«Азаттыктын» апта түрмөгүндө ички жолдордун абалы тууралуу кеп болот.
Ош-Бишкек трассасынын 67 чакырымга созулган Маданият-Жалал-Абад бөлүгүндө токтоп калган жолдун курулушу сентябрь айында жанданганы турат. Жолдо иштеген 400дөн ашык жумушчу ушул жылдын апрель айынан бери маянасын ала элек.
Ушундай эле маселе Ысык-Көл облусуна да тиешелүү. Каракол шаарынын кире беришиндеги автожолду асфальттоо иши бүтө элек. Бул жол жыл башында Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун эсебинен жасала баштаган. Калаанын ичинде 30 жылдан бери оңдолбой жатып тамтыгы чыккан жолдор да кездешет. Туристтик аймактын борборундагы ушундай жагдайга жергиликтүү эл нааразы.
Ал эми Нарындын таштак, өңгүл-дөңгүл ички жолдору жүргүнчүлөрдү эле кыйнабастан, далай айдоочуну да ыйлатты. Тыйын таап, үй-бүлө баккысы келген жүргүнчү ташуучулардын автоунаалары жолдун айынан керектен чыгып жатат.
Ошто болсо эки жыл мурда курулушу башталары айтылган Ноокат Кызыл-Кыя жолунда иш токтоп турат. Ал арада жолго байланыштуу убактылуу салынган көпүрөлөр жарактан чыгып баратат.
Баткен облусу боюнча эл аралык же район аралык жолдордон сырткары 12 чакырым ички жолдорго асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары чек арадагы айылдар үчүн да он чакырымдай жол оңдолгон. Ушу тапта чек арадан алыс аймактарда ички жолдордун абалы кейиштүү.
2019-жылга жолдорду оңдоп-түзөп жана кармап туруш үчүн мамлекеттен 1 млрд. 963 млн. сом каралган. Бул каражатка 126 чакырым жол салуу пландалган болсо, учурда анын 87 чакырымы, башкача айтканда 70 пайызы бүткөн. Өлкөдөгү ички жана шаар аралык жолдор боюнча «Азаттыктын» суроолоруна Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Соодонбаев жооп берди.
«Азаттыктын» жол маселесине арналган апта түрмөгүн ушул жерден уга аласыз.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
-
Ыдырыс Исаков
«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Кундуз Кызылжарова
"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Руслан Калматов
"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
-
Жеңиш Айдаров
"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
-
Сабыр Абдумомунов
"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.