Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:22

Жапаровго президенттин "ырайымы" кечикти


Садыр Жапаровду колдогон митинг.
Садыр Жапаровду колдогон митинг.

Камакта отурган Садыр Жапаровдун жүздөгөн тарапташтары саясатчыны бошотуу талабы менен Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүштү.

19-декабрда Максим Горький паркына чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары “Жапаровго боштондук” деп кыйкырып, плакаттарды көтөрүп турушту.

Парламенттин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев саясатчыны түрмөдөн бошотууну талап кылган петицияга 500 миң киши кол койгонун айтып, бул акция элдин үнүн бийликке жеткирүү үчүн өтүп жатканын жарыялады.

Жапаровдун тарапташтарынын бири Махабат Сулайманова акцияга катышуу үчүн Баткенден атайын келгенин айтты.

- "Элим-жерим" деп жүрүп камалып калды. Мен Сооронбай Шариповичтен Садыр Жапаровду бошотуп коюуну суранам. Ал чындыкты сүйлөйм деп камалып калды.

Жапаровду эркиндикке чыгарууну талап кылган митингге парламенттин мурдагы депутаттары Жылдызкан Жолдошева менен Камчыбек Ташиев да келишти.

Саясатчы Камчыбек Ташиев Жапаровдун абакта кармалып турушуна кызыкдар күчтөр бар деп эсептейт. Бирок Ташиев алар кимдер экенин айткан жок.

- Садыр жаңы кодекстер боюнча эч кандай мунапыска илинген жок, ырайым берилген жок. Бул жерде чоң күчтөр Садырдын чыкпашына кызыкдар экени билинип калды. Ошондуктан эл Садыр Жапаровду чыгарууну талап кылууда.

Жапаровдун тарапташтары акцияга чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00


Жапаровдун эркиндикке чыгышын талап кылып келаткан парламенттин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошева саясатчы абакта отурганда жакындарын жоготконун белгилеп, "президенттин ырайым берүүсү туура болот" деди.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов ырайым берүү боюнча бардык документтер тиешелүү органдарга тапшырылганын айтып, бирок арызды кароо кечигип жатканын айтты.

- Адегенде Садыр Жапаров жаткан колонияда ырайым берүү боюнча байкоочу кеңеш, комиссия түзүлүшү керек экен. Ошол комиссия карап, президенттин аппаратына жөнөтөт. Ал жерде ырайым боюнча комиссия карап, президент кол коёт экен. Кечээ комиссияда кворум болгон жок деп караган жок. Эгер каралып калса, Жапаров чыгышы керек.

Адвокат Токтосунов Жапаров өзү ырайым суроону каалабаганын, аны жазууга туугандары, тарапташтары көндүргөнүн кошумчалады. Ноябрь айында Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураганы кабарланган.


Президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия Жапаров боюнча материалдар келе электигин, документтерди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жибериши керектигин "Азаттык" радиосуна кабарлады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматкери Эленора Сабатарова соттолгондорго ырайым берүү маселесине алардын тиешеси жок экенин маалымдады.

- Ырайым берүү боюнча өзү же адвокаты президенттин администрациясына берет. Бизге эч тиешеси жок. Биз аткаруучу органбыз. Чыгаргыла же камагыла деген буйрук келсе аны аткарабыз.

Саясатчынын тарапташтары Садыр Жапаровду “саясий туткун” деп эсептеп, анын камактан чыгарууну талап кылып келишет.

2013-жылы Караколдо барымтага алуу окуясы болуп, андан кийин Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. Жапаров 2017-жылы мартта Кыргызстанга кайтып келерин, аны миңдеген тарапташтары тосуп аларын айтып, алдын ала жарыялаган. Бирок күч түзүмдөрү аны чек арадан кармап, тарапташтары чогулган митингде ызы-чуу болуп, бир топ активисттер кармалып, камакка алынган.

2018-жылы июнь айында Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 11 жыл, алты айга кесилген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG