Орусияда келерки жылы жайда Дүйнөлүк футбол чемпионаты өтөт. Буга алдын ала даярдык катары мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер уюштурулуп, документ текшерүү күч алууда.
Кыргызстандык ишкер Индира Укуева азыртадан баштап жумушчуларга миграциялык документтерди алуу дагы оорлоп жатканын айтат:
- Мигранттарды эмгек келишими менен ишке алсак деле, миграциялык документтерин узарта албай жатабыз. Мисалы, мага келгенде кээ бирөөлөрдүкү үч ай өтүп кеткен болот. Аны узарталы десек, ушундай кыйынчылык. Мурунтан 1-2 жылга келишим менен тоскоолдуксуз болчу. Ошол футболго байланыштуу деген кеп болуп жатат. Ал эми өздөрү ачык айтпайт да. Ал эми Орусиядан чыгып, кайра картаны жаңылап киргиле десек, мигранттардын кайра киргени тозок болуп жатат.
Москвада мигранттарга көзөмөл акыркы айда катталган борбор азиялык мигранттардын нааразылык жүрүштөрүнөн кийин дагы күчөгөн. Сентябрда Люблино районундагы базарда коопсуздук кызматкерлери сабаган делген тажикстандык жаранга болушуп, жүзгө чукул мигрант нааразылык жүрүшүнө чыккан. Анда эки жүздөн ашык борбор азиялык мигрант камакка алынган.
Ай башында Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына көрсөтүлгөн зомбулукка нааразылык билдирген жүздөгөн адам Москвадагы Мьянманын элчилигинин алдына топтолушкан. Алардын басымдуу бөлүгү кавказ, чечен улутундагы адамдар болсо, арасында борбор азиялык мигранттар дагы катталган. Бул окуялардан улам мигранттар көп отурукташкан жана топтошкон жайларда полиция көзөмөлү орнотулган.
Жарандык активист Толкунбай Акматов Орусияда татаалдашып бараткан мигранттардын абалын эми Казакстандын чек арасындагы кыйынчылыктар оорлотуп турганын белгилейт.
- Тажиктер кичине тополоң кылды эле, аларга кысым дароо болгон. Ар жерден кармап, батирлерди тинтип дегендей. Кыргыздарда деле болуп калчу. Азыр эми миграциялык картаны дагы бир жылга узартпай жатышат, кийинки жылы футбол болот экен. Акырындык менен кыйындай баштады абал. Анан Орусияга келе жатканда Казакстанды аралап өтөбүз. Мурунтан мигранттар тоскоолдуктарды жон терибиз менен сезчүбүз. Эми андан бетер кыйын болуп калат.
Тополоңов: Руханий азыкка муктаж мигранттар көп
Тополоңов: Руханий азыкка муктаж мигранттар көп
Москвада Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлчүлүгү ачылганына жети жыл болду. Борбордо диний сабактардан тышкары демилгечилердин күчү менен бардык каалоочуларга орус жана англис тили сабактары кошумча өтүлөт. Мындай демилге чет жакта тил билбей кысталган мекендештерди колдоо үчүн уюшулган.
Орусиядагы борбор азиялыктар миграциялык документтерди жаңылатууга Казакстан менен чектеш аймактарга автоунаа менен чыгып келишет. Москвадан Казакстандын чек араларына жүргүнчү ташыган айдоочулар кыргызстандык номурдагы унааларга тыкыр көзөмөл салынганын айтышууда. Орус-казак чек арасында кыргызстандыктарга тоскоолдуктар жаралса, миграциялык документтерин мыйзамдаштыра албай калган мигранттардын саны өсөт.
Ишкер Руслан Эгембердиев Кыргызстанда тигилген кийим-кечени Казакстан аркылуу Москвага алып келип сатчу. Туруксуз абалдан улам эми убактылуу иштерин токтотушкан:
- Бишкекте кийим тигип, Москвада дүңүнөн өткөрөбүз. Заказчиктер сезондук товарды күндө заказ берет. Бүгүн «Карго» (жүк ташуучу ишкана - ред.) менен байланышсам, чек ара боюнча эч ким билбейт. Бизге күндө товар келбесе, Москвада соодагерлер эмне кылабыз? Айына ижара акысына 1500 доллар төлөйбүз. Цехтеги заказдарды токтоттук. Себеби тигилип чыккан товарга, тигүүчүлөргө айлык маяна төлөшкө туура келет.
Орусияда расмий эсеп боюнча 620 миңдей кыргызстандык эмгектенет. Жыл башынан бери Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн 4 миңге чукул жаран өлкөдөн чыгарылган. Ал эми "кара тизмедеги" мигранттардын жалпы саны 89 миң адам.