Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:06

"Азаттык+": саякатчы студенттер


Жаштар
Жаштар

“Азаттык плюстун” бул жолку чыгарылышында иштеп да, саякаттап да жетишкен студенттер жана алардын дүйнө кезүүсүнө шарт түзүп жаткан программалар тууралуу сөз болду.

Мамлекетик миграция кызматынын маалыматы боюнча чет өлкөгө чыгып жаткан улан-кыздардын арасында АКШ, Германия, Корея жана Түркия өлкөлөрүнө аттангандардын саны арбын. Аталган мамлекеттерге кеткендердин 60 пайыздан ашуунун 28 жашка чейинкилер түзөт.

Жаңы жерлерди көрүп, дүйнө кыдырууну көксөгөн жаштар үчүн жумуш менен саякатты айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Эркинбек Жапарбеков круиз лайнеринде тейлөө кызматында иштеп жүрүп Жер Ортолук деңизин, Европанын бир катар өлкөлөрүн кыдырууга жетишкен. Эркинбекке окшоп деңизге чыгууну каалаган ондогон жаштар бул тармакта иш алып барган фирмалардын эшигин каккылап турган мезгили.

“БиТревел” компаниясы көп жылдан студенттерди жайкы каникул маалында АКШга жөнөтүп келет. Компаниянын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Баатырбековдун айтымында, океандын ары жагынан жумуш издегендердин саны жыл сайын көбөйүп келет.

Ошол эле мезгилде каалоочуларды тандап алуу жараяны барган сайын татаалдашууда. Буга жаштардын басымдуу бөлүгү иш мөөнөтү соңуна чыкканына карабастан, мыйзамды бузуп болсо да калып кетүүнү көздөгөнү себеп болууда. Анын кедергиси чет өлкөгө камынып жаткандарга эле тиет. Алар үчүн иштөөгө уруксат алуу машакатка айланып, виза алууда маселелер жаралат.

Жаштар чет жерлерге умтулуп жаткан маалда, тескерисинче, башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга келип жаткан чет элдик жарандар да аз эмес. АКШнын Вашингтон шаарынан келген Бобби Стерлинг учурда чолпонаталыктарга бизнес жүргүзүүнүн сырларын үйрөтүү менен алек. Жубайы болсо кары-жашы дебей, англис тилин окутуп келет.

"Азаттык+": Окуу, студент, саякат
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:33 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG