Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Тойдогу ысырапкорчулукту тыйса болобу?


Былтыр 7-майда бир күндө 20 түгөй баш кошкон.
Былтыр 7-майда бир күндө 20 түгөй баш кошкон.

Ноокат районунун акимчилиги келин үчүн берилүүчү калың 50 миң сомдон, 4 кой жана 2 түк кебезден ашпоосу тийиш деп бекитти.

Райондук жетекчилик бул кадамга үйлөнүү тойлордогу ысырапкорчулукту азайтуу максаты менен барып жатканын түшүндүрүүдө.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Надира Нарматова жана эксперт Чынара Эсенгул катышты.

“Азаттык”: Ноокат райондук акимчилигинин бул демилгесине кандай баа бере аласыз?

Нарматова: Бул демилгени мурда деле Кыргызстандын бардык аймактарында жергиликтүү бийлик көтөрүп, ашыкча ысырапкорлукту тыюу үчүн атайын чечимдер кабыл алынган. Бирок ал демилгелер ишке ашпай, натыйжасы жок болуп кала берген.

“Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн” дейт, мен да ушул демилгени ишке ашырууга, ысырапкорчулукту жоюуга жалпы коомчулук киришүүсү керек. Бул жер-жерлердеги аксакалдар, аялдар кеңеши деген бар, жаштар кеңеши – мына ушулардын баары биргелешип, кызыкдар болуусунан көз каранды маселе.

Эсенгулова: Менимче райондук акимчилик бул чечимди бекитип жатканда бир жактуу чыгаргандай. Анткени кыз жактын пикири, кыздын ата-энесинин пикири менен да эсептешүү зарылчылыгы бар. Депутат айым туура айтат, бул демилгени ишке ашыруу оорураак. Биздин коом жыйырма жылдан бери ар тараптан өнүгүп атат.

Талкууну толугу менен бул жерден угунуз:





“Азаттык”: Калыңдын аз-көптүгү кудалардын ортосунда гана эмес, жаңы үйлөнгөн үй-бүлөнүн ичинде да түрдүү сөздүн, нааразылыктын пайда болушуна алып келип, натыйжада үй-бүлө курула элек жатып, бузулуп кеткен учурлар бар. Чынара айым, сиз чет жактарга көп чыгып жүрөсүз, башка элдин маданияты кандай?

Эсенгулова: Ооба, мен дүйнөнүн батышында да, чыгышында да болдум, Америкада да, Жапонияда да болдум. Эки мамлекетти, эки коомду салыштырганда деле ал жактарда мына ушунун негизинде чатактар болгонун уккан жокмун. Ал жакта калың, сеп деген негизги эмес, эң негизгиси – той, аны эки тарап сүйлөшүп, келишип өткөрүшөт. Ал жакта индивидуализм, либерализм өнүккөн да, ошондуктан эки тарап кандай сүйлөшсө ошондой эле чечилип кете берет. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, батыш, чыгыш өлкөлөрүндө той кербени, кымбат автоунаалар менен сейилдөө деген нерсе жок.

Нарматова: Сөз калыңда эмес, бизде “калыңсыз болсо да каадасыз кыз болбойт” деген сөз бар. Биз бул жерде каада-салтты тыюуга аракет кылганыбыз жок, салт деп алып аны ашыкча ысырапкорчулукка айландырууну тыюу аракетин айтып жатабыз.

Мына бүгүн үйлөнүү тоюнда той кербенине "Лимузин", "Хаммер" менен чыгуу модага айланып атат, алардын бир күндүк ижарасы 500 доллардан кем эмес. Аны ким төлөйт? Үйлөнүп жаткан жигиттин достору төлөгөн учурда да, алар бул акчаны өздөрүнүн чөнтөгүнөн чыгарбайт, ата-энесин акча таап бер деп кыйнайт. Мына ушуга окшогон ашыкча ысырапкорчулукту тыюу тууралуу сөз болуп атат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG