Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:57

Чек араны тактоо: Баткенде кыргыз тарапка алгачкы 45 үй өттү


Кыргыз-тажик чек арасы. 2025-жылдын сентябры.
Кыргыз-тажик чек арасы. 2025-жылдын сентябры.

Чек ара такталганда Тажикстандан кыргыз тарапка берилчү 190дон ашык турак үйдүн 45и өткөрүлүп, тажик тарапка Көк-Терек айылындагы 17 үйдү өткөрүү жараяны башталганын райондук бийлик ырастады. Учурда эки тараптын жумушчу тобу алмашыла турган объектилерди тактап, каттоого алып жатат.

Апта башында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери жолугуп, чек араны делимитация кылуунун жыйынтыгы менен эки тараптан тең алмашууга макулдашылган айылдарды көчүрүүгө байланыштуу маселелерди талкуулаганы маалым болду.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоодогу макулдашууга ылайык эки тараптан алмашууга туш келген калктуу конуштар боюнча иштер башталды. Апта башында Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери жолугуп, тараптар алмашууга макулдашылган айылдарды көчүрүүгө байланыштуу маселелер талкууланды.

Ага ылайык, ушул күндөрү Кыргызстанга Тажикстандан 45 үй өткөрүлүп берилгенин, кыргыз тарап дагы чек ара такталгандан кийин өткөн турак жайларды берип жатканын Баткен районунун акими Данир Иманалиев “Азаттыкка” ырастады:

“Бизге өтүүчү жер районубуздун батыш тарабында Сомонен, Дахма жерлигинен 200гө жакын үй, 20 гектардай жер. Ошол 200дөй үй бизге өтүшү керек. Биз алардын ар бирин карап, ичинде эмне бар, сыртында эмне бар, тактап, кечээтен ишти баштадык. Кечээ эртеден баштап жалпысынан 45тей үйдү кабыл алдык. Ачкычтарын алып, айыл өкмөттөргө бердик. Процедурасын жасап, акт негизинде өткөрүп жатабыз. Ошол эле учурда бизден аларга өтчү үйлөр бар. Азыркы учурда Көк-Теректе тажик тарап менен карап, актынын негизинде өткөрүп алып жатышат”.

"Жаңы үйгө көчүп кирсек деп турабыз". Кыргыз-тажик чек арасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Чек араны тактоо иштеринин жүрүшүндө Кыргызстанга таандык 257 үй көчүрүлмөй болгон. Анын бир бөлүгү Баткен районунун аймагында Чет-Булак жерлигинде 181 үй курулуп башталган. Бул жерге Достук, Көк-Терек, Масеиттин Жери, Таш-Тумшук айылдарынан алмашууга туш келген үйлөр көчүрүлөт.

Жаңы Достук деп аталган айылга азырынча көчүрүү иштери баштала элек. Курулуш аяктаса суук түшкөнчө Кыргызстан тарап да аталган айылдарды бошотуп, элди көчүрүү иштерин башташарын район акими Иманалиев кошумчалады:

“Алдыда айткандай Тажикстан тараптан 45 үйү толук көчүрүлдү. Бизден болсо Көк-Теректеги үйлөр толугу менен көчүрүлдү. Анан мына Жаңы Достук айылы толугу менен курулуп бүткөндөн кийин калган Достук айылын, Масеиттин Жери, Таш-Тумшукту, Тескей участогундагы жашаган адамдарды көчүрүүгө шарт болору менен чыгарабыз. Бошотуп беребиз”.

Жаңы конуштар даяр болору менен көчүп чыгууга шашып турушканын "Азаттыкка" Лейлек районунда чек ара такталганда алмашууга туш болгон турак үйдүн ээси Сатар Таштанов айтты:

“Так эле биздин үйдүн наркы жагында он метр жерде Тажикстандын аскерлери турат эле. Жанында биз турабыз. Минтип жаңы үйлөр курулуп жатканы биз үчүн абдан жакшы иш болуп жатат. Биз бул жакка чыкканча дагы эле кооптонгондойбуз да. Буюрса булар ушул курулуштарды бүтүрүп берсе деп турабыз. Качан гана ушул үйлөргө көчүп кирсек, анан тынч болобуз да. Ошондо гана өзүбүздү Кыргызстанда жашагандай сезип калабыз да".

Чек ара такталып, бир жаңсыл болгондон кийин мурдагыдай чыңалуу жоголуп, бейкапар болуп калышканын Раззаков айылынын тургуну Тоту Гүлбаева белгиледи:

“Силер көрүп тургандай, алтымыш кожолукка үй салынып жатат. Ушул үйлөр жакшынакай бардык шарттары менен бүтсө, эл чоң ишеним менен ушул жаңы конушта жаңыдан жашоо баштайбыз деп турушат. Жаңы үйлөргө кирүүнү күтүп, ыраазычылык менен ушул конушка көчүүгө ниет кылып турушат”.

Чек ара такталганда көчүшү керек болгон кишилерге бүт шарттары менен курулган турак үйлөрдөн сырткары өкмөттөн кенемте берүү маселеси да каралып жатканын Баткен район акими Данир Иманалиев кошумчалады:

“Ал жакта элдин өзүлөрүнүн чарбалык курулуштары бар эле. Сарайы, гаражы дегендей. Анан айрымдарында бак-дарактары бар эле. Кээ биринде он өрүк же эки алма багы... Ошол бак-дарактарына да, чарбалык курулуштарына да биз кенемте беребиз да. Азыр өкмөттө көлөмү каралып жатат. Мен ойлойм, ошол акча биринчи жашоону калыптандырып алганга түрткү, жардам болот”.

Быйыл март айында Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын толук такталган макулдашууга кол коюлган. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза тапканы расмий жарыяланган. 2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, 2022-жылы 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.

Быйыл 13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.

Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек араны тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Кыргыз-тажик чек арасы: 90 чакырымга зым тартылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG