Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Президенттик сыйлык буюрбаган спортчулар


Президент Алмазбек Атамбаев 17-Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Догдурбек уулу Эламанга (эркин күрөш) акчалай сыйлыктын сертификатын тапшырууда. 22-октябрь, 2014-ж.
Президент Алмазбек Атамбаев 17-Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Догдурбек уулу Эламанга (эркин күрөш) акчалай сыйлыктын сертификатын тапшырууда. 22-октябрь, 2014-ж.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги президенттен сыйлык ала турган спортчулардын тизмесин так түзбөй, анын айынан жаңжал чыкты.

Эки ай мурда өлкө башчысы 39 спортчуга жана алардын машыктыруучуларына сегиз миллиондон ашуун суммадагы акчалай сыйлыктарды тапшырган эле. Сыйлык алгандардын тизмесине Азия чемпиондуктарында байге уткан алты спортчу жана үч машыктыруучу кирбей калган.

Фехтование боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Геннадий Зеленин президенттик сыйлыкты шакирттери албай калганына нааразы. Анын айтымында, Азия чемпиондугунда командалык беттеште төрт спортчудан турган улуттук курама коло байгенин ээси болуп, ал жетишкендикти адистер баалабай коюшкан.

- Менин шакирттерим Евгений Наумкин, Александр Черных, Михаил Иванов жана Роман Петров Азия чемпионатында командалык беттеште үчүнчү орундун ээси болушкан. Бул жетишкендиктери үчүн президенттик сыйлыкка татыктуу. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигиндеги тиешелүү адамдар биздин жетишкендиктерди көз жаздымда калтырды. Ал мекемеде эч нерсени түшүнбөгөн адистер да бар. Анткени бардык эле спортто, ар бир мелдеш аяктаганда, спортчулардын ээлеген орундарына жараша расмий эмес жалпы командалык эсеп чыгарылат. Биздин көрсөткүчтү дал ошого окшоштуруп, расмий эмес жалпы командалык деп эсептеп коюшуптур. Фехтованиеде жеке мелдештин жана командалык беттештин жыйынтыгы эсептелет. Командалык деген атайын дисциплина, мелдеш бар. Ал үчүн атайын байге ыйгарылат. Ушул нерселерди ажыратып биле албагандарына таң калуудамын.

Эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев (солдо) 17-Азия оюндарынын финалында ирандык Реза Яздани менен күрөшүүдө. Инчхон. 18-сентябрь, 2014-ж.
Эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев (солдо) 17-Азия оюндарынын финалында ирандык Реза Яздани менен күрөшүүдө. Инчхон. 18-сентябрь, 2014-ж.

Президенттик сыйлыкка ээ болбой калгандардын тизмесинде эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев да бар.

Машыктыруучу Руслан Мажиновдун айтымында, Магомед бул жылы Азия чемпиондугунда жана Азия оюндарында күмүш байге тагынып келген. Бул эки мелдештин бири сыйлыкка көрсөтүлбөй калган.

- Азия оюндарында күмүш байге алгандыгы үчүн сыйлык алган. Тизме түзүлгөн учурда Мусаев деген фамилия турса эле эки сыйлыктын бирөөнө жазбай коюшуптур. Бул маселени такташып алганбыз. Буюрса жыл аягында акчалай сыйлыкты беребиз деп убада кылышты.

Жогоруда аты аталгандардан сырткары өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону болуп, эки байгени Кыргызстандын эсебине алып келген жеңил атлетчи Дарья Маслова да бар. Спортчулар менен биргеликте жеке жана башкы машыктыруучулар Татьяна Борисова, Геннадий Зеленин жана Руслан Мажиновдор спортчулардын ээлеген орундарына жараша тиешелүү суммада акчалай сыйлыктарды албай калышкан.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Алмаз Касенов президенттик сыйлыкка сунушталгандардын арасына айрым бир спортчулардын киргизилбей калганын одоно катачылык дейт.

- Айылдык же райондук чемпионат болсо бир жөн эле. Булар дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерде байге утуп келгендер. Аларды унутуп калуу одоно катачылык. Президенттин колунан сыйлыкты алуу ар бир спортчу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул жетишкендик өмүрүндө мындан кийин болобу же болбойбу чоң суроо. Бул биздин эле мамлекетте эмес бүт дүйнөдө орчундуу окуя. Президенттик сыйлыкка көрсөтүү үчүн ар бир бир машыктыруучунун, спортчунун жетишкендиктери тыкыр текшерилип каралат. Бул иште ката кетирүүгө жол берилбеши керек эле. Мурда кээ бир ведомстволук сыйлыктар унутулуп берилбей калган учурлар болчу. Бирок Президенттик аппарат жооптуу болгон сыйлыктарга ушунча адамды унутуп, сунуштабай калуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат окшойт.

Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишкен спортчуларды куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырган учур. 22-октябрь, 2014-ж. Бишкек.
Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишкен спортчуларды куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырган учур. 22-октябрь, 2014-ж. Бишкек.

Эске салсак, 2014-жылдын 22-октябрында Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эл аралык мелдештерде байге алган 39 спортчуга жана алардын машыктыруучуларына жалпы суммасы 8 миллион 202 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырган эле.

Ошол мезгилде сыйлык албай калгандардын маселеси боюнча Президенттик аппарат 17-декабрда маалымат тараткан. Анда эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрүнүн толук эмес тизмесин бергендиги үчүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги жоопкерчиликке тартылууга тийиш деп белгиленген.

Өз кезегинде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин директору Кадырбек Эргешов өз буйругу менен сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн тизмесин тактоого жооптуу бир нече кызматкерге чара колдонгон.

- Борбордук аппараттын Спорт-массалык иштер боюнча бөлүмүнүн кызматкери Чыңгыз Искенов жана бөлүмдүн жетекчиси Канатбек Арпачиевге сөгүш жарыялагам. Жана ошондой эле тизменин так түзүлбөй калышына статс-катчы Нуржан Бардинованын жана агенттиктин директорунун орун басары Болот Мотукеевдин да күнөөсү бар. Алар тизмени мага беришип, мен ага кол койдум. Бул жакта менин да күнөөм бар. Анткени алар сунуштаган тизмени текшерип коюшум керек эле. Мындай кемчиликтер кийин кайталанбайт деп ойлойм. Кийинки жылы буюрса болуп калса, ар бир спортчу ээлеген орундарына жараша сыйлыктарга сунуштоону жеке көзөмөлүмө алам.

Агенттиктин пресс-катчысы Нурдин Султамбаевдин билдиргенине караганда, өз учурунда сыйланбай калган спортчулар менен машыктыруучулар 27-декабрда олимпиадалык кечеде акчалай сыйлыктарын алышат.

Учурда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин директору Кадырбек Эргешовдун атынан статс- катчы Нуржан Бардинова жана директордун орун басары Болот Мотукеевге сөгүш жарыялоо үчүн өкмөт башчынын наамына сунуш жөнөтүлгөнү маалым болду.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG