Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Сыргабаев: Элде өкмөткө эмес, имамдарга ишеним өстү


Самар Сыргабаев
Самар Сыргабаев

Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун билдирүүсү боюнча калктын өкмөткө ишеничи өткөн жылы беш эсеге өстү. Буга байланыштуу “Азаттык” Социологиялык жана маркетингдик изилдөөлөр борборунун башчысы, социология илимдеринин кандидаты Самар Сыргабаевди кепке тартты.

“Азаттык”: Улуттук стратегиялык иликтөө институту жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктары канчалык реалдуу деп ойлойсуз?

Самар Сыргабаев: Бул калктын ишеним индекси боюнча Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту келтирген маалыматтар мени көп ынандырган жок. Биринчиден, бул изилдөөнү Улуттук статистикалык комитет аткарып жатат. Ушул жерден дароо эле маалыматтардын объективдүүлүгүнө байланыштуу суроолор туулат. Себеби, Улуттук статистикалык комитет мамлекеттик мекеме катары өкмөт каалаган пикирди чагылдырып коюушу мүмкүн.

Экинчиден, Стратегиялык институт жар салып жаткан 14,7 пунктта мактана турган эч нерсе жок. Ишеним индекси өзүнө 100 пунктту камтыйт. Ошонун 14,7 пункту аз гана бөлүгүн ээлейт.

Ошондой эле бул изилдөөнүн анкетасын карап чыктым. Бул жерде да менде сын-пикирлер жаралды. Интервью алуучу катардагы респонденттерге суроолорду узатууда. Ал жерде бир нече өкмөттүк органдардын тизмеси сунушталган. Катардагы респондентке ошонун ичинен айрымдарын объективдүү баалоо чындап эле кыйынга турат.

Ошондуктан массалык сурамжылоону жүргүзгөндөн кийин изилдөөнүн дагы башка түрлөрү - эффективдүү иштеп жаткан башка ыкмалар менен коштош керек эле. Мисалы, эксперттик сурамжылоо жүргүзүү керек болчу. Башкача айтканда, мамлекеттик мекемелердин ишмердигин карапайым калкка караганда объективдүү баалай турган адамдардын тобунун арасында сурамжылоо жүргүзүп, эки сурамжылоонун жыйынтыктарын салыштырып, тең салмактуу пикирди да чагылдырса болмок.

“Азаттык”: Сиздердин борбор да бул маселе боюнча сурамжылоолорду жүргүзүп турса керек. Балким өзүңүз деле кырдаалга байкоо салып турасыз. Сиздин баамыңызда, элдин бийликке болгон ишеними боюнча чыныгы жагдай кандай?

Самар Сыргабаев: Кыргызстандагы социологдордун башын бириктирген көз карандысыз коомдук уюм - Социологиялык ассоциация бар. 2014-жылы республика боюнча чоң изилдөө жүргүзгөн элек. Кыргызстандын бардык облусунда 2000 кишиге суроо узатканбыз.

Буга чейин деле бир катар өлчөөлөрдү жүргүзүп келгенбиз. Биздин жыйынтыктарга ылайык, өкмөткө карата ишеним дефицити такай эле байкалып келүүдө. Мисалы, 2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, парламентке "такыр ишенбейм" дегендердин пайыздык үлүшү 44% түзгөн. Өкмөткө "такыр ишенбейм" дегендер 38,6% түзгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга ишеним деңгээли бир аз жогору. Ал эми укук коргоо органдарына карата ишеним деңгээли такыр эле түшүп кеткен. Мисалы, сот системасына "такыр ишенбейм" дегендер 48%, милицияга 42%, прокуратурага 40% түзгөн.

Бул жерде эң кызыктуусу – мамлекеттик органдарга караганда Кыргызстандын аймактарында диний уюмдарга, анын ичинде муфтиятка болгон ишеним, тескерисинче, өсүүдө. Мисалы, муфтиятка, диний уюмдарга толук ишенем деп 37,4% айткан.

“Азаттык”: Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Самар Сыргабаев: Буга себеп - өкмөттүн натыйжалуу ишмердигинин жоктугу. Ошондой эле көптөн бери айтылып келаткан маселе – мамлекеттин өзүнүн идеологиялык багыттагы алгылыктуу иштердин жоктугу байкалат. Ошол боштукту диний уюмдар толтуруп жатат деген божомолду айтсак болот.

“Азаттык”: Соңку 20 жылда Кыргызстанда төрт жолу президент алмашты. Өкмөт башчылар болсо тез-тез алмашып турат. Ушул жылдары кайсы бийлик элдин ишенимине көбүрөөк кире алды? Салыштырып айтканда кайсы бийликтин кадыр-баркы жогору болду?

Самар Сыргабаев: Биздин уюм саясий элитанын беделин өлчөө боюнча жыл сайын эки жолудан мониторинг жүргүзүп келет. Биз эксперттик сурамжылоо ыкмасын колдонуп, Кыргызстандагы аттуу-баштуу эксперттердин тобун сурамжылап келебиз. Ошолордун пикиринин негизинде жалпыланган божомолдорду да берип келебиз.

2012-жылдан бери жүргүзүп келаткан изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таяна турган болсок, эксперттердин да өкмөткө ишеним деңгээли төмөн. Эксперттер өкмөт 1-1,5 жылга чейин гана иштейт деген божомолдорду айтып келет. Ошол божомолдор чынында эле иш жүзүнө ашып калууда. Менимче, тигил же бул өкмөткө ишеним деңгээли жогору болду деп айтуу азырынча кыйын. Эксперттер чөйрөсүндө да, карапайым калк арасында да ишеним таңсыктыгы абдан жогору.

“Азаттык”: Демек өкмөттөрдүн бири-биринен айырмасы анча деле байкалбайт экен да...

Самар Сыргабаев: Социологиялык көз караш менен алганда, тигил же бул өкмөттү өзүнчө бөлүп көрсөтө албайбыз.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG