Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Бишкек мыкты спортчуларын сыйлады


24-январда Бишкекте дене тарбия жана спорт тармагында Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Ар жыл сайын жылдын жыйынтыгы боюнча спорт тармагында Бишкек мэриясынын Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы салтка айланып баратат. Бул ирет да 8 түрдүү сыйлык ээсин тапты.

Даңазалуу марафончу Сатымкул Жуманазаровдун элеси түшүрүлгөн медаль жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу менен Бишкек мэри Иса Өмүркулов учурда калктын ден соолугун чыңдоо көйгөйлүү маселе экенин айтып, былтыр спортто өксүктөр болгонун белгиледи.

"Мыкты спортчу" деген сыйлык оор атлетика боюнча Азия кубогунун жеңүүчүсү Сыргак Абдырамановго ыйгарылды. "Сыйлык жооперчиликти күчөтүп, быйыл Бишкекте өтө турган Азия чемпионатында байгелүү орунду жеңүүгө милдеттендирет", дейт Сыргак Абдыраманов.

Бишкек шаары боюнча "Мыкты машыктыруучу" деп баскетбол устаты Павел Митрафонов таанылды.

Дене тарбия боюнча "Мыкты аймактык башкаруу мекемеси" деп Октябрь районунун 7-аймагы аталды.

Шаардык мектептерден былтыр спорт менен таанылып, башкаларга үлгү болгон 62, 70-орто мектептер сынактын жеңүүчүсү деп табылды. Ошондой эле шаардагы жүзгө жакын мектептин ичинен "Дене тарбия боюнча мыкты мугалим" деген сыйлыкка 79-орто мектептин устаты Бегали Алимкулов арзыды.

Бишкек шаарында 12 балдар спорт мектеби бар, аларда атаандаштык күч.

Былтыркы жылдын жыйынтыгында спорттук ийгиликтерди жараткан оор атлетика боюнча балдар спорт мектеби Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыкка татыктуу болду. Ушул мектептин жетекчиси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Улан Молдодосов быйыл жайында Бишкекте алгачкы ирет Азия чемпиону болоорун айтып, даярдык көрүп жатышканын кошумчалады.

Спортту чагылдырып, ден тарбия көйгөйлөрүн массалык маалымат каражаттарында жайылтып жүргөн бир нече журналист бар. Бул ирет “Вечерний Бишкек” гезитинин баяндамчысы Вячеслав Аникин Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктын ээси болду.

Дене тарбия, спортко кошкон зор салымы үчүн Октярь райондук балдар спорт мектебинин жетекчиси Капар Мухтаров да сыйланды.

Мындан сырткары да эмгеги менен таанылган бир нече кызматкерлерге баалуу сыйлыктар тапшырылды. Былтыр самбо, кол күрөш жана сууда сүзүү боюнча ийгилик жараткан спортчулардын мээнети да бааланды. Сыйлык тапшыруу аземи ыр-күү менен коштолду.

Былтыр Лондон олимпиадасында кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга жетпей калганы, спортчуларга жакшы шарт түзүлбөй жатканын сынга алгандар да болду. 2014-жылкы Азия оюндарына, келээрки олимпиадага азыртан даярдык көрүү зарылдыгы да белгиленди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG