Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Мамлекеттик сыйлыктар кимге берилип жатат?


Президент Роза Отунбаева жана балбан Данияр Көбөнов. 8-декабрь, 2010-жыл
Президент Роза Отунбаева жана балбан Данияр Көбөнов. 8-декабрь, 2010-жыл

Кыргызстанда сыйлык берүү системасы кандай уюштурулган? Эмгеги сиңген адамдар адилеттүү сыйлыгын алабы же бийликке жакын кишилер олжого туйтунуп жатабы? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев, Маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев, Президент алдындагы мамлекеттик сыйлык боюнча боюнча бөлүмдүн башчысы Бүбүкан Досалиева катышты.

“Азаттык”: Бүбүкан айым, сиз бул кызматка жакында эле бардыңыз. Бул системада адилет чечим кабыл алуунун механизмдери бар бекен, башкача айтканда, чыныгы эмгеги сиңген адам сыйланат бекен, же бийликке жакын адамдардын “ити чөп жейт” бекен?

Бүбүкан Досалиева: Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары негизделген 1996-жылдан берки 15 жылдын ичинде кандай болгондугун мен билбейм, ага жооп бере албайм. Ал эми өзүм ошол комиссиянын жооптуу катчысы болуп барган мезгилден берки комиссия кабыл алып жаткан чечимдердин бардыгы 90-95 пайызы адилет болду деген ойдомун. Себеби бул жерге механизмдерди, сыйлыкка көрсөтүлгөн адамдарды тандоонун механизмдери мурда мыйзамдарда жазылган.
Сыйлыкты ачык, атаандаштык түрүндө бериш керек деп ойлойм.


Мен барган убакыттан берки анализдер, окуялар, көрүнүштөр, сыйлыкка көрсөтүлгөн сунуштарды анализдеп көргөндө, чындыгында сыйлыкка көрсөтүлгөн адамдардын критерийлери мыйзамдарда жалпы жонунан тандоо жазылып калган экен, аларды тактоо зарылдыгы азыр келип турат. Ал эми кабыл алынып жаткан чечимдер ошол мыйзамдардын негизинде болуп жаткандыгына мен жооп бере алам.

“Азаттык”: Кырдаалга жараша айтсак, ыңкылаптан кийин эле кайсы бир күчтөргө жакыныраак адамдарга сыйлык берүү мурда да болгон, азыр да ошол калыптанып, болуп, ушундай факты катталып, сындар да айтылып жатат. Буга кандай жооп бересиз?

Бүбүкан Досалиева: Бул боюнча кайсы адамдарды мисалга келтире аласыз?

“Азаттык”: Мисалы, Ардак грамотасын албай туруп, эмгек сиңиргенди алып кеткен адамдар бар.

Бүбүкан Досалиева: Андай өзгөчө мамиле, өзгөчө чечим болгон учурлар болду. Буга мыйзам жол берет экен. Мамлекетке, коомго, өзү иштеген тармагында өзгөчө эмгекти сиңирген болсо Ардак грамотасын албай туруп эле, Ардак наамды бергенге мүмкүнчүлүк түзүлгөнгө мыйзамда жол бар. Ошого негизделип, бир топ адамдарга сыйлыктар берилди. Алардын ичинде спортчулар, көп жыл агартуу тармагында иштеген, жашы бир топ жогорулап калган 2-3 адам жана журналисттер болду. Беш жылдык мөөнөт деген мыйзам андан башкаларга бузулган жок.

Сиздин бере турган сурооңузду билип турам, журналисттерге эмне үчүн берилди деп. Тоталитардык деп койсок болобу, авторитардык режимди кулатууга кандайдыр бир эмгек кылган адамдарга берилген учурлар болду. Бул журналисттердин жеке эле жазгандары эмес, алардын адам, жаран катары позициясына, көз карашына, турумуна, бир күнү бул жээктин сөзүн, бир күнү тиги жээктин сөзүн сүйлөбөй, чыныгы эркин маалыматты берүүгө аракет кылган адамдар сыйланышты.

“Азаттык”: Ташболот мырза, ушундай критерий менен сыйлоо бул чыныгы сыйлык берүүбү, же кандайдыр бир күчтөргө берилген сыйлык болуп калабы?
Заманга жараша жаңы сыйлыктар пайда болду. Заманга жараша аны ыйгаруу, ыкмалары да өзгөрөт.


Ташболот Балтабаев: Мен азыр Бүбүкан айымдын айтканынын бардыгына эле макулмун, бирок бир нерсесине макул эмесмин. Азыр айтып атпайбы, тиги жээктин, же бул жээктин сөзүн сүйлөгөн деп. Мен ойлойм, мамлекеттик сыйлыкты бергенде мамлекеттин кызыкчылыгы жөнүндө сөз кетиш керек. Албетте чыныгы турмушта тиги жээктин тарабын талашып, ошого кошомат кылгандар алып кеткен учурлар көп болгон. Жээкти сүйлөгөндөргө сыйлык берүүдөн элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көтөргөн, ошого эмгек сиңирген кишилерге берүү жагын мыйзам түрүндө болобу, же болбосо жөн эле моралдык, нравалык жактан болобу ойлонуп көрүшүбүз керек.

Бүбүкан Досалиева: Мен Ташболот мырзага жооп берип койсом, бул жерде тиги жээктин, же бул жээктин сөзүн сүйлөгөн журналисттер эмес, адамдык позициясы, жарандык түз туруму бар адамдарга берилди деп айтып жатам. Мен да журналистмин, тилекке каршы бир күнү тиги жактын, бир күнү бул жактын сөзүн сүйлөгөн журналисттер көп болуп атат. Мамлекетке, элге, коомго кызмат кылган адамдар сыйланганын айтып жатам.

Ташболот Балтабаев: Андай айтсаңыз туура.

Калыстык жана тактык

“Азаттык”: Маданият жаатында сыйлык берүү, талантты баалоо өтө назик, өтө бир билгичтикти талап кылат. Нурлан мырза, Маданият министрлиги бул маселе кандай чечилип жатат?

Нурланбек Шакиев: Биринчиден, Маданият жана маалымат министрлигинде мамлекеттик сыйлыктардын эң көп үлүшү ушул тармакта. Чынын айтыш керек, буга чейин көп эле учурда калыссыздык болуп келген. Бул менин жеке инсан катары пикирим. Азыр да ошондой калыссыздыктарга жол берилет. Эч качан калыстык болбойт. Мен таптакыр кошулбайм, калыстык бар деген сөзгө. Калыстык болсо 70 пайыз болушу мүмкүн, 30 пайыз ар качан бул учурда да, кийинки учурда да улана берет.
Алышым керек дейт, ал эми эмгек сиңирдиңби? Буларды комиссия кайра жөнөтүп атат, көптөрүнө жаман көрүнүп атабыз.


Менин жеке пикирим, керек болсо бул наамдардын баарын жоюш керек. Себеби мындай наамдар аябай көбөйүп кетти. Ошондуктан бул багытта реформа жасаш керек, өзгөчө учурда гана өзгөчө эмгеги сиңирген адамдарга бир типтеги мамлекет үчүн кылган эмгеги үчүн деген сыйлыкты бардык тармактарга бирдей бериш керек. Анан курулушка, маданиятка, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого эмгек сиңирген ж.б. толгон-токой тармактардын баарын коюш керек деп ойлойм. Мисалы, Эмгек сиңирген менен Эл артистинин ортосунда кандай жаңжалдар болуп атат? Ошондуктан ушунун бирөөнү эле калтырыш керек.

“Азаттык”: Бирок ошол эле учурда талантты өз убагында баалап калуу да биздин коомчулукта сиңип калган нерсе болуп атат. Мисалы өз убагында Келдибек Ниязов, же маркум Жолдошбек Мамажанов сыяктуулар сыйлык албай, булар абдан армандуу жүрөт, бирөө армандуу кетти деген сөздөр бар. Бирөөнө берилип, бирөөнө берилбей калган учурлар, аябай адилетсиз система жөнүндө сөз болуп атат.

Нурланбек Шакиев: Эң туура. Ошон үчүн айтып атпаймбы. Мына Рыспай Абдыкадыров деген кандай керемет талант, классик. Ушул улуу талант Эмгек сиңирген артист деген менен кетти. Ошол Р.Абдыкадыровдун талантынын жарымына жетпегендер Эл артисти деген наамды алып атышат.

Ошон үчүн бир гана наам болуш керек, же Эмгек сиңирген, же Эл артисти деген. Дегеле ушул жаатта тааныштардын көбү тааныш-билиш, Ак үй, Көк үйдүн телефон чалуулары менен чечилип калып атат. Мен Казакстандын мисалын келтирейин, менин угушумча, аларда бир гана Кайраткер деген сыйлыкты калтырды дейт.

“Азаттык”: Ташболот мырза, ушул нерсеге сиз кошуласызбы, биз мыйзамдык жактан чек коюшубуз керекпи? Коомчулукта нааразылыкты пайда кылбагандай кылып, ушул маселе адилет кантип чечилсе болот?

Ташболот Балтабаев: Азыр баарын жоюп жиберип, эч кимге бербей койгон туура эмес болуп калат, чылпагын ал десе, көзүн оюп койгондой болуп. Бул шык берген, мамлекет тарабынан колдоо дегендей түшүнүш керек.
Р.Абдыкадыровдун талантынын жарымына жетпегендер Эл артисти деген наамды алып атышат.


Наамдар албетте керек. Бирок ошону берүү, ыйгаруу жагын ачыктыкка жеткириш керек, комиссия эле чече бербей, керек болсо конкурс жарыялаш керек. Биз да ушул комиссияга парламент тарабынан киргиздик, парламент, коомчулук, өкүлчүлүк тарабынан ачыкка чыгырылып, анан ММКларга жарыяласа ушулар талапкер болуп атат деп.

Мисалы, мен өзүм илимден келген кишимин, илимде ошол система иштелип чыккан. Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болуш үчүн, же башка илимдин сыйлыктарын алыш үчүн чоң сынак, чоң атаандаштык жана ошондой эле жашыруун рецензия деп коет, ушул талапкер талапка жооп береби, жооп бербейби деген.

“Кимдин кимдин заманы...”

“Азаттык”: Бүбүкан айым, сыйлык кандай жол менен берилет, ушунун механизмин айтып берсеңиз.



“Азаттык”:
Сизге коррупция сунушу менен келиштиби, муну алсаң, сыйлыкты берсең деп?

Бүбүкан Досалиева:
Мага ошондой сунуштар болду, сен сыйлыкты берип койсоң, мынча берем деп. Мен айтып атам, мен сыйлык саткан дүкөндө турган жерим жок, мен сатпайм, кимдин эмгеги сиңсе алсын. Ар бир адам соттолбогон болсо, мамлекетке эмгеги сиңген адам болсо ар бир адам алууга укуктуу. Аны тандаш керек.

Жакшы иштеген адамдарды кээ бирөө көргүсү келбейт, же көргөзгүсү келбейт. Ошентип сыпайы, абийири жогору адамдар калып калат экен да, жулунгандар, же башка жолун тапкандар алып кетет экен. Ага жол бербеш керек. Азыр президент да ушул маселени коюп жатат.

Азыр комиссия катуу эле болуп жатат. Комиссия жыйындары буга чейин ачык эмес болгон экен, азыр биз маселени коюп жатабыз. Ачыктыкты киргизиш үчүн мыйзамдарды өзгөртүш керек. Мыйзамдарды өзгөртүүгө азыр президенттин укугу жок, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн укугу бар. Жогорку Кеңеш, өкмөт анализдеп чыккандан кийин мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү аракеттерин көрүп жатабыз.
Бул багытта реформа жасаш керек, өзгөчө учурда гана өзгөчө эмгеги сиңирген адамдарга бир типтеги мамлекет үчүн кылган эмгеги үчүн деген сыйлыкты бардык тармактарга бирдей бериш керек.


“Азаттык”:
Нурлан мырза, театр, артисттер чөйрөсү өзүнчө кылдат мамилени талап кылган тармак. Бул тармактагы адамдардын талантын сыйлап, бапестеп, өстүрүп алыш жагы кандай? Артистти театрлардын өзүндө баалап алыш керекпи, андан кийин чыгарыш керекпи? Сиздер кандай критерий тандап атасыздар?

Нурланбек Шакиев:
Дегеле мамлекеттик сыйлыкка көрсөткөндө биринчи булак бул эмгек жамааты, мисалы театрдын жамааты биздин министрликке сунуш кылат. Биз министрликтин коллегиясында карап, анан президенттин алдындагы комиссияга жөнөтөбүз. Ошондо биздин коллегия татыктуулардын татыктууларын тандайбыз дегенге аракет кылабыз. Бирок тилекке каршы ал аракет 100 пайыз калыс каралбай калат, ачык эле айтыш керек.

“Азаттык”:
Азыр ачыктык критерийлер жөнүндө сөз болуп атат. Ошол эле мезгилде кайсы бир айылда ошол жердеги элге ак кызмат көрсөткөн, мисалы көп жылдан бери иштеп жаткан китепканачы болуп калат, же бир жакшы мугалим, же медициналык кызматкер, ушулардын эмгектерин баалай турган механизмдер барбы?



“Азаттык”:
Ташболот мырза, СССРдин убагында эмгекчи, дыйкандар сыйлык берилчү обьекттердин негизги тобу эле. Азыркы мезгилде алар унутулуп калды. Заман өзгөрдүбү, же бул туура болдубу?

Ташболот Балтабаев:
Заман деле өзгөрдү. Мурда эмгектин баатырлары деген болгон. Заманга жараша жаңы сыйлыктар пайда болду. Заманга жараша аны ыйгаруу, ыкмалары да өзгөрөт. Ошондуктан мен ойлойм туура эле.

“Азаттык”:
Аларга сыйлык керекпи, же кереги жокпу?

Бүбүкан Досалиева:
Керек. Мисалы сенин атың Айданбек, “Айданбек ата” деп коюп алган фермердик чарбалар өздөрүн өздөрү көрсөтүп келип атат, алардын жасаган иши болсо алар эмне үчүн албаш керек? Алыш керек.

Өзгөрүүлөрдү ээрчиткен реформа

“Азаттык”:
Сыйлыктын экинчи жагында бул канчалык бюджетке оорчулугу бар. Эл артистин, же эмгек сиңирген адам кошумча төлөмдөргө келеби?



Бүбүкан Досалиева:
Азыр бир тенденция бар экен: Ардак грамотасын алгандан кийин 5 жылдан кийин кийинки сыйлыкты, андан 5 жылдан кийин дагы кийинки сыйлыкты алышым керек дейт. Айрыкча маданият жана илим тармагындагы өкүлдөрдө ушундай тенденция бар экен.

Дагы бир тенденция, пенсияга жакындап калганда, менин Ардак грамотам бар эле, сөзсүз түрдө персоналдык пенсияга чыгышым керек, алышым керек дешет. Алышым керек дейт, ал эми эмгек сиңирдиңби? Буларды комиссия кайра жөнөтүп атат, көптөрүнө жаман көрүнүп атабыз. Эмне үчүн 25 жашында жасаган эмгеги үчүн 50 жашка чыкканда сыйлык алышы керек? Андай болбош керек.

“Азаттык”:
Ташболот мырза, сыйлык маселесин алганда мыйзамдык тактык зарылдай болуп турат. Кандай деп ойлойсуз, сиз иштеген медицина тармагы деле бул чөйрөгө жакыныраак дегендей оюм бар. Кандай өзгөртүүлөрдү сунуштай аласыз?
Мен сыйлык саткан дүкөндө турган жерим жок, мен сатпайм, кимдин эмгеги сиңсе алсын.


Ташболот Балтабаев:
Албетте мыйзамдык негизин карап чыгышыбыз керек. Себеби бул жөн эле моралдык артыкчылык, же моралдык канааттандыруу гана албастан келечекте бул мамлекеттик ресурстан кошумча каражаттарды ала турган мүмкүнчүлүк берет турбайбы, келечекте күч келтире турган мааниси бар турбайбы, ошондуктан бергенде биринчи адилеттүү бериш керек, экинчиси, ошону ачык, атаандаштык түрүндө бериш керек деп ойлойм. Андан башка механизм көрбөй жатам.

“Азаттык”:
Канча эмгек сиңирген, канча эл артистибиз бар?

Бүбүкан Досалиева:
Тилекке каршы, мен комиссияга барганда буга чейинки маалыматтардын баары өрттөнүп кеткен деп эч бир маалымат алган жокмун. Азыр жыйнап жатабыз, ар бир мекеме, министрликтерге кат жазып, канча киши бар деп. Эл баатырларынан 17, ал эми эмгек сиңиргендердин так маалыматын азырынча ала элекмин, мен үчүн да кызык болду.

Ал эми Эл артисттеринен, Эл сүрөтчүсү, Эл акыны дегендерден ушул тапка чейин эсебим боюнча 80ге жакындап калды. Эсептөө азырынча токтой элек. Финансы жагын карап көрсөк, мамлекеттин казынасына бир топ эле оорчулук келет экен, мунун баарын эсептеп көрүп атам. Ошон үчүн Казакстан Эл акыны деген наамдарды жоюп койду. Эң башкы сыйлык – Эмгек сиңирген артист деген сыйлыкты коюшту.

Биз да финансы жагынан мамлекеттин казынасына оорчулук келтирбей турган маселени карашыбыз керек. Мисалы Ардак грамотасын, анан Эмгек сиңирген ишмер деген наамды алса, бул персоналдык пенсияга чыгат. Ал эми эмгектин ветераны деген медалы барлар албайт. Ушул жагын тескешибиз керек. Эмгектин ветераны дегенди канча жыл иштегенден кийин алат? Ушул жагын караш керек. Бирок бул парламенттин милдети.

“Азаттык”:
Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG