Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Якутия: кыргыз активистке ким өчөштү?


Жазбек Бекболиев
Жазбек Бекболиев

Якутиядагы кыргыз диаспорасынын башчысы Жазбек Бекболиев мыйзамсыз миграцияны уюштурууга айыпталууда.

Орусиялык басылмалар Якутиядагы кыргыз диаспорасынын башчысы Жазбек Бекболиев камакка алынганын 27-декабрда жазып чыгышты.

Федералдык коопсуздук кызматынын Саха республикасындагы басма сөз кызматы Бекболиев Якутскиде чет өлкөлүк жарандарга миграциялык каттоого туруу үчүн жергиликтүү турак жай ээлерин таап берип, бул кызматы үчүн акы алып жүргөнүн билдирди.

42 жаштагы Жазбек Бекболиев Кыргызстандын жараны. Якутияга 2014-жылы үй-бүлөсү менен көчүп барган, төрт баласы бар. Ага чейин Кыргызстанда коопсуздук кызматында жети жылдай иштеген. Якутск шаарында 2016-жылы «Ынтымак» коомдук биримдигин түзүп, кыргызстандык мигранттарга укуктук колдоо көрсөтүп келген.

2018-жылдан тарта Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Саха республикасындагы коомдук өкүлү. Быйыл Кыргызстандын акыйкатчысынын Якутиядагы өкүлү болуп дайындалган. Эки жылдан ашуун Орусиядагы «Кыргыз конгресси» уюмунун Якутиядагы өкүлү болгон.

Интернетке 27-декабрда чыккан видеодон күч кызматкерлери аны кафеде отурган жеринен колуна кишен салып алып кеткенин, анын жанынан паспорттор табылганын көрүүгө болот.

Жазбек Бекболиев жанында үч кыргыз жаранынын паспорту болгонун, аларды мигранттарды батирине каттоого койгон адам ээлерине кайра берип коюусун өтүнгөнүн, бул эч кандай мыйзамга каршы келбестигин түшүндүрөт.

Ал эми Орусияда өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин кызыкдар тараптардын «буюртмасы» катары баалады.

- Бул кылмыш иши менин Якутиядагы коомдук жана укуктук ишмердүүлүгүмө каршы жасалган иш. Буга чейин да жергиликтүү күч органдарынын куугунтугуна кабылгам. Азыр болуп жаткан окуялар Якутиядагы кыргыз коомчулугундагы эле күч органдарында байланышы бар адамдын буюртмасы деп билем. Бул окуянын чоо- жайын териштирип, адилеттүүлүккө жетип, акырына чыгууга бардык тараптардан жардам күтөм, - деди Бекболиев менен байланышканыбызда.

Ал өзүнө Орусиядан чыгып кетүүгө расмий чектөө коюлбаганын, кылмыш иши козголгонун декабрдын аягында гана билгенин айтты.

Буга чейин Якутскиде кыргыз жарандарынын каттооcуна байланыштуу миграция жана коопсуздук кызматтарынын бир нече ирээт текшерүүсүнө кабылып, сотто акталып чыкканын кошумчалады. Бекболиев «атайын органдардын мындай тыкыр көзөмөлүн» мигранттардын укугун коргоо ишмердигине байланыштырды.

Жубайы Назгүл Бекболиева 4-декабрда күйөөсүнүн кадыр-баркын түшүрүп, жердештеринин ишенимин кетирүү аракети жүрүп жатканын "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

Якутскидеги убактылуу камоочу жайдагы кыргызстандыктар менен жолугушуу, ноябрь 2019
Якутскидеги убактылуу камоочу жайдагы кыргызстандыктар менен жолугушуу, ноябрь 2019

Якутскидеги кыргызстандыктардын «Ынтымак» коомдук биримдигинин башчысы Бекболиев быйыл мартта Якутияда мигранттарга каршы митингдер өтүп жаткан кезде Кыргызстандан барган расмий өкүлдөрдүн жергиликтүү бийлик башчылары менен сүйлөшүүлөрүнө катышып, мигранттарга каршы маанайдын басаңдашына, жагдайды жөнгө салууга салым кошкон.

Коомдук активисттин социалдык тармактардагы баракчалары менен Youtube каналынан Якутияда эмгек акысын ала албаган мигранттарга, кырсыкка учураган мекендештерге, убактылуу камоочу жайлардагы жана полиция кармаган кыргыз жарандарына укуктук көмөк көрсөткөн видеолорун табууга болот.

Бекболиев Якутскидеги кыргыз коомчулугунда коомдук, маданий, спорттук иш-чараларды, кайрымдуулук иштерди жигердүү уюштуруп келген.

Коомдук ишинен тышкары такси кызматында иштеген Бекболиев быйыл Якутскиде пенсионерлерди акысыз ташуу боюнча акция уюштуруп, ага кыргызстандык айдоочулар да кошулган. Коомдук активист муну жергиликтүүлөрдүн арасында келгиндер тууралуу жакшы пикир жаратуу максаты катары түшүндүргөн.

Якутияда жалпысынан 7 миңден ашуун кыргызстандык жашайт. Саха республикасында Данияр Байгутуев жетектеген дагы бир «Манас» биримдиги бар.

Орусиядагы кыргыз диаспора башчылары менен коомдук ишмерлер бул окуяны Бекболиевдин ишмердүүлүгү жана Якутскидеги кыргыз коомчулугундагы ич ара келишпестиктер менен байланыштырып жатышат.

Канзада Сманова
Канзада Сманова

Тюмендеги «Биримдик» кыргыз диаспорасынын башчысы Канзада Сманова Жазбек Бекболиев Орусиядагы кыргыз диаспора башчыларынын ичинде алгылыктуу иши, мигранттарга көмөгү менен таанылганын белгиледи.

- Бизде диаспора деген көп. Башчылары ар кандай жумуштар менен алек. Ошолордун ичинен чындап иштегендердин бири Жазбек. Мен 3-декабрда кармалганын угуп эле жардам берели деп чыккам. Эмдигиче эч ким расмий үн катпаганы өкүнүчтүү. Биз өкмөткө, мамлекетке мигранттардын көйгөйлөрүн чечкенде эле керек экенбиз. Диаспора башына ушундай иш түшкөндө эч кимге керек эмес экенибизди ушунда көрдүм.

Магнитогорск шаарындагы коомдук ишмер Айбек Баатыров коомдук активисттин өз мекендештерине көрсөткөн камкордугун жогору баалады:

- Жазбек кыргыздын алдыңкы жигиттеринин бири десем жаңылышпайм. Андай чынчыл, билимдүү, патриоттук сезими күчтүү, ак жүрөк адамдар саналуу эле. Кыйтырлык мүнөзү жок, акты ак, караны кара деген жигит экенин баарыбыз билебиз. Кыргызстандын көптөгөн жарандарына, канчалаган жардамдарды берип жүргөн. Тилекке каршы, биздин элдин мүнөзү баарыбызга белгилүү! Чыгаан жигиттерди көралбай жолун торогондору көрүнүп турат.

Зыйна Бакирова
Зыйна Бакирова

Ал эми Челябинскидеги диаспора жетекчиси Зыйна Бакирова Бекболиевди өз мекенинде коргоп калышар деген үмүттө:

- ФСБ жөн кармабайт. Далилдерин чогултуп, тыкыр иликтеп туруп, жетиштүү болгондо ишке ашырат. Жазбектики өкүнүчтүү иш болду. Мурда укук коргоо органдарында иштегендиктен, мыйзамдарды жакшы түшүнүп, мекендештерге көп жардам берген. Азыр Кыргызстанда экен. Эми биздин органдар аны Орусияга чыгарып бербей, бул окуяны өзүнчө териштирип, аны коргоп калса деп үмүттөнөм.

Казан шаарындагы коомдук ишмер Закир Сариев 10-декабрда Орусиядагы кыргыз элчиси Аликбек Жекшенкулов менен кыргызстандыктарга кайрылып, миграциялык каттоо көйгөйүн көтөрүп, Бекболиев мигранттарга көмөк көрсөтүү аракетинен жабыркаганын белгилеген.

Ал эми Москвадагы адвокат Мирбек Токтошев Бекболиевге каршы козголгон «мыйзамсыз миграция уюштурууга» байланыштуу кылмыш иши Орусияда чет өлкөлүк мигранттарга мыйзамдашууга жардам берген ар бир укук коргоочу, коомдук ишмер, диаспора башчыларына каршы колдонула турган берене экенин белгиледи:

- Бул берене боюнча жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Бул берене кылмыштын алдын алуу эмес, анын кесепеттери менен күрөшөт. Ошол эле кезде бул мигранттарга мыйзамдашууга жардам берген адамдарга да каршы колдонулуп жатат, кооптуу нерсе. Мыйзамсыз миграцияга түрткөн шарттарды, жагдайларды чечпестен, кылмыштуулукка түртүп жатат. Орусияда батир ээлери үйлөрүн мигранттарга ижарага берип, бирок салык төлөөдөн качып, миграциялык каттоого койбой жатканы бул орус өкмөтү үчүн көйгөй. Кыргызстан Евразиялык биримдикке киргенде эркин эмгек рыногу, эркин ишкердик, эркин жүрүү шарттары айтылган. Кыргызстандыктар Орусияга мыйзамдуу келип, мыйзам чегинде иштөөгө аракет кылса да азыркы миграциялык эрежелер, абал ага жол берген жок.

Орусияда эмгек мигранттарын каттоо эрежелерин катаалдаштырган мыйзам 2018-жылы июнда күчүнө кирген. Анда президент Владимир Путин кол койгон документке ылайык, мигранттар иштеген жеринде каттоого тура албай калган. Азыр чет өлкөлүктөр жашаган жеринде гана миграциялык каттоого турууга милдеттүү. Буга чейин жумуш берүүчүлөр мигранттарды иштеген жеринин юридикалык дареги менен каттоого укуктуу эле.

Кыргызстандын тышкы иштер мекемесинин маалыматына ылайык, Орусиянын Федералдык миграция кызматынын «кара тизмесинде» бүгүнкү күндө 60 миңдей кыргызстандык бар. Алардын басымдуусу миграциялык каттоо эрежесин бузгандар.

Ал эми Орусияда «мыйзамсыз миграция уюштуруу» беренеси быйыл октябрда катаалдаштырылган.

Учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 700 миңге чамалады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG