Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

"Азаттыкка" пикир билдирген полковник иштен кетти


ИИМдин резервдеги кадры, милициянын полковниги Айбек Нусубалиев "Азаттыктагы" комментарийи үчүн жетекчилик аны иштен биротоло кетиргенин билдирди.

Нусубалиев милициянын жетекчилигине айтылган дооматтар тууралуу жазылган макалада "талаштуу жагдайларды көз каранды эмес комиссия иликтеши керек" деген пикирин билдирген. Бишкек шаардык милициясы болсо "калыс пикир айтканы үчүн иштен алды" деген Нусубалиевдин дооматын "негизсиз" деп жатат.

"Азаттык" 14-декабрда Бишкектеги ири "Дордой" базары менен анын тегерегиндеги конуштарда коомдук коопсуздукту караган милиция кызматкерлеринин даттануусу тууралуу маалымат боюнча макала жазган.

Анын алдында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн 11-бөлүмчөсүнүн кызматкерлери министрдин орун басары Данияр Абдыкаров менен Бишкек милициясынын жетекчисинин орун басары Мирлан Муктаров опузалап акча талап кылып жатканына байланыштуу арызданганын жазып чыгышкан болчу. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул маалыматты төгүндөгөн.

"Азаттык" кыргыз милициясын ичинен билген адамдардын бул боюнча пикирин сураган. Свердлов райондук милициясынын мурдагы жетекчиси, ИИМдин резервдеги кадры Айбек Нусубалиев "мындай жагдайда ар кандай күдүк ойлор жаралбашы үчүн жетекчиликке айтылган дооматтарды эч кайсы тарапка тартпаган комиссия иликтеп, арызданган кызматкерлерди коргоо кепилдиги болушу керек" деген пикирин билдирген:

- Эми мунун чындыгына жетүү үчүн ИИМдики эмес, өз алдынча иликтөө болушу керек. Анан өзүңүз ойлосоңуз, иштеп жаткан кызматкерлерди ИИМге чакырса, алар "ооба, ошондой болуп жатат" же "жок" деп чындыкты айтмак беле? Алар жетекчиге баш ийген адамдар да. Мындай жол менен чындыкты, акыйкаттыкты билүүгө мүмкүн эмес. Бул үчүн адегенде алардын кызмат орундарынын коопсуздугу камсыз болушу керек. Аларды коргоо боюнча алдын ала чара көрүлүшү зарыл. Коопсуз кызмат өтөшүнө кепилдик болушу керек. Ошондо гана чындыкка жетсе болот. Анан ал киши ИИМдеги жогорку кызматта отурган адам болсо, кантин анан ага каршы арызы бар экенин айтышат? Кызматкерлер чындыкты айткандан кийин анын артынан куугунтук болбой турганына көзү жеткен соң гана мүмкүн "бул киши ак" же "кара" деп айтса болот.

Айбек Нусубалиев "Азаттык" радиосуна 27-декабрда кайрылып, аны ушул пикири үчүн ички иштер органдарынан биротоло кетиргенин билдирди. Анын айтымында, мындан эки күн мурда эле Бишкек шаарындагы Ленин РИИБдеги өспүрүмдөр менен иштей турган бөлүмдүн жетекчиси болуп барууга анын макулдугун алышкан:

- Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси чакырган. Шаардык милициянын жетекчиси менен да сүйлөшкөм. Мен ыкчам кызматкер болуп 1991-жылдан бери иштегем, мен ыкчам кызматка барайын дегем. Ал мага "Айбек Асылбекович, туура түшүнүңүз, ыкчам кызматтарда орун жок, азырынча ушул эле орун болуп жатат" деген. Мен макул болуп чыгып кеткем. Бүгүн болсо мага "сиз биротоло кызматтан кеттиңиз, сизге бере турган кызматыбыз жок, чечим чыгардык, келип таанышып кетиңиз" деп чакырып жатат. "Азаттык" радиосуна калыс пикиримди айтканым үчүн куугунтукка кабылып, мыйзамсыз иштен алынып, ушундай абалда отурам. Мага балдар "Айбек Асылбекович, "мен Элеонора Бейшенбек кызына антип айткан эмесмин" деп интервью берип койбосузбу, ошондо кутулуп кетесиз" дешти. Мен аларга "андай эки жүздүү адам эмесмин, макалада жарыяланган сөздөрдү айтканым ырас" дедим.

Айбек Нусубалиев эмне себептен резервде узак убакыт отуруп калганын мындайча түшүндүрдү:

- Буга чейин мага расмий түрдө кызмат сунуш кылышкан эмес. Акыркы жолу ички иштер министри Улан Исраиловго киргенде ал Данияр Абдыкаровдун көзүнчө: "Айбек Асылбекович, биз сиздин эмгегиңизди баалайбыз, сизге мурдагы кызматыңызга татыктуу башкармалыктын жетекчиси кызматын беребиз. Бир гана нерсени суранам: мени шаштырбай күтүп туруңуз", - деген. Мен 1,5 жылдан бери ошол кишинин чечимин күтүп жаткам. Кызматтан баш тартпай эле, ички иштер министринин буйругун күтүп жаткам. ИИМде ириген кадр саясаты жүрүүдө. Абдыкаров (министрдин орун басары) өзүнүн каалаганын жасап жатат. Мен калыс сөздү айтканга укугум бар болушу керек деп эле жүрчүмүн. Калыс ою болгону үчүн да бизде куугунтук бар турбайбы...

"Резервдеги мөөнөтү өтүп кеткен"

Биз ички иштер министри Улан Исраилов менен анын орун басары Данияр Абдыкаровго комментарий алуу үчүн байланыша алган жокпуз. Министрликтин маалымат катчысынан да пикир алууга мүмкүн болгон жок.

Бирок бул жагдай боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов "Азаттыкка" комментарий берди.

Рахманов Нусубалиев ИИМдеги кызматтык териштирүү тууралуу пикири үчүн эмес, резервдик мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ички иштер органдарынан кетирилгенин билдирди.

- Айбек Асылбекович Нусубалиев резервде 2016-жылдын 27-июндан бери экен. Биздеги эреже, мыйзам боюнча резервде жүргөн мөөнөт төрт айдан ашпашы керек. Мунуку ошондой мөөнөттөрдөн бешөө өтүп кетиптир. Буга эки - шаардык милициянын инспектору, 3-бөлүмчөдөн кызмат сунуш кылынган экен. Ошол кызматтарга барбай, бүгүнкү күнгө чейин келген. Андан кийин көп ишмердүүлүк өткөрүлгөн, ошолордун баарына чакырганда келген эмес. Мыйзам боюнча анын мөөнөтү өттү. Биз аны терс мотив менен ички иштер органдарынан кетирген жокпуз, мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кетирдик. Ал милицияга коомдук башталышта кайра киргенге толук укугу бар. Резервде калганда деле төрт айлык мөөнөтү бүткөндө "кыскартыларым тууралуу эскертилди" деп кол да коюп берет. Ал өзү кол коюп берген кагаздары бар.

Бирок Сталбек Рахманов Айбек Нусубалиевге эки күн мурда кызмат сунуш кылынганына бир өңчөй жооп берген жок:

- Эки күн мурун келип ал кол коюп бергенде, биз күтүп отура бербейбиз да. Жылдын аягында резервде жүргөндөргө бош орундарды бөлүштүргөнбүз. Андан бир күн мурда эле Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кулуев өспүрүмдөр менен иштеген бөлүмдүн башчысы болсун деген өзүнүн кызматкерин берген. Биз аны албай кое албайбыз да. Биринчи кезекте бул өздөрүнүн кызыкчылыгы. Кулуев ошол баланы "мага ушуну коюп бериңиз" деп андан бир күн мурун берген. Нусубалиев болсо нары жак, бери жактарда айтып отургуча эки жыл болуп, мөөнөтү өтүп кетиптир. Резервде жүргөндөрдүн саны 70. Ошондуктан мөөнөтү өткөндөрдү кыскартып жатабыз.

"Жетекчиликтин кемчилигин айтуу дагы жылыш"

Айбек Нусубалиев учурда өз таламын талаша турганын айтып жатат. Ал Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин кызматынан 2012-жылы алынган. Анда ал жетектеген милиция бөлүмүнүн "пара алды" деп шектелген кызматкерлерин кармоо учурунда чыккан жагдай негиз болгону айтылган. Нусубалиев мыйзамсыз иштен алынганын айтып сотко кайрылып, утулуп калган.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова соңку талаштуу жагдайды Ички иштер министрлигинин коомдук байкоочу кеңеши териштирип, үн катышы керек деп эсептейт. Укук коргоочу ички иштер органдарындагы кемчиликтерди мурда-кийин иштеп кеткен кызматкерлердин айтып чыкканын да жакшы көрүнүш катары баалады :

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Жаңылыктардан "жалпысынан ИИМде 500дөй арыз болду, арасында жабылып калгандары бар экен" деп угуп жатам. Мындай иликтөө иштерин бүтүндөй Кыргызстан боюнча эле өткөрүш керек. Себеби өтө көптөгөн арыздар каралбай, жооп берилбей, иликтенбей калып калат. Андай фактылар толтура. Бул бир эле райондук милициянын кемчилиги эмес, ИИМдин ушунча жылдан бери чогулган кемчилиги. Биз "реформа жок" деп айтып эле келе жатабыз. Резервдеги кадрга кызмат сунуш кылып, анан кайра жок кылып койгону - бул деле куугунтуктун белгиси. Бир жагынан мени ИИМде иштегендер, иштеп кеткендер өздөрүнө өздөрү баа берип, сын көз караш менен карап, "мындай болбойт" деп ачык айта баштаганы кубантат. Бул дагы ушунча жылдан берки коомдун жетишкендиги. Мындай нерселер буга чейин ачыкка чыкпай, жамааттын ичинде эле калып калчу. Биз муну канча жылдан бери ачыкка чыгара албай, өздөрүнө айттыра албай келе жатабыз. Бир-экөө болсо да ачык айтып чыкканын жакшы деп белгилешибиз керек. Мындан ары "эгер биз ушуну кылсак, жамааттын ичинен бирөө-жарым айтат экен" деп ойлонуп калат.

Буга чейин ИИМдеги кадр саясаты, жеке курамдагы кээ бир жагдайлар боюнча айрым кызматкерлер өлкө жетекчилигине бир канча жолу кайрылып, арызданган. Анда дагы ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровдун аты айтылган. ИИМдин басма сөз кызматы министрдин орун басары боюнча дооматтарды четке кагып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG