Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Кыргыз митингчилердин акыркы үмүтү БУУда калды


Бактардын кыйылышына каршы чыккандарды милиция кармап кетип жаткан учур. Бишкек, 2-июнь, 2017-жыл.
Бактардын кыйылышына каршы чыккандарды милиция кармап кетип жаткан учур. Бишкек, 2-июнь, 2017-жыл.

БУУ кыргызстандык жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугунун азыркы абалына баа бериши керек. Мындай талап Бишкекте укук коргоочулар уюштурган жыйында айтылды. Алардын эсеби боюнча быйыл Кыргызстанда митингдерге жалпысынан жети айга тыюу салынды.

Айбек Мырза - оппозициячыл жаштардын “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү. Өткөн айдын башында ал Таластагы митингдин катышуучусу катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакыртылган. Жаш активист жарандардын өз пикирин ачык билдирип чыгуу укугун бийлик коркутуу жолу менен басып жатат деп эсептейт:

Айбек Мырза Таластагы митингде. 3-ноябрь, 2017-жыл.
Айбек Мырза Таластагы митингде. 3-ноябрь, 2017-жыл.

- Чоң, коркунучтуу тенденция жүрүп жатат. Ал акыркы бийликтин учурунда күч алды. Мен бирөө менен “эртең аянтка тигил же бул мыйзамдуу талап менен чыгалы” деп сүйлөшсөм, ошол сөздү тартип коргоо органдары, УКМК телефонго жаздырып алат, эфирге чыгарат. Ошентип карапайым элде “буларда бийликти басып алайын деген ниети бар экен” деген пикир жаратып, кылмыш ишин козгоп, элдин өз оюн айтуусун чектеп, коркутуу тенденциясы жүрүп жатат.

Мындай пикирин Айбек Мырза 5-декабрда Бишкекте өткөн жыйында айтып чыкты. Анын бул билдирүүсүнө комментарий берүүдөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет баш тартты.

“Кылым шамы” укук коргоо борбору уюштурган талкууга Акыйкатчы аппаратынын, сот, прокуратура органдарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер катышты.

Укук коргоочулардын пикиринде, эгерде мурда митинг же пикет өткөргүсү келгендер жергиликтүү бийликти маалымдап, андан уруксат кагаз алууга милдеттүү болсо, азыркы мыйзам боюнча мындай акцияларга сот тыюу сала алат. Бул үчүн аларга жергиликтүү бийликтин же милициянын арызы жетиштүү.

“Кылым шамы” борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, соңку эки жылда, айрыкча быйыл жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу жагынан абал начар болуп жатат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

- 2012-2014-жылдарга чейин тынч жыйын өткөрүүдө адам укуктарынын сакталышы жакшы жакка кеткен болсо, 2015-жылдан тартып, айрыкча быйыл өтө начарлап кетти. Мурда милиция тыюу салса, эми азыр соттор эки-үч айга алдын-ала чечим чыгарып коюп жатышат. Мындайча айтканда, соттун чечими мыйзамдардан да, Конституциядан да жогору болуп калып жатат. Негизги маселе катары соттун чечими менен жарандардын укугу бузулганына көңүл бөлөлү дедик. Быйыл ошондой төрт чечим чыкты. Алардын негизинде Бишкекте жалпысынан жети айга митингдерге тыюу салынды.

Укук коргоочунун айтымында, мындай чектөө алгач быйыл жазында Ленин райондук сотунда, андан кийин эки жолу Биринчи Май жана сентябрь айында Октябрь райондук сотунда кабыл алынган.

Талкууга катышкан Жогорку Соттун өкүлдөрү тыюу салынган учурлар бар экенин, бирок алар конкреттүү бир жерге жана убакытка тиешелүү болгонун, андан башка чектөөлөр жок экенин айтууда. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын башкармалыгынын башчысы Сатарбек уулу Мирбек аны мындайча түшүндүрдү:

"Эгер негиздемеңиз, жергиликтүү бийликтин уруксаты болсо азыр да чыга аласыз. Сизди эч ким чектебейт".

- Ооба, ошондой чечимдер кабыл алынган. Алар мыйзамдуу күчүнө кирген. Кээ бирлери Жогорку Сотко чейин жеткен. Бул чечимдерде чектөө кайсы бер жерлерге: Ак үйдүн, Өкмөт үйүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Жогорку Соттун алдына жана кайсы бир мөөнөткө карата гана киргизилген. Маселен, Биринчи Май райондук сотунун соңку чечиминде "1-декабрга чейин" деп жазылып турат. Таптакыр эле тыюу салынды деген туура эмес. Бүгүн мына 5-декабрь. Эгер негиздемеңиз, жергиликтүү бийликтин уруксаты болсо азыр да чыга аласыз. Сизди эч ким чектебейт.

"Жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу чектелип жатат" деген пикирге саясат талдоочу Марат Казакбаев да кошулбайт. Анын баамында, туура эмес чечим болсо ар бир адам сотко кайрыла алат:

- Эч деле кысым, басым, саясий куугунтуктоо жок. Орто Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырсак бизде демократиялык стандарттар сакталып жатат. Сотко кайрылса болот.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков укук коргоочулардын айткандарын жүйөлүү деп эсептейт:

Депутат Рыскелди Момбеков.
Депутат Рыскелди Момбеков.

- Демократиянын талабы – адамдардын укугу басмырланбашы же кайсы бир бийлик тарабынан чектелбеши керек. Мен өзүм дагы укук коргоо жаатында, журналист катары да көп иш жүргүзгөм. Мындай алабармандык туура эмес. Митингдер пикеттер, жарандык коомдо каршы пикир болуп турушу зарыл. Бул биздин мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган нерсе.

Талкуунун соңунда БУУнун тынч жыйындарга чогулуу укугуна байланыштуу маселелер боюнча атайын баяндамачысын Кыргызстанга чакырууну өтүнүп, өкмөткө кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошону менен катар тынч жыйындар маселесин Акыйкатчынын жылдык баяндамасына өзүнчө бөлүм кылып киргизүү аркылуу парламенттин назарын буруу зарыл экендиги айтылды.

Кыргызстанда түрдүү нааразылык акцияларын, митинг-пикеттерди өткөрүү “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынат. Бул мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG