Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Ажыкулов: Курулушту өнүктүрбөгөн себептер көп


Темирбек Ажыкулов .
Темирбек Ажыкулов .

ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Темирбек Ажыкулов курулуш тармагындагы оош-кыйыштар туурасында “Азаттыкка” ой бөлүштү.

“Азаттык”: - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12-августта курулушчулардын кесиптик майрамы менен куттуктоосунда Кыргызстанда турак жайларды, социалдык объектилерди куруунун темпи күчөгөнүн билдирди. Курулуш тармагындагы өсүш темпи кандай болуп жатат?

Темирбек Ажыкулов: - Ачык айтканда, өсүш темпи статистика жагынан алганда жакшы көрүнүшү мүмкүн. Бирок жалпысынан 2013-2014-жылдардагы, кризиске, девальвацияга чейинки жылдагыдай болгон жок. Бүгүнкү күндө турак жай жылына 100 миң чарчы метрге курулуп жатат. Темп көп деле өзгөргөн жок, түшүп да кеткен жок. Бир калыпта эле турат десек болот.

“Азаттык”: - Курулуш тармагында 2010-2014-жылдары кескин өсүш байкалган. Азыр эмнеге андай болбой жатат?

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири. 7-ноябрь, 2017-жыл.
Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири. 7-ноябрь, 2017-жыл.

Темирбек Ажыкулов: - Курулуш тармагындагы турак жайдын өздүк баасы, курамы ошол эле курулуш материалдарынан турат. Алардын көбү импорттолуп келет. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери курулуш материалдары биримдиктен сырткы өлкөлөрдөн келген үчүн баа кымбаттай түштү. Ал эми рынок аны көтөрө алган жок. Экинчиден, бул доллардын наркына байланыштуу. Ошол убакта бир доллардын баасы 44-45 сом болчу, азыр 69 сомго чыгып баратат. Саткан турак жайдын чарчы метринин баасы доллар менен эсептелип чыгарылат. Үчүнчүсү - мигранттардан которулган каражат акыркы эки-үч жылда басаңдай түштү. Бул да Орусиядагы девальвация, рублдин куну түшүп кеткени менен байланыштуу.

“Азаттык”: - Өкмөт "туризм тармагына артыкчылык беребиз" деп жатат. Кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө курулуш тармагынын салымы кандай?

Темирбек Ажыкулов: - Курулуш тармагы 50дөн ашуун башка секторлорду да өзүнө камтыйт. Бул жалаң эле биз көрүп жаткан көп кабаттуу же жер тамдар эмес да! Мында курулуш материалдары, кызматтар бар, бир канча жумуш орундары түзүлүп жатат. Мисалы, бир эле көп кабаттуу үй салынып жатса, ал жерде мөөнөтүнө, көлөмүнө жараша 300гө чейин киши иштейт. Азыр имараттарды акчасы болгон киши сатып алып жатпайбы, ал эми туризм жана башкалар - акча алып келчү тармактар. Эгер туризмди өнүктүрүп, Кыргызстанга акча алып келе билсек, курулуш тармагынын өнүгүшүнө да түрткү болуп, жандана баштайт эле. Бул тармакты өнүктүрүүнүн дагы бир жолу – уруксат алуунун жол-жоболорун жеңилдетүү, ушул багыттагы коррупцияны, кыйынчылыктарды жоюш керек. Мисалы, көп кабаттуу бир имараттын курулушун башташ үчүн уруксат кагаздарын алганга эң аз дегенде сегиз ай же 1,5 жылга чейин убакыт кетет. Бул өтө көп убакыт жана бизнести кысканы үчүн тилекке каршы акча да аралашат. Бул жерде бир канча органдын тиешеси бар - муниципалдык кызматтан баштап архитектура, курулуш агенттиги, инженердик кызматтар - кыскасы бул бир катар мамлекеттик органдарды камтыган тармак. Экинчиден, бул тармакты жандандырыш үчүн финансылык секторду жандандырыш керек. Бүгүнкү күндө колунда болгондор гана аралашып, курулушка үлүшкер болуп жатышат. Азыр бир да банк бул секторго кирген эмес.

“Азаттык”: - Эмнеге Кыргызстанда банк же финансы сектору бул тармакка кирбейт? Тобокелдүү жагдайлары көп болгон үчүн эмеспи?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Темирбек Ажыкулов: - Бизде, тилекке каршы, банктардын эрежеси же иштөө ыкмалары аябай эле консервативдүү десек болот. "Акчам бар, кааласаңар келгиле, менин шартым мындай, алты ай башты оорутуп, анан ушуга макул болсоңор акча беришим мүмкүн" деген мамиле кылышат. Банктан түздөн-түз болбосо да бизде капиталга кирип, ишкерлерге аралышып тең бөлүшкөн инвестициялык фонддор жок.

“Азаттык”: - Өкмөт башчы ошондой эле архитектуралык дизайн өнүгүп жатканын белгиледи. Ушул жагынан караганда абал кандай? Барган сайын сапат жагынан, техника колдонуу, көрүнүшү жагынан айырмаланып жатабы?

Темирбек Ажыкулов: - Ал жагынан өсүш, өзгөрүү бар. Анткени атаандаштык жүрүп жатат. Кайсы жерден турак жай, батир алсаңыз да анын сапатына, сырткы көрүнүшүнө деле карап аласыз да. Ишкер болсоңуз эң жакшысын салгыңыз келет, фасад, дизайн жагынан өзгөчө кылгыңыз келет. Бирок бул жерде дагы бир жагдайды эске алышыбыз керек. Биздин мыйзамдар эскирип, 70-жылдары жазылган документтер болгондуктан, тилекке каршы, текшерүүчү органдардын да түшүнүгү 80-жылдарда калып кеткендей көрүнөт. Себеби жаңы долбоор менен келсең, ошону биздин мыйзамга, совет доорунда калып калган техникалык нормаларга ылайыкташ үчүн адаптация кылдырат. Бул да өзүнчө убакыт, түйшүк. Анан ишкер катары "андан көрө стандарттуу, бир типтүү эле кылып салбаймбы” деп ойлойт экенсиң. Ошондуктан да ачыгын айтканда чыгармачылык жок болуп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG