбөйт десек дагы укпады. Колубуздагы сумкаларга үчтөн куту тамеки салдырды. Эжем мени Анкарадан тосуп алды. Дароо ошол жерден качтык. Чемодандагы тамекилерди бердик да качтык. Аны менен эле кутулган жокпуз. Улам бир түрк чалып коркутат. Акыр-аягы номурубузду алмаштырып кутулдук. Токтобой дагы деле келгендер бар экен. Биринчи айлыгыңды алгандан кийин Диля сени киши катары көрбөй калат. Кыздар жумуштан чыгып үйүндө жашап жатканда да аларды түрктөр менен тааныштырат экен. Чыгып, балмуздак жеп, сүйлөшүп келгиле деп кыйнаган адаты бар экен. Кыздарды алып кетишкенден кийин каалагандай кордошот да.

- Анда сойкулукка эле зордогон болот экен да?

- Негизи ошондой болуп калып жатат да. Калп эле кыздар жолугуудан келгенден кийин, "эч нерсе кылган жокпу?" деп сурамыш болот.

- Түркияда элчиликке, консулдукка же полицияга кайрылган жоксуңарбы?

- Жок, кайрылууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Ал аял жөнүндө кеңири түшүнүгүбүз да жок. Тил да билбегендиктен кыйналып калдык.

- Азыр кайсыл жерде иштеп жатасыздар?

- Азыр эжем өзүнчө, мен өзүнчө иштейм. Мен Анкарада кемпир багам, эжем кафеде иштеп жатат.

- Силерди алып келген аял аркылуу келгендер көппү?

- Аябай көп. Бир айда кеминде төрт-беш кыз же жигиттер келет. Мисалы мен эки байке менен келгем. 15 күндөн кийин дагы төрт жигит келди.

- Жумуш убада кылган аялга кайдан жолуккансыңар?

- Ош базарда, кулактандыруулар айтылган жерде Дилиянын Майрам деген жардамчысы бар. Бир жолу номуруңду таштасаң эле жаныңды койбой улам чала беришет. Пентхауста квартирасы бар. Түркиянын укмуш видеолорун көрсөтүп көндүрүшөт. Жедеп психолог болуп бүтүшкөн да. Жумушу жок кыйналгандар булардын тузагына өзү эле түшүп беришет. Мен далай кыздар менен сүйлөштүм. Көбү алданып калган. Алардын эртеңки келечеги бүдөмүк. Негизи эле Кыргызстанда Түркияда иштеп келген кыздарга жакшы мамиле кылышпайт го.

- Сүрөтүңдү жибер деп суранса, анда алдын ала тандап чакырышабы?

- Сүрөтүңдү сал, жакшынакай болуп түш дешет. Бизди отелге же мамлекеттик жумушка алып жаткансып. Жакшы сүрөтүңдү салгандан кийин сүрөтүң менен кошо түрктөрдү товар катары кыдырып кетесиң.

- Тамекини эмне кылышат?

- Кымбатка сатышат экен. Контрабандага жатат да. Адам сатууга кошумча "бизнеси" десек болот.

Эсендин окуясы

Өздөн запкы көргөн дагы бир мекендешибиздин аты Эсен. Ал дагы Анкарадан айлыгы жакшы жумуш таап беребиз деген сөзгө алданган. Ушул тапта Эсендин жата турган жери, иштей турган иши жок. Анкарада ар кимдин батиринде баш калкалап жүрөт. 30 жаштагы Эсендин Кыргызстанда төрт баласы менен аялы күтүп жатат.

Стамбул, Түркия
Стамбул, Түркия

- Кыргызстандан мени анан кайнагамды чакырган. Келээр менен жумушка чыгасыңар деди. 33 блок тамеки, он килограмм эт, сары май ала келдик. Бир ай, он беш күн жаттык бир үйдө. Эже жумуш таап берем дебедиңиз беле десек жини келет, урушабыз. Анан кокустан эле жумуш табылып калды. Январда бир жума интернет өткөрүү үчүн жер казып, кара жумуш кылдык. Диля эже үйүмдөн чыгып кеткиле деп коркута баштады. Анан кайнагам экөөбүздү кууп чыкты. Кыштын суугунда төрт күн көчөдө калдык. Эптеп кыргыздарды таап алардыкында бир-эки күндөн жашадык. Же түркчө билбейбиз, же акчабыз жок. Бул жактан таанышкан мекендештер акчалай жардам берип жан сактап жатабыз.

- Азыр эмне жумуш кылып жатасыз?

- Азыр жумушум жок. Кечээ бир жерге келдик жумуш издеп бирок жооп берише элек.

- Кыргызстандан силерге окшоп келгендер көппү?

- Толтура. Алдагандар көп. Андан көрө Орусияга барсам жакшы болмок экен. Акчам жок болсо да "зайчик" болуп поезд менен кете бермекмин. Түркиядан кетүү да оор экен. Алдагандар, алдангандар, акчасын бербей койгондор толтура экен. Бир жумушка киргизишет, биринчи айлыгын алышат, анан жумушу жок көчөдө калышат. Бул жакта туугандары барларга жакшы экен, эптеп билетин алып кетип калышат экен. Акчасы жокторго кыйын.

- Билетке акча топтоп кетесизби же калып иштейсизби?

- Жок кетем. Элчилик жардам берип, билетимди алып беребиз дешти. Билбейм көрөм го. Алса алды, албаса өзүм акча таап кетем үйгө.

Ушул тапта Эсен Кыргызстанга кантип кетүүнүн аргасын издеп жүргөн чагы. Бул алданган эки мекендешибиз боюнча Кыргызстандын Анкарадагы элчилигине байланышканыбызда, Түркиядан жакшы жумуш таап берем деп адамдарды азгырган Диляны издөө иши жүрүп жатканын билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG