Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Жапаровдун эжесин карматкан банк чыры


Райкүл Жапарова. Сүрөт Бишкек ШИИБине таандык.
Райкүл Жапарова. Сүрөт Бишкек ШИИБине таандык.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова Интерпол аркылуу Польшада кармалды. Райкүл Жапарова мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан соттолгон.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол Польшадан кармалган Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча бул ишти Башкы прокуратура алып барууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын ушул жылдын 11-февралында маалымдаган. Ал 2007-жылы «Ысык-Көл инвест банкты» рейдерлик жол менен тартып алганы үчүн айыпталып, 2015-жылы сыртынан соттолгон.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева буларды айтты:

«Райкүл Жапаровага карата Бишкектин Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунан сыртынан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Жазык кодексинин «Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган».

Райкүл Жапарова - учурда камакта отурган экс-депутат Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси. Садыр Жапаров да 2015-жылдары өлкөдөн чыгып кеткенде Польшада жүрүп келгени маалым болгон.

Анын адвокаты Шарабидин Токтосунов Райкүл Жапарованын Польшадан саясий башпаанек алган-албаганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Бирок анын Интерпол аркылуу кармалышында саясий боёк бар деп эсептейт.

Шарабидин Токтосунов.
Шарабидин Токтосунов.

«Бул кишинин иши эки жолу кыскарган, - деди ал. - Анан кайра жандантып, кармалышы саясий боёктун бар экенинен кабар берип турат. Ал жерде эч кандай кылмыштын курамы жок».

Садыр Жапаров 2015-жылы Польшадан берген интервьюсунда «Саясаттагы 10 жыл» аттуу китеп жазганы үчүн эми эжеси да куугунтукка кабылганын билдирген.

Ошондой эле ал «Азаттык» радиосунун суроолоруна: «Менин да, эжемдин да «Ысык-Көл инвестбанкка» 1% да тиешебиз жок. Бул банкта эжем сиз сыяктуу айлык алып гана иштеген. Банктын мурдагы ээси Байкожоевдин кинеси туура эмес. Ал өз колу менен банктагы акциясын Максим Бакиевге саткан экен. Ал кийин соттон белгилүү болду. 2010-жылы революция болуп кеткенден кийин Максим тартып алганын айтып, соттон банкты бекер алмай болгон», - деп жооп берген.

2010-жылы 7-апрелден кийин Бакиевдерге таандык деп эсептелген АУБ, «Манас», «Кыргызкредит», «Акылинвест» жана «Ысык-Көл инвест» банктарына убактылуу өкмөт тарабынан сырттан башкаруу киргизилген болчу.

Тергөөнүн маалыматтарында Райкүл Жапарова 2007-жылы апрель айында Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алганы, ошол эле жылдын август айында банктын башкармалык кеңешинин төрайымы болуп шайланганы айтылган.

Бул иштен кабары бар экенин айткан саясатчы Бектур Асанов мындай маалымат берди:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Мен «Ысык-Көл инвест банктын» мурдагы кожоюну Болот Байкожоев менен депутат болуп чогуу иштешкем. Бул иштин экинчи тарабын да жакшы билем. Ошондуктан бул жерде саясий оюн бар деп айтыш кыйын. Анткени Байкожоев убагында бийликке ачык сын айтып жүргөн, бекем позициясы бар киши. Банк талаштан жаралган маселеде Байкожоевдин конкреттүү жүйөлөрүн уккам».

Райкүл Жапарованын бир тууган иниси Садыр Жапаров учурда түрмөдө отурат. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. 2019-жылы саясатчынын ишин караган Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG