Бишкекте "Азыркы светтик мамлекеттеги ислам" деп аталган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция ишин баштады.
28-29-сентябрь күндөрү өтүп жаткан жыйынга 19 мамлекеттин дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери, эл аралык кадыр-барктуу уюмдардын өкүлдөрү, диний аалымдар, чет элдик жана жергиликтүү белгилүү эксперттер, ислам таануучулар катышууда.
Президент: чала молдолор көбөйдү
"Азыркы светтик мамлекеттеги ислам" деп аталган эл аралык жыйын Кыргызстандын президентинин демилгеси менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.
Жыйынды президент Алмазбек Атамбаев 28-сентябрда ачып, өз сөзүндө светтик мамлекеттин мыйзамдарын динге каршы коюуга болбой турганын белгиледи:
- Светтик мамлекеттин артыкчылыгы – түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрүнүн, дин туткандар менен эч кандай динди тутпагандардын кызыкчылыктарын тең салмакта сактай билгендигинде. Ошол эле учурда дүйнөдө диндин ролун жана ордун жаңыча түшүнүү процесси жүрүп жатат. Азыркы замандын чакырыктарынын таасири алдында мамлекет менен диндин өз ара аракеттешүүсүнүн жаңы формалары пайда болууда. «Десекулярдаштыруу», «пост-секуляризм» деген түшүнүктөр көнүмүшкө айланып, жаңы диний идеологиялар таркалууда. Демек бүтүндөй дин, өзгөчө ислам бүгүн эң курч талкуулардын предмети болуп саналат.
Президент диний ураандарды жамынган экстремизмдин жана терроризмдин азыркы толкунун мамлекеттерди чыңдоо, алардын өз маданиятын, тилин жана өзүнчөлүгүн сактоо аркылуу токтотсо болот деп, исламды ага жамынуучулуктан сактоого чакырды:
- “Чала молдо дин бузат” деген байыркы сөз бар кыргыз элинде. Акыркы жылдары ошондой чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйүп, биздин ыйык ислам динибизге көлөкө түшүрүп, таза денеге чыккан чыйкандай болуп өлкөдөн өлкөгө жайылып баратат. Эгер биз, мусулмандар, ыйык динибиздин рухун, атын өзүбүз коргобосок, адашкандарга чындыкты айтпасак, динибизге, бүтүн мусулмандарга көлөкө түшүргөн чала молдолорго, бузукуларга, исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпасак, анда ким каршы чыгат?
Жыйында негизинен мамлекет менен диндин кызматташуу тажрыйбалары менен алмашуу, радикалдашууга бөгөт коюу максатында улуттук маданияттын өз алдынчалыгын сактоо, исламды саясатташтырууга жол бербөө сыяктуу темалар көтөрүлдү.
Светтик - атеизм эмес
Мисалы, Казакстандын дин иштери жана жарандык коом боюнча министри Нурлан Ермекбаев мамлекеттик органдар ортосунда консультативдик кеңеш түзүүнү сунуштады. Ал муну менен “деструктивдүү күчтөргө каршы бирге күрөшүү жана алдарды алсыздандырууга мүмкүн” болот деген оюн ортого салды.
- Светтик деген - атеизм эмес, бул эң алды мамлекеттин диний жөрөлгө, канондук маселелерге аралашпоо. Ошону менен катар мамлекет бардык диний уюмдар болобу, жеке адамдар болобу, жалпы мыйзамдарды сактоосуна көзөмөл жүргүзүшү керек. Светтик мамлекет эч кимди мажбурлабайт, милдеттендирбейт. Динге ишенеби же жокпу, ар кимдин өзүнүн укугу бар.
Орусиядагы "Цивилизациялар диалогу" илимий изилдөө институтунун башчысы, дин жана саясат таануучу Алексей Малашенко мамлекет дагы, дин дагы бири бири менен ортозар деңгээлде байланышып турарын белгилеп жатат:
- Мамлекет жана диний коомчулуктун ортосундагы байланыш же ушул багыттагы маселе бардык жерде бар. Мамиле чеги менен болушу керек. Башкача айтканда, мамлекеттин бардыгын көзөмөлдөй бергени да туура эмес, кандайдыр бир деңгээлде эркин аракеттенүү деген болушу зарыл. Экинчиден, дин мамлекеттик иштерге аралашпашы керек. Мамлекетке диний уюмдар тарабынан басым болгон учурда жагымсыз абал түзүлөт.
Жек көрүүчүлүктү билим гана жоё алат
Диний эксперттер кайсы бир динди жек көрүүчүктү же динден коркууну билим менен гана чечүүгө болорун белгилеп жатышат. Бул үчүн ар кандай долбоорлор менен иштешүү аздык кыларын Кыргызстандагы Ислам институтунун ректору Марс Ибраев "Азаттыкка" белгиледи. Ибраев Кыргызстан үчүн башка бир өлкөнүн дин тутуу моделин алуу туура эмес деп эсептеди:
- Белгилүү бир өлкөнүн моделин алуу керек дегенден алысмын. Ар кимдин тажрыйбасын көрөлү, ошондон алалы, бирок өзүбүздүкүн чыгаралы. Өзүбүздүн менталитетибиз, дин тутуу ыкмабыз же жолубуз бар. Ошол эле ишеним, мазхаб жагынан да айырмачылыктар бар. Европадагы же Түркиядагы ыкмалар бизге туура келбей калышы мүмкүн. Келечекте динден чочубаган же радикалдуу болбогон жаштарды тарбиялайбыз десек, дин тууралуу маалыматты, ыйман маселелерин окуу программаларына киргизишибиз керек.
Жыйындын алкагында мамлекеттер аралык диалогду жана диний чөйрөдө кызматташууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, исламдын азыркы светтик мамлекеттердеги ролу тууралуу декларация кабыл алынуусу күтүлүүдө. Форум ишин 29-сентябрда жыйынтыктайт.
Кыргызстан Конституция боюнча светтик мамлекет. Соңку жылдары өлкөдөгү диний кырдаал сабатсыздыктан жана сырткы таасирден улам кооптуу болуп баратканына байланыштуу бул маселе өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде талкууланып, тиешелүү чаралар иштелип чыккан.