Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:13

Абдирасулова: Митингдеги чыр дыкат иликтениши керек


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

2-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында саясатчы Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарууну талап кылган митинг өткөн. Ал митингге чогулган элди Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кууп таратып, ондогон адамдар кармалды.

Митингге байкоо салган «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова «Азаттык» менен ой бөлүштү.

«Азаттык»: Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуу талабы менен тынч митинг өтөт деген маалымат тараганына бир топ убакыт болуп, социалдык тармактар аркылуу чакырыктар таратылып жатканы көпчүлүккө белгилүү эле. Демек митингге келгендерде да, тартип коргоо органдарында да ар кандай окуя болуп кетиши мүмкүн деген ой пайда болушу жөндүү эле. Митингчилер менен милициянын кагылышына жеткирбей эле жөнгө салса болот беле?

Азиза Абдирасулова: Кагылышууга жеткирбей жөнгө салынса болмок. Мен буга байланыштуу үч жагдайды баса белгилегим келет. Митинг тынч маанайда башталды, катышкандар жакшы үмүт, уюшкандык менен келишти. Бийликке же кимдир бирөөгө каршы чакырыктар болгон жок. Бирок уюштуруучулар бир топ кемчиликтерди кетирип, ошол каталар азыркыдай жагдайга алып келди.

Биринчиден, башталганда эле митингдин уюштуруучусу жок, эл өзү келди деп, элдин өз эркине калтырып коюшту. Мен уюштуруучу жок дегенге ишенбейм. Себеби чакыруу, талаптар жазылган транспаранттарды, сүрөттөрдү көтөргөн катышуучулар бардык региондон бир кишидей эле уюшуп келишти. Микрофондор коюлуп, алып баруучусу да болду, жарык өчкөндө дароо генераторлорду коюшту. Демек аны кимдир бирөө уюштурду. Ушундай окуя болгон жерде уюштуруучулар бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, "биз бардык маселе боюнча жооптуубуз" деп, жоопкерчиликти колго алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек эле. Уюштуруучусу жок митинг дегенден кийин эл өз алдынча калып, ким эмнени кааласа сүйлөп калды.

2-марттагы митингдин хронологиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:14 0:00


Экинчиси - чогулгандар арасында биз ар кандай адамдарды көрдүк, айрымдары кызуу да жүрүштү. Арасында «3-4 сааттан бери эмне турабыз, жүрбөйсүңөрбү, Ак үйгө барбайлыбы» деп көкүткөндөр да болду. Эгер уюштуруучусу болсо ошондой адамдарды көзөмөлдөп, «булар биздин катышуучулар эмес, кызып калышыптыр» деп кармап милицияга өткөрүп бериши керек эле.

Үчүнчүсү - социалдык тармактар аркылуу чакырыктар таратылып, 2-мартта ушундай жыйын болот деп элге маалымат таратылгандан кийин атайын резолюция даярдалып, бийликке коё турган талаптар кагаз жүзүндө жазылып келиши керек эле. Бийлик деген чоң түшүнүк, ошон үчүн президентке, парламентке, өкмөткө, прокуратурага, сотко кандай талаптар бар экендиги так жазылышы керек болчу.

Кечээ президенттик аппараттын өкүлдөрү менен жолугушууга 9 адам барды. Колунда жазып барган кагазы болбогондуктан "талабыңарды жазып келгиле, ага үч күндөн кийин жооп беребиз" деп узатышты. Мына ушундай кемчиликтерден улам митингди алып барып жаткан Каныбек Осмоналиев да, агасы Сабыр Жапаров да аягында жакшы жыйынтык чыгара алышпай, элди тарката албай калышты. Башында "уюштуруучу эмеспиз" дегенден кийин аларды эч ким укпай, эл түртүшүп тура берди. Эгер митингдин жыйынтыгы катары чечимдер алдын-ала даярдалып, элге жарыяланса, бүгүнкүдөй көрүнүш болбойт эле.


«Азаттык»: Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүп, коомдук коопсуздукту сактоого бардык чаралар көрүлөт деп кабарлады. Бул жерде камоо адилет болду, жөн эле барган айрым адамдар кармалган жок, алардын укугу бузулган жок деп ишенимдүү айта алабызбы?

Азиза Абдирасулова: Мен эң ириде милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Кечээ митинг болуп жаткан жерге форма кийген бир да милиционер басып барган жок, аны баса белгилеп коёлу. Бирок кармалгандарга "мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылды" деген киненин коюлушу туура эмес. Тартип коргоо кызматкерлери ошол митинг учурунда кимдер чакырык жасаганын, кимдер чагым кылганын, кимдер чыныгы күнөөлүү экенин дыкат иликтеп, ошондон кийин гана айып коюшу керек. Анткени ал жерде бийликти басып алууга эч кандай чакырык болгон жок. Демек бийликти басып алууга аракет кылды деген айып коюу туура эмес. Бирок уюштуруучусу жок, эл өз каалоосун билдирип жатат дегенден кийин эл арасынан Ак үйдү көздөй басып кеткендер, кутум салгандар болду. Ошон үчүн милиционерлер аларды токтотууга түздөн-түз милдеттүү болчу.

2-март, 2020-жыл.
2-март, 2020-жыл.


«Азаттык»: Эмне үчүн бийлик митигчилер менен сүйлөшүүгө барган жок деп ойлойсуз? Митинг болоору мурдатан белгилүү болгондон кийин кармоосуз, суу, газ чачуусуз эле сүйлөшүү жолу менен кырдаалды жөнгө салууга бийлик даярданып, кызыкдар болушу керек беле?

Азиза Абдирасулова: Бийликтин ким менен сүйлөшүү керектиги белгисиз болуп калды. Митингге келгендердин саны 3 миңден ашык болду. Бирок алардын арасында ким уюштуруучу экендиги белгисиз болгондон кийин ким менен сүйлөшүү керектиги билинбей калды.

Мен башында айткандай эле, уюштуруучусу жок болгондон кийин милиция менен да алдын-ала сүйлөшүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошон үчүн бүгүн мен тартип коргоо органдарына алдын-ала кабарлабай туруп, атайын куралдарды колдондуңар деген дооматты коё албай турам. Анткен менен аянтта 3 миңден ашык адам тургандан кийин Коопсуздук кеңешинин, өкмөттүн же парламенттин, президенттик аппараттын өкүлдөрү басып келип, эл менен жолугушуп койсо эл да "бизди укту" деп ыраазы болмок. Кечээ бирөө да басып келген жок.


«Азаттык»: Митингди кууп тараткан учурда милиционерлердин өзү таштарды терип алып, элди көздөй урган учурлар болду. Эки тараптын бири-бирине таш ыргытуусунун натыйжасында көчөдө токтоп турган машиналар талкаланды. Бейкапар жүргөн элдин коопсуздугу да коркунучта калды. Ушундай кырдаал жаралбашы үчүн милиция митингчилерди таратуунун коопсуз жолун даярдашы керек беле?

Азиза Абдирасулова: Албетте, колунда атайын куралы болгондон кийин милиционерлер таш ыргытпашы керек эле. Мындай окуя буга чейин 2013-жылы да болгон. Андан тышкары эл удургуп, көчөлөрдү аралай качышканда көчөдө бейкапар жүргөн адамдардын коопсуздугуна, айрыкча мектептен тараган балдарга, балдарын жетелеген энелерге коркунуч жаралды. Мен баласын көтөрүп качып бараткан энени өз көзүм менен көргөндө корктум. Ушундай кооптуу жагдай болгондон кийин милиция көчөнү дароо тосуп, элди өткөрбөй туруп анан атайын куралдарды колдонушса жакшы болмок.

Бул жерде милиция уюштуруу жагынан ката кетирди. Ошон үчүн кармалган адамдарга бийликти басып алууга аракет кылды деген кине коюу туура эместигин, андай чакырык болбогонун дагы бир жолу баса белгилей кетейин. Эгер андай айып коюла турган болсо бейкүнөө адамдар көп жылга эркинен ажырап, тагдырлары тайкы болуп калат. Ошон үчүн бийлик бардык тергөө учурунда укугун коргоочулардын кызматы менен камсыздап, адилет териштирүүгө милдеттүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG