Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:14

Мурдагы министр менен экс-судья камалды


Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровду коргоо кыймылынын төрагасы, мурдагы билим берүү министри, экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана мурдагы судья Анар Дубанбаева камакка алынды. Алар «бийликти басып алууга аракеттенген» деп шек саналып жатат.

Осмоналиев коюлган айыпка макул эмес экенин, 2-мартта Бишкекте өткөн митингде чагымчылдык болгонун айтты. Ал акыркы учурларда Жапаровду абактан чыгарууну талап кылуу менен кошо бийлик жүргүзгөн саясатты сындап келген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө жайына камалды. Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов 5-мартка караган түнү ушундай чечим чыгарды. Осмоналиев соттун чечиминен кийин «Азаттыктын» айрым суроолоруна жооп берди.

«Бийликти басып алууга эч кандай аракет болгон эмес. Анын баары жалган. 2-марттагы митингде ката деле кеткен жок. Бирок чагым болду. Аны ким уюштурду, билбейм. Тергөө аныктайт», - деди сот залынан чыккан Осмоналиев.

Осмоналиев 2-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Нааразылык акциясы аяктап баратканда Каныбек Осмоналиев модераторлук милдетин митингге катышып жаткан Бакай Кашкарбаевге өткөрүп берген. Эл Жогорку Кеңештин имаратына бет алып, ал жерде күч түзүмдөрү менен адамдар кагылышкан учурда Осмоналиев кайсы жерде болгону белгисиз. Митингчилер күч менен таркатылгандан кийин кечке жуук гана УКМК Осмоналиевди үйүнөн кармаганы белгилүү болду.

Атайын кызмат Осмоналиевден башка митингдин дагы бир жигердүү катышуучусу кармалганын, аларга «Бийликти күч менен басып алуу аракети» беренеси менен айып коюлганын билдирген. Бирок аты-жөнүн жарыялаган эмес. Экинчи адам Анар Дубанбаева экени 4-марттын кечинде сотто бөгөт чарасы каралган учурда билинди. Осмоналиевдин адвокаты Шарабидин Токтосунов шектүүлөргө коюлган айып боюнча мындай деди:

Шарабидин Токтосунов.
Шарабидин Токтосунов.

«Анар Дубанбаева митингде сөз сүйлөбөптүр. Ал болгону Караколдо Садыр Жапаровду колдоо штабын жетектеген экен. Ал мыйзам бузган эмес, эч кимди үгүттөгөн эмес. Ага «Ысык-Көлдөн Бишкекке 200 киши жөнөткөн» деген шылтоо менен эле айып тагылды. Каныбек Осмоналиевдин да, Анар Дубанбаеванын да аракетинде мыйзам бузуу жок».

Жактоочунун маалыматына караганда, Анар Дубанбаева мындан бир нече жыл мурун Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. Интернеттеги ачык маалыматтар боюнча, ал юридикалык тармакта 23 жыл иштеп, анын 11 жылында судья болгон. 2018-жылы Ысык-Көл облустук сотунун судьялыгына ат салышып, кийин талапкерлигин алып койгон.

Ички иштер министрлиги 2-марттагы митингде баш-аягы 166 киши кармалып, анын ичинен төртөө камакка алынганын кабарлады.

Акцияда маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана башка жарандарга кол салган дагы бир аял 4-мартта кармалды. Милиция бул иштерди «Массалык башаламандык» беренеси менен териштирип жатат.

Чуу менен бүткөн митингден кийин Садыр Жапаровдун тарапташтары нааразылык акциясында чагым болгонун айтып чыгышты. Саясатчы Бектур Асанов да ушундай пикирде.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Митинг көрсөткөндөй ал жерге жалаң эле Садыр Жапаровду колдогондор келген жок, - деди ал. - Башка да күчтөр бар экени, бийликке нааразы болгон электорат көбөйүп жатканы билинди. Аянтка чыккандардын жарымы Жапаровду колдосо, жарымы ар кандай топтордон ар кандай кызыкчылыкты көздөгөн адамдар болду. Ошондуктан эл баш бербей, чагымчылдык болду».

5-мартта Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров видеокайрылуу таратты. Анда Жапаров митингде коюлган талаптар боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтып, Садыр Жапаровдун тарапташтарын мындан ары башаламандыкка жол бербөөгө үндөдү:

«Бизди чагымчыл күчтөр колдонуп кетпесин. Мага келген маалыматтар боюнча, бизди курал катары колдонобуз деген ойлору бар экен. Кайрадан башаламандыкка жол бербейли», - деген Жапаров ал кайсы күчтөр экенин тактаган жок.

Каныбек Осмоналиев камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

Садыр Жапаров 2-марттагы митингдин алдында тарапташтарын митингге чыкпоого чакырып, бул иш-чараны чагымчылдар пайдаланып кетиши мүмкүн экенин эскерткен. Бирок тарапташтары ошого карабай митинг уюштурушту. Анда күч түзүмдөрүнүн 19 кызматкери жана үч жөнөкөй жаран жаракат алып ооруканага кайрылды.

Бул акциядан кийин Кыргызстандагы митинг өткөрүү маданияты, бийликтин маселени каршылык акцияларына жеткирбей чечиши жөнүндө суроолор берилүүдө. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бул боюнча пикири менен бөлүштү:

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

«Мыйзамдуу жыйындардын, митингдердин, пикеттердин өтүшүнө каршы болбошубуз керек. Мындай акциялар демократиялуу мамлекеттерде өтүп турат. Бирок тынч жыйындар башаламандык, басым көрсөтүү, шантаж жолуна өтүп кеткени туура эмес. «Бийликти басып алам» дегендей радикалдуу кадамдарды колдобойм».

Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын февралдын башында билдирген. Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокуратуранын прокурору Абай Молдокматов саясатчынын жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай турганын айткан.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин айткан. Ал 3-мартта, башаламандык менен коштолгон митингдин эртеси Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, «бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт» деп билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG