Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков "өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын эң башкы айырмасы адамдын дараметин өнүктүрүүгө багытталганында болот" деп айтты. Бирок жыйында буга чейинки стратегияларда деле айтылган иш-чаралардын басымдуу бөлүгү аткарылбай калганы тууралуу сөз болду.
2040-жылга чейинки улуттук стратегия 80ге жетпеген барактан, анын ичинде "Адам, үй-бүлө, коом", "Экономикалык бакубаттык жана өнүгүү үчүн чөйрөнүн сапаттуулугу", "Мамлекеттик башкаруу" жана "Өнүгүүнү башкаруу" деген чоң төрт бөлүктөн турат. Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков стратегиянын башкы багыттарын белгиледи. Ал өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жаткан айрым жагдайларды атап өттү.
- Мына ушул жерде Кыргызстандын каймактары отурабыз. Сүйлөгөн сөз менен кылган иш бир болушу керек. Мен президент болуп, маалымат абдан көп келет. Сүйлөгөн иш менен кылган иш кээде туш келбей жатат. Өзүбүздөгү тазалыкты, өзүбүзгө коюп жаткан талапты өзүбүздөн баштап аракет кылсак биз тез эле өнүгөбүз. Мамлекет өнүгө турган бардык шарт бар. Бир гана аткаминерлер - биз оңолушубуз керек. Биз таза, айкын болуп айтканыбызды аткарсак - ошондо гана өнүгөбүз. Бизди ички бюрократия менен туура эмес чечим кабыл алып жаткан кээ бир жетекчилер өнүктүрбөй жатат. Кээ бириңер жоопкерчиликти албай жатасыңар. Ушуну токтотуш керек.
Сооронбай Жээнбеков улуттук стратегия этап-этабы менен ишке ашарын кошумчалады. Ал бул иштин алгачкы этабы 2023-жылга чейин болорун айтып, беш жыл ичинде ишке аша турган долбоорлорду, милдеттерди санап өттү.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2040-жылга чейинки стратегияда жарандардын ролуна, укуктарына көбүрөөк орун берилип жатканын, жоопкерчилике басым жасалганын белгиледи. Ал өкмөттүн иш-аракети элдин бакубаттыгын, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, аймактарды өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды жогорулатууга, жумуш орундарын түзүүгө багытталарын айтты:
- ИДӨнүн өсүш темпи камсыз болуп, 300 миң жаңы жумуш ордун түзүүнү көздөйбүз. Инфляцияны төмөн деңгээлде кармап туруу жана баалардын туруктуулугун сактоо үчүн чара көрүлөт. Социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнүп, жарандарыбыздын жашоо деңгээлинин көрсөткүчтөрүн эске алуу менен индексацияланат. Бул максаттарга жетиш үчүн бизнес чөйрөсү жакшыртылып, ишкерлерге болгон мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүшүбүз зарыл. ИДӨнүн түзүмүндө чакан жана орто ишкерликтин үлүшүн 50% чейин чыгаруунун үстүндө иш алып барабыз. Ишкерлерге көбүрөөк жардам бериш керек деп ойлойм. Кыргызстанды “Бизнес жүргүзүү рейтинги" боюнча дүйнөдөгү мыкты 50 өлкөнүн катарына киргизүү - биздин максат. Ишкерликтин электр жана жылуулук тармактарына кошулушу, жердин трансформациясы, салыктык отчёттуулукту жеңилдетүү, келишимдерди аткаруунун камсыздалышы сыяктуу индекстерди жакшыртышыбыз зарыл.
Анткен менен Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов буга чейинки кабыл алынган стратегиялар дээрлик ишке ашпай калганын эске салды. Ал негизги маселе каражатка барып такаларын билдирди:
- "Бул жакшы тилектерди кимдер ишке ашырат жана кайсы каражат менен аткарылат?" деген суроолор ойлондурбай койбойт. Мурунку стратегияны да кабыл алганда жакшы сөздөр, жакшы сунуштар айтылган. Ал стратегияны ишке ашыруу 17 пайыздан ашкан жок. Бир эле мисал айтайын: "жылына 50 миң гектар жерди өздөштүрөбүз" деген пункт бар болчу. Бул бүгүнкү күнгө чейин аткарылган жок. Ушинтип жакшы тилектерди айтып, жакшы ойлорду жазган менен ал аткарылбаса, "кыргыз санаасы менен байыйт" деген лакапка калбайбызбы? Айтканын аткарбаганды эл да сыйлабайт. Эгер биздин айтканыбыз башка, жасаганыбыз башка болсо бизди ким "жигит" деп айтат? Бул документте экономикалык жана саясий абал камтылган эмес. Айрыкча тышкы карызыбыз тууралуу сөз жок. Дүйнөдөгү саясий-экономикалык абалдын бизге таасири тийбейт деп айта албайбыз.
"Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов стратегиядагы аймактарды өнүктүрүү маселерине токтолду. Депутат өкмөттү инвесторлорго шарт түзүп берүүгө чакырды:
- Аймактарды губернатор, аким, айыл өкмөтү эч качан өнүктүрө албайт. Бул алардын жамандыгында же чабалдыгында эмес. Кеп алардын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунда. Аймактарды инвестиция менен эле акча өнүктүрөт. Ири бизнес, ири инвестиция аймактарга барса, эл кубаттап тосуп алат, жумушчу орундар түзүлөт. Өкмөт, губернатор, аким баш болуп ишкерлерге жеңилдик берип, бапестеп алса өнүгүү болот.
Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү, Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын жетекчиси Улук Кыдырбаев өкмөт мүчөлөрүнүн назарын көмүскө экониканын көлөмүнө бурду:
Биз көмүскө экономиканы ачыкка чыгарыш үчүн ага ыңгайлуу шарт түзүп беришибиз керек.
- Азыр баарыбыз эле: "Каражатты кайдан алабыз?" деп жатабыз. Бизде көмүскө экономиканын көлөмү чоң, акча бар. Биз көмүскө экономиканы ачыкка чыгарыш үчүн ага ыңгайлуу шарт түзүп беришибиз керек. Эсимде, 2008-жылы көмүскө экономиканын көлөмү 50 пайыз экенин айтып жүрчүбүз. Быйыл деле 50 пайыз деген маалымат чыгып жатат. Менимче биздин көмүскө экономиканын көлөмү 70 пайыздан да ашып кетти. Бул жерде мүмкүнчүлүктөр көп. Биз аларды ачыкка чыгарганга ыңгайлуу шарт түзүп беришибиз керек. Ошондо гана өзүбүздүн ичибизде кошумча каржы булактары табылат.
Кыргызстанда 2040-жылга чейин узак мөөнөттөгү стратегия жазуу боюнча былтыр жазында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев да демилге көтөргөн.