Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Москва: кыргыз диаспорасы соода борборун сурады


"Кыргызстан" соода үйү
"Кыргызстан" соода үйү

Кыргызстандын Экономика министрлиги Москвадагы “Кыргызстан” соода борборун жеке бизнеске бермей болду. 28-октябрга чейин жарыяланган мамлекеттик сынакка эки өлкөнүн ишкерлери катыша алат.

Ал эми Москвадагы кыргыз диаспорасы Орусиядан Кыргызстанга бир рублга берилген имарат кыргызстандык мигранттар үчүн иштеши керек деген пикирде болууда.

Министрликтин сынагы

Кыргызстандын Экономика министрлиги Москвадагы Бүткүл орусиялык көргөзмө борборунда жайгашкан “Кыргызстан” соода үйүн иштетүүгө атамекендик жана чет элдик ишканалар үчүн сынак жарыялоодо. Сынактын шарттары боюнча павильондо соода көргөзмөлөрү менен маданий иш-чаралар өткөрүлүшү керек жана улуттук тамак-аштарды даярдаган кафе иштетүүгө болот. Бирок сынакка рынокто үч жылдан ашык иштеген, жылына 10 миллион сомдук акча жүгүрткөн жеке ишканалар менен ишкерлер гана катыша алат.

Орусия бир рублга ижарага берген бул эки кабаттуу имаратты кыргыз өкмөтү 2008-жылы “Кыргызстан" соода үйү деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомго беш жылдык мөөнөткө келишим менен берген. Анда диаспора өкүлдөрү соода үйүн иштеткен Орусиянын жараны Кубанычбек Кожоев менчик медицина борборун, авиакомпания ачып, чакан ишкерлик кылып, көргөзмөгө келген атамекендик өндүрүшчүлөрдөн акы алып жатат деген дооматтарын айтып чыгышкан.

Диаспоралардын өтүнүчү

Диаспора өкүлөрү бул ирет да "Кыргызстан" соода үйү жеке ишкерлердин же чет элдик ишканалардын колуна берилсе, мурункудай көрүнүш кайталанат деп чочулашууда.

“Аксы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Бахтияр Өмүрзаков борбор кыргызстандык мигранттардын кызыкчылыгы үчүн иштеши керек деген ойдо.

- Жалпы ушул жерде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарга маданий борбор кылып бергиле деп суранып жатабыз. Биз жөнөкөй мигрант эмеспиз, биз эки өлкөнүн экономикасына киреше алып келген адамдарбыз, эки өлкөгө тең инвесторбуз. Биз Кыргызстандын ИДП жылына 30 пайызын толтуруп келатабыз. Биз жылына бир рублга берилген имаратты сурап жатабыз. Ошол жерде айылдан келген мекендештерге орус тилин окутуп, ыймандуулукту үйрөтүп, жолугушууларды уюштуруп турмакпыз.

Орусияда бизнесин түптөгөн мигранттар

Орусияда бизнесин түптөгөн мигранттар
Орусияда бизнесин түптөгөн мигранттар

Орусияда бизнесин түптөгөн мигранттар

“Кыргызстандыктар союзу” бирикмесинин төрагасы Эгемберди Мырзабеков имарат элчиликтин көзөмөлү астында мигранттарга көмөк көрсөтүп келген коомдук уюмдарга берилиши керек дейт.

- Бир уюмга бергендин кереги жок. Биз имаратты өкмөт өзүнө алсын, анан элчиликке өткөрүп берсин, элчилик анан жалпы диаспорага берсин дегенбиз. Диаспора деген бул эмне? Мисалы, бул жакта жыйырмага жакын коомдук бирикмелер бар мигранттарга жардам берген. Жаштар бар, аялдар бар дегендей. Алар ич ара көйгөйлөрдү чечип, аябай жакшы иштеп жатышат.

"Кыргызстан" соода үйү
"Кыргызстан" соода үйү

“Ала-Тоо” бирикмесинин жетекчиси Жамиля Бегиева имарат комерциялык кызыкчылыктар үчүн эмес, коомдук кызыкчылыктар үчүн иштеш керек деген позицияда.

- Бул жерде 30-40 жылдан бери жашап жүрөбүз. Борборду кыргыз диаспорасынын бир өкүлүнө берсе болмок. Көп суур ийин казбайт дегендей, бирөөнүн жоопкерчилигине берилип, анан бардык диаспора үчүн тең иштетсек болот. Бирөө чыгымдарын көтөрүп, жоопкерчиликтүү болуш керек да баары бир.

"Маданий жана илимий борбор болсо болмок"

Кыргыз биримдиги” уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров да Москвадагы көргөзмө борборундагы "Кыргызстан" павильону – “Кыргызстандын Орусиядагы маданий жана илимий борбору” болушу керек деген пикирди карманууда. Шакиров павильонду кыргыз диаспорасына берүү боюнча өтүнүч катты Жогорку Кеңешке жөнөткөн.

"Мекендештер": тапканыбызды өлкөгө берели

"Мекендештер": тапканыбызды өлкөгө берели

- Бул катты мурунтан жөнөтүшүбүз керек эле. Бирок, мамлекеттик жогорку кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолуккан сайын айтып келе жатабыз бул маселени. Биз диаспорага менчикке чыгарып бергиле же дагы башка деп жатканыбыз жок. Ошол жакта ИИМдин болобу, миграция агенттигинин болобу өкүлдөрү отуруп, Экономика министрлиги өзү көзөмөл салса деле жеке ишкерлерге өткөрүп бербей, мекендештерибиз үчүн маданий жана илимий борбор болуп иштесе деген эле ниеттебиз. Диаспоранын күчү менен деле имараттын ичин оңдоп-түзөп алмакпыз.

Москвадагы мурдагы Бүткүл союздук көргөзмө борборунун аймагында жайгашкан соода үйлөрү мурунку союздук республикаларга символдуу түрдө жылына бир рублга ижарага берилген. Ал эми Кыргызстандын павильону былтыр декабрдан бери иштебей турат. Мурун борборду келишимдин негизинде иштеткен тарап кыргыз өкмөтү менен узакка соттошуп, кийин имараттын ичине кошумча курулган курулуштарды чыгарып кеткен. Имаратты оңдоп жана кайра иштетүүгө айрым божомолдор боюнча 200 миллион рублдан ашык каражат керек.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG